Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Растафариге * буралып өрүлгөн узун чачтарын кесүүгө жана ак адамдарга болгон жек көрүү сезимин жеңүүгө эмне жардам берген? Баңгизат саткан рэкетке жашоосун өзгөртүүгө эмне түрткү берген? Келгиле, алардын өздөрүнүн айткандарына көңүл буралы.

«Улутчул болбой калдым». ХАФЕНИ НГАМА

ЖАШЫ: 34

ӨЛКӨСҮ: ЗАМБИЯ

МУРУН: РАСТАФАРИ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Замбияда качкындар лагеринде төрөлгөм. Апам согуш учурунда Намибиядан качып келип, Түштүк-Батыш Африка элдеринин уюмуна кирген. Ал уюм Түштүк Африкадан көз каранды болгон Намибиянын эркиндиги үчүн күрөшкөн.

15 жашыма чейин ар кайсы качкындар лагеринде жашап жүрдүм. Түштүк-Батыш Африка элдеринин уюмундагы жаштар эркиндик үчүн күрөшүү керек деген идеология менен тарбияланышкан. Бизге саясий көз караштарды таңуулап, ак адамдарды жек көрүүгө үйрөтүшкөн.

11 жашымда качкындар лагериндеги католиктерден, лютерандардан, англикандардан жана башка христиандардан турган чиркөөнүн мүчөсү болгум келген. Ал туурасында чиркөөнүн пасторуна айтканымда, ал мага андай кылбай эле коюуну кеңеш кылды. Ошондон кийин атеисттик көз карашка карманып калдым. 15 жашымда регги стилиндеги музыкага кызыга баштадым, ошондой эле кара адамдарга жасалган адилетсиздикти жоюуну аябай каалагандыктан растафари кыймылына кошулуп кеттим. Көп өтпөй чачымды растафарилердикиндей кылып өстүрүп, марихуана чеге баштадым, эттен да баш тарттым жана кара адамдардын эркиндиги үчүн күрөшө баштадым. Бирок адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөнүмдү, зордук-зомбулук камтылган фильмдерди көргөнүмдү, сөгүнүп-сагынганымды токтоткон жокмун.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. 1995-жылы 20 жаштарымда жашоомду өзгөртүшүм керектиги жөнүндө ойлоно баштадым. Растафарилердин колума тийген адабияттарынын баарын окуп жүрдүм. Алардын айрымдарында Ыйык Китептен келтирилген цитаталар бар болчу, бирок ал аяттардын түшүндүрүлүшүн түшүнчү эмесмин. Ошон үчүн Ыйык Китепти өз алдымча окуп чыгууну чечтим.

Бир жолу растафари сектасынын мүчөсү болгон досум мага Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган Ыйык Китепти изилдөөгө арналган бир китеп берди. Мен аны өз алдымча Ыйык Китеп менен салыштырып, изилдеп чыктым. Кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп, Ыйык Китепти андан ары алар менен изилдедим.

Мага чеккенимди, ичкенимди таштоо аябай кыйынга турду (2 Корунттуктар 7:1). Сырткы келбетимди оңдоп, узун чачтарымды кестим. Порнография, зордук-зомбулук камтылган фильмдерди көрүүнү токтоттум. Сөгүнүп сүйлөгөнүмдү таштадым (Эфестиктер 5:3, 4). Бара-бара ак адамдарга болгон жек көрүү сезиминен арылып, улутчул болбой калдым (Элчилер 10:34, 35). Ошондой эле улутчулдукка үндөгөн музыкадан арылдым; мурдагы жашоомо кайра кайрылып барбашым үчүн мурунку досторум менен да байланышымды үздүм.

Жашоомдо өзгөрүүлөрдү кылгандан кийин Жахабанын Күбөсү болгум келди. Андыктан алар чогулган Падышалык залын издеп таптым. Жахабанын Күбөсү катары сууда чөмүлдүрүлүүнү чечкенимди үй-бүлөм жактырган жок. Апам христиан дининин кайсынысы болсо да тута берүүнү, бирок өңгөсү болсо да, Жахабанын Күбөсү болбой эле коюуну суранган. Чоң кызматта иштеген тууганым мени Жахабанын Күбөлөрүнө кошулганым үчүн сындап, шылдыңдай берчү.

Иса Машаяктын башкаларга кылган мамилеси жөнүндө билип, анын кеңештерин жашоодо колдонуунун аркасында каршылыктарга, шылдыңдоолорго туруштук бере алдым. Жахабанын Күбөлөрүнүн окууларын Ыйык Китеп менен салыштырып көрүп, чыныгы динди тапканыма ынандым. Мисалы, алар, Ыйык Китепте буйрук кылынгандай, башкаларга кабар айтышат (Матай 28:19, 20; Элчилер 15:14). Ошондой эле саясатка кийлигишишпейт (Забур 145:3, 4; Жакан 15:17, 18).

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Ыйык китептик принциптер боюнча жашоо мага көп жагынан пайда алып келди. Маселен, марихуанага ай сайын жүздөгөн долларларды коротпой калдым. Азыр галлюцинация болбойм, ден соолугум да бир топ жакшырды.

Бүгүнкү күндө жаш кезимен самап келген маңыздуу жашоо өткөрүп жатам. Баарынан да маанилүүсү, Кудайга жакындадым (Жакып 4:8).

«Сабырдуулукка үйрөндүм». МАРТИНО ПЕДРЕТТИ

ЖАШЫ: 43

ӨЛКӨСҮ: АВСТРАЛИЯ

МУРУН: БАҢГИЗАТ САТУУЧУ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Бала кезимде көчүп-конуп ар кайсы жерлерде жашадык. Чакан шаарчаларда, чоң шаарда, атүгүл аборигендер жашаган жерде да жашаган учурларыбыз болгон. Ошол учурларды жылуу сезимдер менен эскерем. Ошондо бөлөлөрүм, таекелерим болуп балык кармачубуз, аң улоого чыкчубуз жана аборигендердин буюм-тайымдарын жасачубуз.

Атам боксёр болчу. Ал мени кичинекей кезимден эле мушташканга үйрөткөн. Мен көп мушташчумун. Өспүрүм курагымда ичимдик ичип, барларда көп отурчумун. Досторум болуп жөн жерден мушташ чыгарчубуз. 20 же андан көп кишиге бычак, бейсболдун абалагы менен кол салчубуз.

Кеме жайларда иштеген жумушчулар уурдаган буюм-тайымдарды жана баңгизаттарды сатып акча тапчумун. Рэкет да болчумун. Баңгизат саткандарга тапанча менен элди коркутуп акча таап берчүмүн. Мен киши өлтүргүч болгум келчү. Мен «сен өлтүр, болбосо, сени өлтүрүшөт» деген принцип боюнча жашачумун.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Бой тартып калганда Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө уккан элем. 20ларга чыгып калган кезимде апамдан Жахабанын Күбөлөрүн каяктан тапсам болорун сурагам. Ошондон эки күн өтпөй эле үйүбүзгө Диксон деген Жахабанын Күбөсү келип калды. Бир аз сүйлөшкөнүбүздөн кийин ал мени Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына чакырды. Ошентип, мен алардын жыйналышына бардым. Ошондон бери жыйналыштарга барып жүргөнүмө 20 жылдан ашып калды. Алар менин ар бир суроомо Ыйык Китептин жардамы менен жооп беришкен.

Жахаба Кудайдын ар бир адамдын, атүгүл күнөөкөр адамдын да өмүрүн баалаары мага абдан таасир этти (2 Петир 3:9). Ошондой эле анын мээримдүү Ата экенин, баары менден баш тартып кетишсе да, ал эч качан таштабасын билдим. Андан тышкары, эгер жашоомду өзгөртүп, оңолсом, анын күнөөлөрүмдү кечирерин түшүндүм. Ошондо көкүрөгүмдөн оор таш алынып салгандай болду. Ыйык Китептеги Эфестиктер 4:22—24-аяттар мага аябай таасир калтырды. Ал жерде айтылгандар мага «эски табиятты чечип», «Кудайдын эркине ылайык жаратылган жана чыныгы адилдик менен берилгендиктин талаптарына жооп берген жаңы табиятты кийүүгө» түрткү берди.

Бирок жашоомду дароо эле өзгөртө алган жокмун. Бир жума бою баңгизат колдонбой карманчумун, бирок жуманын аягында досторум менен чогуу отуруп калганда, кармана албай, алсыздыгыма жеңдирип койчумун. Таза жашоо өткөрүү үчүн досторумдан алыс болушум керек экенин түшүнүп, башка шаарга көчүп кетүүнү чечтим. Досторумдун айрымдары мени узатып чек арага чейин барууну сунуш кылышты, мен макул болдум. Жолдо карай алар марихуана чегишип, мага да сунушташты. Бирок мен аларга андай адаттарды таштоону чечкенимди айттым. Ошентип, алар чек арадан калып калышты. Көп өтпөй алардын курал-жарактарды колдонуп бир банкты тоношконун уктум.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Досторумду таштагандан кийин жашоомдо өзгөрүүлөрдү жасоо оңоюраак болду. 1989-жылы сууда чөмүлтүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум. Кийин апам менен атам жана карындашым Жахабанын Күбөсү болушту.

Үй-бүлө курганыма 17 жыл болду, татынакай үч балам бар. Башкалар атайлап ачуумду келтирсе да, өзүмдү кармоого жана сабырдуулукка үйрөндүм. Башка улуттагы адамдарды сүйүүгө да үйрөндүм (Аян 7:9). Иса Машаяктын: «Эгерде менин сөздөрүм боюнча жашасаңар, анда чындап менин шакирттеримсиңер. Силер чындыкты таанып-билесиңер. Ал силерди эркин кылат»,— деген сөздөрүнүн калетсиздигине өз тажрыйбамдан улам ынандым (Жакан 8:31, 32).

[Шилтеме]

^ 2-абз. Растафарилер — Ямайкада негизделген сектанын мүчөлөрү. Алар Эфиопиянын мурунку императору Хайле Селассиени кудай тутушат жана буралып өрүлгөн узун чачтары менен өзгөчөлөнүшөт.

[30-беттеги кыстырма]

Улутчулдукка үндөгөн музыкадан арылдым

[31-беттеги кыстырма]

Досторум болуп жөн жерден мушташ чыгарчубуз. 20 же андан көп кишиге бычак, бейсболдун абалагы менен кол салчубуз