Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Исанын чынында эле жашаганын далилдеген Ыйык Китептен башка дагы кандай булактар бар?

Исанын замандаштары болгон кээ бир жазуучулар ал жөнүндө айрым билдирүүлөрдү жазып калтырышкан. Алардын бири Рим императорлорунун тушундагы тарыхчы Корнелий Тацит болгон. Б.з. 64-жылы эл арасында Римдеги чоң өрттүн чыгышына император Нерон себепкер болгон деген сөздөр тараган. Бирок, Тацит айткандай, Нерон күнөөнү Исанын жолдоочулары деп аталган топко оодарууга аракет кылган. Тацит: «Ал топ Машаяктын атынан аталган. Машаяк Тиберийдин тушундагы Рим башкаруучусу Понтий Пилаттын буйругу менен өлүм жазасына тартылган»,— деп жазган («Анналдар», XV, 44).

Ошондой эле жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавийдин да Иса жөнүндө жазган билдирүүлөрү бар. Б.з. 62-жылдары Жүйүт жериндеги Рим башкаруучусу Фест өлгөндөн кийин анын ордуна бийликке Албинус келгендеги окуяларды баяндап, Флавий башкы дин кызматчы Анастын «Машаяк деп аталган Исанын бир тууганы Жакыпты жана башкаларды соттоо үчүн Синедрионду чогултканын» жазган («Жүйүт байыркылары», XX, 200 (ix, 1)).

Иса эмне үчүн Машаяк деп аталган?

Инжилдеги билдирүүлөргө ылайык, Жебирейил периште Мариямга боюна бүтүп, уул төрөөрүн жана анын атын Иса коёрун айткан (Лука 1:31). Бул ысым байыркы жүйүттөрдүн арасында кеңири таралган ысым болчу. Тарыхчы Иосиф Флавий Ыйык Жазмада айтылгандардан тышкары, ысмы Иса болгон 12 киши жөнүндө жазган. Мариямдын уулун «назареттик Иса» дешчү. Бул анын Назареттен болгонун көрсөтүп турган (Марк 10:47). Ошондой эле ал Иса Машаяк деп да белгилүү болгон (Матай 16:16). «Машаяк» деген сөз эмнени билдирет?

«Машаяк» деген сөз грекче «Христос», эврейче «Машиах» деген сөздөрдөн келип чыккан. Экөө тең «Майланган» дегенди билдирет. Бул сөз Исага чейинки башка адамдарга карата да колдонулуп келген. Мисалы, Ыйык Жазмада Муса пайгамбардын, башкы дин кызматчы Арундун жана Дөөтү падышанын майланган экени айтылган. Бул аларга Кудай өзгөчө жоопкерчилик артып, бийлик бергенин билдирген (Лебилер 4:3; 8:12; 2 Шемуел 22:51; Эврейлер 11:24—26). Анткен менен Иса Жахаба Кудайдын эң улук өкүлү болгон. Ал, чындап эле, «тирүү Кудайдын Уулу», Машаяк болгон (Матай 16:16; Даниел 9:25).

[15-беттеги сүрөт]

ИОСИФ ФЛАВИЙДИН ПОРТРЕТИ