Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенимиңе бек тур!

Ишенимиңе бек тур!

Жаш окурмандарга

Ишенимиңе бек тур!

Көрсөтмө: бул көнүгүүнү тынч жерде аткар. Төмөндө берилген аяттарды окуп жатканда андагы каармандардын үнүн угуп, кандай сезимде болушканын ойлонуп, өзүңдү окуяга катышып жаткандай элестет.

Негизги каармандар: Жеремия, Эбет-Мелек, Ситкия падыша

Кыскача маалымат: Жеремия жүйүт элинин каздимдиктердин колуна түшөрү жөнүндөгү Кудайдын кабарын жарыялап, катуу каршылыктарга дуушар болот.

1 ОКУЯНЫ ТАЛДА. ЖЕРЕМИЯ 38:1—5-АЯТТАРДЫ ОКУ.

Жеремия Кудайдын өкүмүн айтканда өзүн кандай сезген деп ойлойсуң?

․․․․․

Жахабанын сот өкүмүн элге айтып жаткан Жеремиянын үнүнөн кандай сезимдерди байкадың?

․․․․․

ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТ.

Мындай суук кабарды эр жүрөктүк менен жарыялоо үчүн Жеремияга кандай ишеним керек болгон?

․․․․․

2 ОКУЯНЫ ТАЛДА. ЖЕРЕМИЯ 38:6—13-АЯТТАРДЫ ОКУ.

Ордун кандай болгонун: тереңдигин, чоңдугун, жытын сүрөттө. ․․․․․

«Баткакка батып» баратканда Жеремияга кандай ойлор келген деп ойлойсуң? (6-аятты кайра оку.)

․․․․․

ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТ.

Өзүңдө бар адабияттардын жардамы менен Ыйык Китепте айтылган орлор жөнүндө буга чейин билбеген нерселериң тууралуу изилде.

․․․․․

Эбет-Мелекке эмнеге бекем ишенгени Жеремияны куткаруу үчүн демилгени колго алууга түрткү берген? (7—9-аяттарды кайра окуп чык.)

․․․․․

Эмне үчүн Ситкия төрөлөрдүн да, кийин Эбет-Мелектин да сөзүнө бат көнгөн? (5, 10-аятты оку.) Мындан ал кандай киши болгон деп айтууга болот? Ал туруктуу киши болгонбу?

․․․․․

Бул окуяда ким бекем ишеним көрсөткөн, ким көрсөткөн эмес? Эмне үчүн ушинтип айта аласың?

․․․․․

3 БИЛГЕНДЕРИҢДИ ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОН. ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ЭМНЕЛЕРГЕ ҮЙРӨНГӨНҮҢДҮ ЖАЗ.

Эр жүрөктүк.

․․․․․

Бекем ишеним.

․․․․․

Жахаба анын айткандарын эр жүрөктүк менен аткаргандарды коргойт.

․․․․․

Бекем ишеним кысым көрсөтүлгөндө туура иш кылууга кандайча жардам берет?

․․․․․

4 БУЛ БИЛДИРҮҮДӨН ӨЗҮҢӨ КАНДАЙ ПАЙДА АЛДЫҢ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН?

․․․․․