Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга баары бирби?

Кудайга баары бирби?

Кудайга баары бирби?

«Теңир [Жахаба, «ЖД»], эмне үчүн алыс турасың, кайгы учурунда эмне үчүн Өзүңдү жашырасың?» (ЗАБУР 9:22).

ГЕЗИТ беттерине көз чаптырып, оор убактарда жашап жатканыбызга ынанбай койбойбуз. Үй-бүлөбүздө кандайдыр бир жамандык болгондо, мисалы, кылмыштуулуктун курмандыгы болуп калганда, кырсыкка учураганда же жакын адамыбызды жоготкондо: «Кудай ушунчалык кайдыгерби? Ал бизге кам көрөбү? Деги Кудай барбы?» — деген суроолор туулушу мүмкүн.

Мындай суроолорду беришибизге, балким, Кудай жөнүндө жаңылыш ойдо болгонубуз себеп болуп жаткандыр. Мисалга жумушка кеткен атасына таарынган кичинекей баланы алалы. Ал атасын аябай күтөт, анын тезирээк келишин каалайт. Ага атасы аны таштап кеткендей сезилет. Ал бир күн кечке: «Атам эмнеге келбей жатат?» — деп сурай берет.

Бул мисалдагы баланын бир тараптуу эле ойлонуп жатканы айдан ачык. Анткени атасы бүт үй-бүлөсүн багыш үчүн эртеден кечке чейин кара жанын карч уруп иштеп жатат. Анда биздин да: «Кудай эмнеге бизге жардамга келбейт?» — деп ойлогонубуз бир тараптуу болуп калбайбы?

Айрымдар Кудайды жаман иш кылгандарга дароо сот өкүмүн чыгарып, жазасын бере турган бирөө катары көрүшөт. Башкалары болсо, Кудай, Аяз атадай болуп, бардык каалоолорду, маселен, жумуш табуу, өмүрлүк жар табуу же лотерея утуп алуу сыяктуу ой-тилектерди орундатып берет деп күтүшөт.

Анан жаман иш кылгандар дароо жазаланбаганда же сураган нерселери орундалбай калганда ушундай ойдо болгондор: «Кудайга биздин кыйналганыбыз баары бир. Ал биздин эмнеге муктаж болуп жатканыбызды билбейт»,— деп нааразы боло башташат. Бирок минтип ойлоо жаңылыштык болуп калар эле. Чын-чынына келгенде, Жахаба Кудай бүт адамзат үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгы үчүн «иштеп жатат», башкача айтканда, кам көрүп жатат.

Анда Кудай азыр кандай иштерди кылып жатат? Бул суроого жооп алыш үчүн, адамзат тарыхынын башталышында болгон окуяларга — адамзат Кудайдан баш тарткан убакка — кайрылышыбыз керек.

Күнөөнүн залакасы

Көп жылдан бери каралбай, урайын деп калган үйдү элестетели. Үйдүн үстү урап, эшиктери талкаланып, кейпи кетип калган. Бир учурда ал заңгыраган, аябай кооз үй болчу. Бул үйдү баштагыдай абалга келтирүү оңой болбойт; ан үчүн бир топ убакыт, бир топ күч талап кылынат.

Эми 6 000 жылдай мурун болгон окуяларга кайрылалы. Кийин Шайтан деген атка конгон бир периште Адам ата менен Обо энени Кудайга каршы чыгууга азгырган. Шайтан аларды азгырганга чейин биринчи түгөй жеткилеңдикке, чың ден соолукка жана урпактары менен жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ болушчу (Башталыш 1:28). Бирок күнөө кетирип, алар келечектеги урпактарынын жашоосун «талкалашкан».

Ал козголоңдун натыйжасы аябай эле кесепеттүү болгон. Кудайдын Сөзүндө: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн»,— деп айтылат (Римдиктер 5:12). Күнөө бизди өлүмгө дуушар кылгандан тышкары, Жаратканыбыз менен болгон мамилебизге, ден соолугубузга, акылыбызга жана ички дүйнөбүзгө доо кетирген. Натыйжада биз урайын деп калган үйгө окшошуп калганбыз. Аюб аттуу бир адил киши: «Адамдын өмүрү кыска жана азапка толгон»,— деп айтуу менен абалыбыздын канчалык кейиштүү экенин көрсөткөн (Аюб 14:1).

Бирок Адам ата менен Обо эне күнөө кетиргенден кийин Кудай адамзатты таштап койгонбу? Түк да. Биринчи түгөй күнөө кылгандан тартып, бүгүнкү күнгө чейин Жаратканыбыз адамзат үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгы үчүн көптөгөн иш-чараларды көрүп келет. Анын биз үчүн эмнелерди кылып жатканын жакшыраак түшүнүү үчүн, үйдү калыбына келтирүүдө талап кылынган үч нерсени жана алардын Кудайдын адамзат коомун «калыбына келтирүү» максатында жасап келген иш-аракеттери менен кандай окшоштугу бар экенин карап көрөлү.

1 Үйдүн ээси талкаланган үйдү карап чыгып, аны кайра калыбына келтирүүнү, же таптакыр эле бузуп салууну чечет.

Эйден багында козголоң чыккандан кийин эле Жахаба Кудай адамзатты «кайра калыбына келтирүүгө» байланыштуу ой-ниетин билдирген. Ал козголоң чыгарган периштеге: «Аял экөөңөрдүн ортоңорго, экөөңөрдүн тукумуңардын ортосуна кастык коём. Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың»,— деген (Башталыш 3:15).

Бул сөздөрдү айтуу менен Жахаба Эйденде чыккан козголоңдун себепкерин жок кылууну убадалаган (Римдиктер 16:20; Аян 12:9). Ошондой эле адамзатты күнөөдөн куткара турган «тукумдун» келерин алдын ала айткан * (1 Жакан 3:8). Мындан маанилүү бир чындык айкын болууда: Кудай өзүнүн жаратууларын жок кылууну эмес, алар жоготкон нерселерди калыбына келтирүүнү чечкен. Бирок бардыгын калыбына келтирүү үчүн убакыт талап кылынмак.

2 Архитектор үйдү оңдоо үчүн кандай жумуш жасалышы керектигин аныктоодо үйдүн чиймесин кагазга түшүрүп алат.

Жахаба Кудай ысрайыл элине өзүнүн мыйзамдарын, ошондой эле ага сыйына турган ибадатканага байланыштуу айрым көрсөтмөлөрдү берген. Ыйык Жазмада «мунун баары — келечектегинин көлөкөсү» болгону айтылат (Колосалыктар 2:17). Үйдүн чиймеси сыңары, ал нерселер келечекте кандай чоң иш-чаралар жасала турганын көрсөткөн.

Маселен, ысрайыл элинен күнөөлөрү кечирилиши үчүн жаныбарларды курмандыкка чалуу талап кылынган (Лебилер 17:11). Ал курмандыктар көп кылымдардан кийин чалына турган курмандыктын — адамзатты чындап күнөөдөн арылта турган кундун — көлөкөсү болгон *. Ысрайылдыктар Кудайга сыйынган жыйын чатырында, кийинчерээк ибадатканада жасалган иш-аракеттердин баары убадаланган «тукум», тагыраак айтканда, Машаяк келечекте жасай турган иш-аракеттерди билдирген. Ал иш-аракеттерге Машаяктын өз өмүрүн курмандыкка бергенден тартып асманга көтөрүлгөнгө чейин кыла турган иштери кирген. (7-беттеги схеманы кара.)

3 Үйдү чийме боюнча калыбына келтире турган куруучу тандалат.

Убадаланган Машаяк Иса болгон. Ал ысрайылдыктар чалган курмандыктардын прообразы болгон жана өз өмүрүн бүт адамзат үчүн кун катары бермек. Ошондуктан Чөмүлдүрүүчү Жакан Исаны «дүйнөнү күнөөдөн арылта» турган «Кудайдын Козусу» деген (Жакан 1:29). Иса адамзатты куткарууга даярдуулук менен макул болгон. Ал: «Мен асмандан өз эркимди эмес, мени жибергендин эркин аткаруу үчүн келгем»,— деп айткан (Жакан 6:38).

Кудайдын эркине ылайык, Иса «көптөр үчүн жанын кун катары бергенден» тышкары, жолдоочулары менен Падышалык келишимин да түзмөк (Матай 20:28; Лука 22:29, 30). Кудайдын адамзатка байланыштуу ой-ниети ошол Падышалык аркылуу ишке ашырылмак. Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабар «жакшы кабар» деп аталат, себеби ал кабарда Кудайдын жердеги абалды оңдоо үчүн асманга өзүнүн Падышалыгын орноткону түшүндүрүлөт (Матай 24:14; Даниел 2:44) *.

Калыбына келтирүү иши улантылууда

Иса асманга көтөрүлөр алдында жолдоочуларына мындай деген: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлдүргүлө... Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар күнү силер менен болом» (Матай 28:19, 20).

Мындан көрүнүп тургандай, адамзаттын абалын калыбына келтирүү Иса өлгөндөн кийин токтоп калмак эмес. Ал «дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин» — Кудайдын Падышалыгы жер үстүнөн башкара баштаган убакка чейин — улантыла бермек. Ал убакка абдан аз калды. Анткени азыр Иса алдын ала айткан белгилер, «дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын» көрсөткөн пайгамбарлыктар, аткарылууда * (Матай 24:3—14; Лука 21:7—11; 2 Тиметей 3:1—5).

Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү Исанын буйругуна баш ийип, 236 өлкөдө Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды таратышууда. Колуңардагы журнал Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жана анын эмнелерди ишке ашырары жөнүндө көбүрөөк маалымат берүү максатында чыгарылган. Бул журналдын 2-бетинде мындай делет: «Бул журнал... Кудайдын Падышалыгы — асмандагы өкмөт — жакында жамандыктын баарын жок кылары, жерди бейишке айлантары жөнүндөгү жакшы кабар аркылуу адамдарды жубатат. Ошондой эле түбөлүк өмүргө ээ болушубуз үчүн өз өмүрүн берген жана учурда Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик кылып жаткан Иса Машаякка ишеним өрчүтүүгө үндөйт».

Албетте, азыркы учурда террорчулуктан, табигый кырсыктардан жана жеке өзүбүз туш болгон кайгы-касиреттерден толугу менен арылуу мүмкүн эмес. Бирок Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Кудайга адамзаттын кыйналып жатканы баары бир эмес экенине ынана аласыңар. Чынында, Кудай «ар бирибизге жакын» (Элчилер 17:27). Ал түпкү ата-энебиз жоготкон нерсенин баарын калыбына келтирем деген убадасын сөзсүз ишке ашырат! (Ышайа 55:11).

[Шилтемелер]

^ 16-абз. Башталыш 3:15теги пайгамбарлыктын маанисин тереңирээк түшүнүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жахабага жакында» китебинин 19-бөлүмүн карагыла.

^ 19-абз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 5-бөлүмүн карагыла.

^ 22-абз. Кудайдын Падышалыгы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 8-бөлүмүн карагыла.

[7-беттеги кутуча]

(Көбүрөөк маалымат алыш үчүн адабиятты карагыла)

«Чыныгы жайдын үлгүсү»

Жыйын чатыры эмненин прообразы болгон?

ЫЙЫКТЫН ЫЙЫГЫ Асман (ЭВРЕЙЛЕР 9:24).

КӨШӨГӨ Асмандагы жашоосу менен жердеги жашоосун бөлүп турган Исанын денеси (1 КОРУНТТУКТАР 15:44, 50; ЭВРЕЙЛЕР 6:19, 20; 10:19, 20).

ЫЙЫК ЖАЙ Исанын рухтан төрөлгөн уул катары ээ болгон абалы (МАТАЙ 3:16, 17; РИМДИКТЕР 8:14—17; ЭВРЕЙЛЕР 5:4—6).

КУРМАНДЫК ЖАЙ Кудайдын Исанын курмандыгын кабыл алышы (ЭВРЕЙЛЕР 13:10—12).

БАШКЫ ДИН КЫЗМАТЧЫ Иса (ЭВРЕЙЛЕР 9:11).

1 Күнөөдөн арылуу күнүндө башкы дин кызматчы элдин күнөөсү үчүн курмандык чалчу (ЛЕБИЛЕР 16:15, 29—31).

1 Б.з. 33-жылы 14-нисанда Иса адамзат үчүн өмүрүн курмандыкка берген (ЭВРЕЙЛЕР 10:5—10; 1 ЖАКАН 2:1, 2).

2 Башкы дин кызматчы ыйык жайды Ыйыктын ыйыгынан бөлүп турган көшөгөнүн ары жагына кирген.

2 Иса тирилтилгенден кийин «Кудайдын алдында туруу үчүн» асманга көтөрүлүү менен көшөгөнүн ары жагына кирген (ЭВРЕЙЛЕР 9:24—28).

3 Башкы дин кызматчы жылына бир жолу Ыйыктын ыйыгына кирип, курмандыкка чалынган жаныбардын канын келишим сандыгынын алды жагына чаччу (ЛЕБИЛЕР 16:12—14).

3 Төгүлгөн канынын баасын Кудайга тапшыруу менен Иса биздин күнөөлөрүбүздү жууган (ЭВРЕЙЛЕР 9:12, 24; 1 ПЕТИР 3:21, 22).