Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайната-кайненең менен кантип тил табышсаң болот?

Кайната-кайненең менен кантип тил табышсаң болот?

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры

Кайната-кайненең менен кантип тил табышсаң болот?

Женни *: «Райандын апасы менин ар бир кылган ишиме кийлигишип, сындай берчү. Бирок менин ата-энем деле Райанга көп жакшы мамиле кылчу эмес. Алардын башкаларга Райанга кылгандай мамиле кылганын көргөн эмесмин. Ата-энелерибиздикине барабыз дегенде экөөбүз тең заарканып турчубуз».

Райан: «Апам өзүнүн балдарын элден өзгөчө көргөндүктөн Женнини башынан эле өгөйлөй берчү. Женнинин ата-энеси да мени дайыма басынта берчү. Ошентип, Женни өзүнүн ата-энесине болушса, мен өзүмдүкүнө болушуп, экөөбүз уруша кетчүбүз».

КАЙНАТА-КАЙНЕНЕ менен болгон мамилеге байланыштуу көйгөйлөрдү көптөр тамаша-күлкүгө айлантышат, бирок жашоодо чынында андай эмес. «Бир топ жылдар бою кайненем жашообузга кийлигишип жүрдү,— дейт Индияда жашаган Рина деген аял.— Кайненеме каяша айта албагандыктан, ачуумду көбүнчө жолдошумдан чыгарчумун. Күйөөм болсо же апасына тарта албай, же мага тарта албай, ортодо кыйналчу».

Эмне үчүн айрым кайната-кайненелер балдарынын үй-бүлөсүнө кийлигише беришет? Жогоруда кеп кылынган Женни мунун бир себебин мындай деп түшүндүрөт: «Алар баласына же кызына жаш, тажрыйбасыз кимдир бирөөнүн жакшы кам көрөрүнө шектенишет болуш керек». Ал эми Ринанын күйөөсү Дилип анын дагы бир себебин мындай деп баса белгилейт: «Балдарын чоңойтуш үчүн көп күч-аракет жумшаган, чоң курмандыктарга барган ата-эне өзүн четке чыгарылып калгандай сезиши мүмкүн. Же болбосо балдарым бактылуу жашап кете алышы үчүн акылдуу кеңештерге муктаж деген ойдо аларга чын ниеттен жардам бергиси келиши ыктымал».

Бирок жубайлар кайната-кайненесин жашоосуна өздөрү кийлигиштирип алышы мүмкүн. Мисалга Австралияда жашаган Майкл менен Линди алалы. «Лин ар бир нерсени ортого салып, баарын ачык сүйлөшкөн, бири бирине абдан ынак үй-бүлөдө чоңойгон,— дейт Майкл.— Ошондуктан Лин экөөбүз баш кошкондон кийин деле, ал өзүбүз чече турган иштер боюнча атасына кайрыла берчү. Албетте, кайнатам акылдуу кеңештерди берчү, бирок Лин мени менен кеңешкендин ордуна атасына кайрылганда, жаман болчумун».

Ооба, кайната-кайнене менен болгон мамилеге байланыштуу көйгөйлөр жубайлардын ортосунда келишпестиктерди жаратышы мүмкүн. Силерде да ушундай кыйынчылыктар болобу? Жубайың экөөңөр бири-бириңердин ата-энеңер менен кандай мамиледесиңер? Келгиле, көп үй-бүлөлөрдө кездешкен эки көйгөйгө токтолуп, аларды кантип чечсе болорун карап көрөлү.

1-КӨЙГӨЙ. Жубайың ата-энесине өтө эле жакын. «Жубайым өзүнүн ата-энесинен алыс кеткиси келчү эмес, алыс кетсек, аларды таштап кетип калган болом деп ойлочу,— дейт испаниялык Луис.— Бирок менин ата-энем биз уулдуу болгондо биздикине күндө келип турушканын аялым көп жактырчу эмес. Ошонун айынан экөөбүз көп урушчубуз».

Көйгөйдүн тамыры. Ыйык Китепте нике тууралуу: «Адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот»,— деп айтылат (Башталыш 2:24). «Бир дене» чогуу жашоодон да көптү билдирет. Аял менен эркек баш кошкондон кийин өзүнчө үй-бүлө болушат. Үй-бүлө кургандан кийин алар биринчи орунга өзүнүн ата-энесин эмес, өздөрүнүн үй-бүлөсүн коюшу зарыл (1 Корунттуктар 11:3). Албетте, алар ата-энесин мурдагыдай эле урматтап-сыйлап, аларга көңүл буруп турушу керек (Эфестиктер 6:2). Бирок жубайың сага караганда ата-энесине көбүрөөк көңүл буруп жатса, эмне кылсаң болот?

Эмне кылсаң болот? Жагдайга бир тараптуу эле караба. Жубайың ата-энесине чынында эле өтө эле жакынбы же сен өзүңдүн ата-энеңе ошондой жакын болбогондуктан сага ошондой сезилип жатабы? Сенин ушундай ойдо болушуңа кандай үй-бүлөдө чоңойгонуң таасир этип жаткан жокпу? Же жарыңды ата-энесинен кызгангандыктан ошентип ойлоп жатасыңбы? (Накыл сөздөр 14:30; 1 Корунттуктар 13:4; Галатиялыктар 5:26).

Ушул суроолорго жооп бериш үчүн өзүңдү чынчылдык менен текшерип көрүшүң керек. Бул абдан маанилүү. Эгер ата-энеңерге байланыштуу көйгөйлөрдүн айынан дайыма эле талашып-тартыша берсеңер, балким, кеп аларда эмес, өзүңөрдөдүр.

Никедеги келишпестиктер көбүнчө жубайлардын көз караштары бири-бириникине дал келбегендиктен келип чыгат. Андыктан кандайдыр бир нерселерге жарыңдын көз карашы менен кароого аракет кылып көр (Филипиликтер 2:4; 4:5). Мексикада жашаган Адриан ушундай кылган. «Жубайымдын үй-бүлөсү анча жакшы эмес болчу,— дейт ал,— ошондуктан кайын-журтум менен көп катышчу эмесмин. Акыры, алардыкына бир топ жылдай такыр эле барган жокмун. Ушундан улам аялым экөөбүздүн ортобузда таарынычтар көп болчу, анткени ал үй-бүлөсүнө, өзгөчө, апасына жакын болчу».

Убакыттын өтүшү менен Адриан бул жагынан тең салмактуу болууга үйрөнгөн. Ал мындай дейт: «Аялымдын ата-энесиникине көп барганы ага терс таасир этерин билем, бирок таптакыр барбай койсок да, көйгөйлөр пайда болот. Ошон үчүн мен кайната-кайненемдер менен мүмкүн болушунча жакшы мамиледе болууга аракет кылам» *.

КЕҢЕШ: Жубайың экөөң кайын-журтуңа байланыштуу көйгөйлөрдүн келип чыгышына эмне себеп болуп жатканын баракка жазгыла. Мисалы: «Менин оюмча...» — деп баштасаңар болот. Анан барактарыңарды алмашкыла. Андан соң баракка жазылган бири-бириңердин көз карашыңарды түшүнүүгө аракет кылып, көйгөйлөрүңөрдү кантип чечсеңер болорун жылуу-жумшак маанайда талкуулагыла.

2-КӨЙГӨЙ. Кайнене-кайнатаң жашооңорго кийлигишип, сурабасаң деле, кеңеш бере берет. «Баш кошкондон кийин 7 жыл бою кайната-кайненемдер менен жашадык,— дейт Казакстанда жашаган Неля.— Алар балдарды тарбиялаганыбызга, менин тамак жасаганыма, кир жууганыма чейин кийлигише беришчү. Бул жөнүндө жолдошум менен да, кайненем менен да сүйлөшүп көрдүм, бирок көйгөй чечилбей эле, кайра күчөдү».

Көйгөйдүн тамыры. Үй-бүлө кургандан кийин силер ата-энеңерге мурункудай баш ийүүгө милдеттүү эмессиңер. Ыйык Китепте «ар бир эркектин башчысы Машаяк, аялдын башчысы эркек», тагыраак айтканда, күйөөсү экени айтылат (1 Корунттуктар 11:3). Анткен менен, жогоруда айтылгандай, экөөңөр тең ата-энеңерди урматтап-сыйлашыңар керек. Накыл сөздөр 23:22де: «Атаңдын тилин ал, анткени ал сенин атаң, энеңди карып калганында да жек көрбө»,— делет. Бирок сенин ата-энең же жарыңдын ата-энеси чектен чыгып, дагы деле өздөрүнүн көз караштарын силерге таңуулай берсе, эмне кылсаң болот?

Эмне кылсаң болот? Кайната-кайненеңдин силердин жашооңорго эмне себептен кийлигишип жатканын түшүнүүгө аракет кыл. «Ата-энелер балдары үчүн дагы деле маанилүү экенине ынангысы келет,— дейт макаланын башында айтылган Райан.— Алар атайылап деле кийлигишпеши мүмкүн. Андайда Ыйык Китептеги: „Кимдир бирөөңөрдүн башка бирөөгө нааразы болушуна себеп бар болсо, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле“,— деген кеңешти колдонуу жардам берет» (Колосалыктар 3:13). Бирок кайната-кайненеңдин силердин жашооңорго кийлигишкенинен улам ортоңордо чыр-чатак чыгып жатса, эмне кылсаңар болот?

Айрым жубайлар ата-энелери менен канчалык деңгээлде катышып турарын чечип алышкан. Бирок бул тууралуу сөзсүз эле ата-энеңерге айтуунун зарылдыгы жок *. Көбүнчө иш-аракеттериңер менен эле жашооңордо биринчи орунда жарыңар турарын көрсөтсөңөр болот. Мисалы, Жапонияда жашаган Масаюки деген киши мындай дейт: «Ата-энеңер өздөрүнүн көз караштарын айтканда, дароо эле алар айткандай кылууга шашылбагыла. Силер өзүнчө үй-бүлө экениңерди унутпагыла. Андыктан алардын кеңешин кабыл алардан мурун жарыңар ал жөнүндө кандай ойдо экенин билгиле».

КЕҢЕШ: Жубайың экөөң ата-энеңердин кайсы жактардан кийлигишүүсү силердин уруш-талашыңарга себеп болуп жатканын талкуулагыла. Кандай чектөөлөрдү койсоңор болорун жана ал чектөөлөргө ата-энеңерди таарынтпагыдай жол менен кантип кармансаңар болорун баракка жазгыла.

Кайната-кайнене менен болгон мамилеге байланыштуу көйгөйлөрдү алардын ниетин түшүнүү менен жана ал көйгөйлөрдүн жубайың экөөңөрдүн ынтымагыңарды бузушуна жол бербөө менен азайта аласыңар. Буга байланыштуу Женни мындай дейт: «Кээде жолдошум экөөбүз ата-энебиз жөнүндө сүйлөшкөндө талашып-тартыша кетчүбүз, өзгөчө, алардын кемчиликтерин айтканда бири-бирибизге катуу тийчү. Бара-бара көйгөйлөрдү ата-энелерибиздин кемчиликтерин баса белгилебей эле чечүүгө үйрөндүк. Натыйжада жолдошум экөөбүздүн мамилебиз мурункудан да жакшырды».

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 14-абз. Эгерде жарыңдын ата-энеси олуттуу күнөө кылып, бирок өкүнбөсө, алар менен болгон мамилеңерди чектегениңер акылдуулукка жатат (1 Корунттуктар 5:11).

^ 19-абз. Кээде кайсы бир көйгөй тууралуу өзүңдүн ата-энең менен же кайната-кайненең менен ачык сүйлөшүүгө туура келиши мүмкүн. Андайда өз оюңду урмат-сый менен жылуу-жумшак түшүндүр (Накыл сөздөр 15:1; Эфестиктер 4:2; Колосалыктар 3:12).

ОЙЛОНУП КӨР:

▪ Кайната-кайненемдин кандай жакшы сапаттары бар?

▪ Канткенде жубайымдын муктаждыктарына кам көрүү менен бирге эле ата-энеме да урмат-сый көрсөтө алам?