Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса эмне үчүн шашылган эмес?

Иса эмне үчүн шашылган эмес?

Балдарыңарды үйрөткүлө

Иса эмне үчүн шашылган эмес?

ИСА эң жакын досу Лазардын катуу ооруп жатканын уккан. Лазардын бир туугандары Мариям менен Марта Исага киши жиберип, Лазардын ооруп жатканын билдиришкен. Ал киши Бетаниядан эле. Марта менен Мариям Исанын алыс жерде — Иордан дарыясынын аркы өйүзүндө — жүрсө да, Лазарды айыктырып коё аларына ишенишкен болчу. Себеби алар Исанын буга чейин оорулууларды алыс жерде жүрсө да айыктырып койгонун билишкен (Матай 8:5—13; Жакан 11:1—3).

Бетаниялык киши Исага келип Лазардын ооруп жатканын айтканда, Иса эч нерсе кылган эмес. Ыйык Китепте: «Ал [Иса] жүргөн жеринде дагы эки күн болду»,— делет (Жакан 11:6). Ал эмне үчүн Лазарга жардам берүүгө шашылган эмес?~ * Кел, бул жөнүндө карап көрөлү.

Иса Лазардын өлүп калганын билген. Ошондуктан элчилерине: «Жүргүлө, кайрадан Жүйүт жерине баралы»,— деп айтат. Алар: «Устат, жүйүттөр сени жакында эле ташбараңга алып коё жаздабады беле, анан кайра ал жакка барганы жатасыңбы?» — дешет. Иса аларга: «Досубуз Лазар уктап калды, мен аны ойготкону баратам»,— дейт.

Элчилер: «Мырзабыз, эгер уктап жатса, анда жакшы болуп калат»,— дешти. Ошондо Иса аларга: «Лазар өлүп калды»,— деп ачык эле айтты. Анан: «Ал жерде болбогонума кубанып жатам... Эми жүргүлө, ага баралы»,— дейт. Бул сөздөр элчилерди абдан таң калтырса керек.

Ошондо Томас жанындагы шакирттерге эр жүрөктүк менен: «Жүргүлө, биз да барып, аны [Иса] менен кошо өлөлү»,— деп айтат. Томас душмандардын Исаны өлтүрүүгө дагы аракет кыларын жана элчилер да өлүп калышы мүмкүн экенин билген. Бирок ошого карабай элчилердин баары Иса менен жолго чыгышат. Алар эки күндөн кийин Бетанияга, Лазар жашаган шаарга, келишет. Бетания менен Иерусалимдин ортосундагы аралык үч чакырымдай эле (Жакан 11:7—18).

Кандай деп ойлойсуң, Иса эртерээк келбегенине эмне үчүн кубанган?~ Ооба, ал буга чейин да өлгөндөрдү тирилткен, бирок аларды өлгөнүнөн бир нече эле саат өткөндөн кийин тирилткен болчу (Лука 7:11—17, 22; 8:49—56). Ал эми Лазардын мүрзөгө коюлганына бир нече күн болуп калган. Анын чынында эле өлгөнүн эч ким четке кага алмак эмес.

Лазардын бир тууганы Марта Исанын Бетанияга келип калганын укканда, тосуп чыгуу үчүн чуркап барат. Ал Исага жолукканда: «Мырзам, бул жерде болсоң, биртууганым өлбөйт болчу»,— дейт. Иса ага: «Биртууганың тирилет»,— деп айтат. Марта үйүнө кайра барып, эч кимге угузбай сиңдиси Мариямга: «Устат келди, ал сени чакырып жатат»,— деп айтат.

Мариям дароо ордунан туруп, Исаны көздөй жөнөйт. Жанындагы кишилер аны мүрзөгө кетти деп ойлоп, артынан жөнөшөт. Иса Мариямдын жана аны менен кошо келген жүйүттөрдүн ыйлап жатканын көргөндө «көзүнө жаш алат». Анан алар оозу чоң таш менен жабылган мүрзөгө келишет. Иса ал жерде тургандарга: «Ташты алып салгыла»,— деп буйруйт. Бирок Марта: «Мырзам, эмдигиче жыттанып кетсе керек, төрт күн болуп калбадыбы»,— деп айтат.

Эл Исанын сөзүн угуп мүрзөнүн оозундагы ташты жылдырат. Иса досун тирилтүүгө Жахаба Кудай күч берерин билген. Ошондуктан ал Кудайга ыраазычылык билдирип тиленет. Анан: «Лазар, чык!» — деп катуу үн менен айтканда, мүрзөдөн «буту-колу кепинделип, бети-башы оролгон» Лазар чыгып келет. Иса жанындагыларга: «Кепинин чечип салгыла, бассын»,— деп айтат (Жакан 11:19—44).

Исанын эмне үчүн шашылбаганын түшүнүп жатасыңбы?~ Ал бир аз убакыт күтүү менен Атасы Жахаба жөнүндө эң сонун күбөлөндүрө аларын билген. Ошондой эле көптөр анын Кудайдан келгенине ишениши үчүн эң ылайыктуу учурду тандаган (Жакан 11:45). Иса Машаяктан эмнеге үйрөнсөк болот?~

Сен дагы ылайыктуу учурду тандап, Жахаба Кудайдын буга чейин кылып келген жана келечекте кыла турган кереметтери тууралуу айтсаң болот. Балким, булар тууралуу чогуу окугандарыңа, мугалимдериңе айтаттырсың. Айрым балдар мүмкүнчүлүк болгондо, атүгүл сабак учурунда да Кудайдын Падышалыгы адамзатка кандай баталарды төгөрү тууралуу айтып бере алышкан. Албетте, сен адамдарды тирилте албайсың, бирок башкаларга өлгөн жакындарыбызды тирилтип бере ала турган Кудай жөнүндө билүүгө жардам бере аласың.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Макаланы балдарыңар менен окуй турган болсоңор, толкун сызык (~) турган жерден тыным жасап, алардын оюн уккула.

СУРООЛОР:

▪ Эмне үчүн Иса Лазарга жардам берүүгө шашылган эмес?

▪ Томас: «Жүргүлө, биз да барып, аны [Иса] менен кошо өлөлү»,— деп эмне үчүн айткан?

▪ Исага Лазарды тирилтүүгө ким күч берген?

▪ Исадан үлгү алганыңды кантип көрсөтө аласың?