«Уулуңду ал»
Кудайга жакында
«Уулуңду ал»
БАЛАНЫН каза болгону ата-эне үчүн орду толгус жоготуу. Жахаба Кудайдын ушундай оор жоготуунун ордун толтурууга кудурети жетет. Биз буга кымындай да шектенбейбиз, анткени ал байыркы убактарда айрым кишилерге өлгөндөрдү тирилтүүгө күч берген. Мисалы, 2 Падышалар 4:8—37-аяттарда Элиша пайгамбардын бир баланы тирилткени баяндалат.
Окуя Шунем шаарында болгон. Элиша пайгамбарга ал жерде жашаган төрөбөгөн бир аял жана анын күйөөсү дайыма меймандостук көрсөтүп, ага тамактанып, эс алып алууга шарт түзүп беришчү. Бир күнү жүрөгү ыраазычылыкка толгон пайгамбар шунемдик аялга: «Бир жылдан кийин, так ушул убакта уулдуу болосуң»,— деп айтат. Ал аял эч качан балалуу болбойм деп ойлогон, бирок, Элиша айткандай эле, ал уул төрөйт. Өкүнүчтүүсү, анын кубанычы көпкө созулган эмес. Арадан бир нече жыл өтөт. Бала талаада жүргөндө башы катуу ооруп, аны үйүнө алып келишет. Ал «энесинин тизесинде түшкө чейин отуруп, өлүп калат» (16, 19, 20-аяттар). Кайгы-муңга баткан энеси баласын көтөрүп, пайгамбар жаткан керебетке акырын жаткырып коёт.
Андан соң күйөөсүнүн уруксаты менен дароо жолго чыгып, Элиша пайгамбарга жолугуу үчүн 30 километрдей алыстыкта жайгашкан Кармил тоосун көздөй бет алат. Ал пайгамбарга жолукканга чейин көзүнө жаш албай, ичиндеги күйүтүн сыртка чыгарган эмес. Ал, балким, Элишага чейин болгон Илияс пайгамбардын бир жесир аялдын баласын тирилткенин уккандыктан ыйлаган эмес (1 Падышалар 17:17—23). Же Элиша пайгамбардын уулун тирилте аларына ишенгендир. Эмнеси болсо да, ал Элиша пайгамбарсыз үйүнө кайтып келбөөгө чечкиндүү болгон.
Элиша пайгамбар Шунемге аялдын үйүнө келип, өзү жатып эс алып жүргөн бөлмөгө жалгыз кирет да, төшөктө жаткан баланын муздак денесин көрөт (32-аят). Ал Жахаба Кудайга жалынып-жалбарып тиленет. Анан баланын алаканына алаканын тийгизип, анын денесинин акырындан жылый баштаганын сезет. Баланын токтоп калган жүрөгү кайрадан сого баштайт. Ошондо пайгамбар тирилген баланы энесине тапшырат. Кайгыга чөгүп турган эненин: «Уулуңду ал»,— деген сөздөрдү укканда канчалык кубанычка батканын элестетсеңер (34, 36-аяттар).
Шунемдик аялдын баласынын тирилтилгени жөнүндөгү билдирүү үмүт берип, сооротот. Перзентинен айрылган ата-энелердин сезимин Жахаба Кудай аябай жакшы түшүнөт. Ал эле эмес, каза болгон балдарды тирилтүүнү абдан каалайт (Аюб 14:14, 15, «ЖД»). Элиша пайгамбардын баланы тирилткени жана тирилтилген адамдар тууралуу Ыйык Китептеги башка билдирүүлөр жакында Жахаба Кудайдын өлүм уйкусунда жаткандардын бардыгын тирилтерин көрсөтүп турат *.
Ыйык Китепте тирилүү болору убадаланса да, жакынынан айрылгандар күйүт тартпай койбойт. Жалгыз уулунан айрылган, Кудайга ишенимдүүлүк менен кызмат кылган бир киши: «Мен баламды кайрадан көрүп, кучагыма кысмайынча күйүтүм басылбайт»,— деген. Каза болгон сүйүктүү жакындарың менен жолугушуп жатканыңды элестетсең. Муну билүү күйүттү көтөрүп кетүүгө жардам берет. Ушундай сонун үмүт берген Кудай жөнүндө көбүрөөк билгиң келеби?
[Шилтемелер]
^ 8-абз. Тирилүү жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 7-бөлүмүн карагыла.