Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

БАҢГИЗАТ колдонгон орусиялык жалгыз бой эне кантип баңгизаттан арылып, балдары менен болгон мамилесин жакшырта алган? Көчөдө жашаган жапониялык бир кишиге жакырчылыкка жеткирген жаман адаттарынан арылууга эмне жардам берген? Австралияда жашаган малчыга ичкиликти таштоого эмне түрткү берген? Алардын айткандарына көңүл бурсаңар.

«Өзүмдү өзүм багышым керектигин түшүндүм».

НЕЛЛИ БАЙМАТОВА

ЖАШЫ: 45

ӨЛКӨСҮ: ОРУСИЯ

МУРУН: БАҢГИЗАТ КОЛДОНЧУ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Түндүк Осетиянын (азыр Алания) борбору Владикавказда чоңоюп-өскөм. Ата-энем колунда бар кишилер болчу. Бирок балачагым бактылуу өттү деп айта албайм. 34 жашка чыккыча эки жолу турмушка чыгып ажыраштым. Он жылдай баңгизат колдонуп жүрдүм, ошонун айынан эки жолу ооруканага жатып дарылангам. Эки балам болсо да аларга энелик мээримимди төгүп, кам көрчү эмесмин; досторум, үй-бүлөм менен да мамилем жакшы эмес болчу.

Апам кийинчерээк Жахабанын Күбөсү болду. Анын ыйлап, Жахаба Кудайдан мага жардам беришин сурап тиленгенин көп укчумун. «Апам кызык киши. Жахаба мага кантип жардам бермек эле»,— деп ойлочумун. Баңгизатты таштаганга өз алдымча аракет кылып көрдүм. Бирок күчүм жеткен жок. Бир жолу баңгизат колдонбой эки күн чыдап көрдүм. Акыры, үйгө чыдап отура албай экинчи кабаттын терезесинен секирип кеттим. Ошондо колумду, бутумду сындырып, белимди кокустатып алып, бир айдан ашык төшөккө жатып калдым.

Төшөктө жаткан маалда мени апам бакты. Ал өзүмдү өзүм кармай албай калгандыктан ушундай ишке барганымды түшүнүп, мени бир да жолу жемелеген жок. Апам жаныма «Ойгонгула!» журналынын * бир нечесин таштап койчу. Мен журналдардын бирин да калтырбай окуп, көптөгөн кызыктуу, пайдалуу нерселерди билдим. Ошондон кийин Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдөөнү чечтим.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Ыйык Китептен жоопкерчиликтүү болуу маанилүү экенин билдим. Мен апамдын колун карап отура бербей, балдарымды жана өзүмдү өзүм багышым керектигин түшүндүм. Ушунча жыл бою өзүм каалагандай жашап жүргөндүктөн, жумуш таап иштеш мен үчүн оңой болгон жок.

Мага, өзгөчө, ата-энелердин балдарына Кудай жөнүндө билим бериши керектиги тууралуу Мыйзам 6:5—7-аяттардагы кеңештер жардам берди. Эки балама кандай тарбия берип жатканым үчүн Кудайдын алдында жооп береримди түшүндүм. Бул мага балдарыма көбүрөөк убакыт бөлүүгө жана сүйүү көрсөтүп, кам көрүүгө түрткү берди.

Мен Жахабага өзү жөнүндө чындыкты билишиме мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн абдан ыраазы болгондуктан, өмүрүмдү ага арнап, анын Күбөсү катары чөмүлтүлдүм.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Кыялымды оңдоп, өзүмдү өзүм кармоого үйрөнгөндөн кийин апам менен болгон мамилем оңолду. Балдарым менен да жакшы мамиледе болуп калдым.

Кудайга жакпаган нерселерди жек көрүүгө үйрөнгөндөн тартып мурунку жашоо мүнөзүмдөн келип чыккан кыйынчылыктар өзүнөн өзү жок болуп кетти. Азыр башкаларга мээримдүү Жахаба Кудай жөнүндө билүүгө жардам берүүдөн кубаныч алып жатам.

«Өмүрүмдү сактап калды».

МИНОРУ ТАКЕДА

ЖАШЫ: 54

ӨЛКӨСҮ: ЖАПОНИЯ

МУРУН: КӨЧӨДӨ ЖАШАЧУ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Ямагучи шаарында атам менен чоң апамдын колунда чоңойгом. Апамды такыр көргөн эмесмин. 19 жашка чыкканымда чоң апам каза болуп, атам экөөбүз эле калдык. Мен ашпозчу болчумун, атам да ушу сыяктуу жумушта иштечү. Экөөбүз ар кандай убакта иштегендиктен бири-бирибизди көп көрчү эмеспиз. Кара жанымды карч уруп иштегенден кийин досторум менен ичкилик ичүүнү адат кылып алгам.

Убакыттын өтүшү менен жумушумдан тажай баштадым. Бир жолу жумуш берүүчүм менен катуу уруша кетип, мурункудан да көп иче баштадым. 30га чыгайын деп калганда үйдөн кетип, саякаттоону чечтим. Ошентип жүрүп акчамдын түбүнө жетип, жанымды багыш үчүн пачинко (кумар оюну) ойной баштадым. Ошол учурда бир кыз менен таанышып, ал кызга үйлөндүм. Бирок эки жарым жылдан кийин эле ажырашып кеттик.

Абдан капа болуп, көңүлүм чөгүп жүрдү, карызга да белчемен батып кеттим. Аларды төлөй албай, карыз алгандардан качып, бир нече убакыт Ямагучиде атам менен жашадым. Ага көп калп айткандыктан, экөөбүздүн мамилебиз да бузулду. Ошондой эле үйдөн акча да алып кетчүмүн. Бир нече убакыт бою кумар оюнунан утуп алган акчага жашап жүрдүм. Акыры, эч нерсем калбай калып, поезд станциясында жашап калдым. Хаката, Химежи шаарларында жашап, акыр аягы, Киотого келдим. Эки-үч жылдай көчөдө жашадым.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. 1999-жылы Киотодогу Камогава дарыясынын жанындагы сейил бакта отургам. Жаныма эки аял келип, алардын бири менден: «Ыйык Китепти изилдегиңиз келеби?» — деп сурады. Мен макул болдум. Жахабанын Күбөлөрүнүн ошол жердеги жыйналышында кызмат кылгандар мага Ыйык Китепти изилдөөгө, андагы принциптерди жашоодо колдонуу маанилүү экенин түшүнүүгө жардам беришти. Алар мага жумушка орношууну, жашаш үчүн үй табууну кеңеш кылышты. Алардын айтканындай кылып, жумушка орношуу үчүн бир-эки жерге бардым, чынын айтсам, орношууга аябай деле аракет кылган жокмун. Бирок кийинчерээк Кудайга жардам сурап кайрылып, жумушка орношууга олуттуу карай баштадым. Акыры, жумуш таптым.

Кудайга тиленүү мага дагы бир оор сыноону жеңүүгө жардам берди. Мага карыз берген кишилер мени издеп таап, карызын доолашты. Ошол учурда абдан кыйналдым. Бир күнү Ыйык Китепти окуп отуруп Ышайа 41:10-аятта жазылган Кудайдын ишенимдүү кызматчыларына айткан: «Мен... сага жардам берем»,— деген убадасын окуп калдым. Бул сөздөр мага күч берип, кадимкидей кайраттандырды. Мен аябай аракет кылып, карыздарымдан кутулдум. 2000-жылы Жахабанын Күбөсү катары чөмүлтүлдүм.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Ыйык Китептен алган билимим атам менен мамилемди оңдоого түрткү берди. Атам мурунку кылгандарымды кечирип, экөөбүз жараштык. Ал менин Ыйык Китептен билгендериме ылайык жашап жатканыма аябай сүйүндү. Ыйык Китептеги принциптерди колдонуу өмүрүмдү сактап калды деп айта алам.

Булардан тышкары, өзүмдү багыш үчүн иштей баштадым (Эфестиктер 4:28; 2 Тесалоникалыктар 3:12). Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышынан чыныгы досторду таптым (Марк 10:29, 30). Мен Жахабага Ыйык Китеп аркылуу берген билимине миң мертебе ыраазымын.

«Өзгөрүлүү оңой болгон жок».

ДЭЙВИД ХАДСОН

ЖАШЫ: 72

ӨЛКӨСҮ: АВСТРАЛИЯ

МУРУН: КӨП ИЧЧҮ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен үйдүн он биринчи баласы болчумун. Атам Вилли, апам Люси болуп, Квинсленддин түндүгүндөгү аборигендер отурукташкан Орюкен деген жерде жашачубуз. Орюкен деңизге жакын жердеги көздүн жоосун алган Арче дарыясынын жээгинде жайгашкан. Ата-энем бизге аңчылык кылууну, балык кармоону үйрөткөн. Биз ушинтип жан бакчубуз. Ошол маалда өкмөт аборигендердин жашоосуна, атүгүл акча-каражатына чейин көзөмөл жүргүзүп турчу жана биз чектелүү аймактарда гана жашачубуз.

Ата-энем бизге колдон келишинче жакшы тарбия берүүгө аракет кылып, уруудагы улууларды сыйлоого жана башкалар менен колдо болгон нерселер менен бөлүшүүгө үйрөткөн. Натыйжада улууларга ата-энебизге, байке-эжелерибизге мамиле кылгандай мамиле кылууга үйрөндүк.

Жети жашымда атам каза болуп калды. Ошондон кийин Орюкенден түндүккө карай 150 километрдей алыстыкта жайгашкан Мэпун деген жерге көчүп кеттик. 12 жашымда жылкы, уй кайтара баштап, 40тан өткөнгө чейин малчы болуп иштедим. Жашоом оор болгондуктан, аябай көп иччүмүн. Ушунун айынан көп кыйынчылыктарга туш болдум.

Бир жолу бутума тура албай калгыча көп ичип алып, мейманканадан чыгып машине өткөн жолго чыгып кетиптирмин. Катуу жаракат алгандыктан ооруканада эки жыл жатып, андан ары мал кароого жараксыз болуп калдым.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Ооруканада жатканда бир жакын таанышым «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарын алып келип берди. Бирок мектепте жакшы окубагандыктан журналдарды окуу кыйын болду. Бир күнү үйдө отурсам, 83 жаштагы бир киши келди. Эшик аябай ысык болгондуктан, ага муздак суу сунуш кылып, үйгө киргиздим. Ал мага Ыйык Китепке негизделген бир нече адабият берип, эмкиде келгенде адабияттарда жазылгандарды түшүндүрүп бере аларын айтты. Ошентип, мен аны менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Кудайга жаккым келсе, мүнөзүмдү, жашоомду өзгөртүшүм керек экенин түшүндүм.

Жашоомду өзгөртүү мен үчүн кыйын болду. Апамдын улууларды сыйлаганды үйрөткөнү каныма сиңип калгандыктан, Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген улгайган кишини сыйлап, айткандарын укчумун. Бирок өмүрүмдү Кудайга арноого чечкиндүү иш-аракет кылган жокмун. Анткени Ыйык Китепте жазылгандардын баарын жакшы билгенден кийин гана Жахабанын Күбөсү болом деп ойлочумун.

Ой жүгүртүүмдү өзгөртүүгө чогуу иштеген кесиптешим жардам берди. Ал Жахабанын Күбөсү болчу. Ал мага Колосалыктар 1:9, 10-аяттарда жазылган бекемдээрлик сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп берди. Ал жерде «Кудайды так таанып-биле берүү» маанилүү экени айтылган. Кесиптешим мага дайыма билим ала береримди жана чектелүү билимим өмүрүмдү Кудайга арнабай жүрө берүүгө себеп болбошу керектигин түшүнүүгө жардам берди.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына барып, алар менен пикирлешүү мага абдан таасир этти. Ал жерден ар кандай тектеги адамдардын Кудайга биримдикте кызмат кылышарын көрүп, чыныгы динди тапканымды түшүндүм. 1985-жылы өмүрүмдү Кудайга арнап чөмүлтүлдүм.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Бара-бара жакшы окуганды үйрөндүм. Азыр жума сайын көп убактымды башкаларга окуганды үйрөтүүгө жана Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берүүгө жумшап жатам. Ошондой эле мага биринчи жолу «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарын алып келип берген таанышым да Ыйык Китепти изилдеп, чөмүлтүлдү. Кийин экөөбүз баш коштук. Экөөбүз аборигендер отурукташкан жерде жашагандарга Жахаба Кудай жөнүндө айтуудан кубаныч алып жатабыз.

[Шилтемелер]

^ 10-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылат.

[21-беттеги сүрөт]

Жубайым экөөбүз аборигендер отурукташкан жерде жашагандарга Жахаба Кудай жөнүндө айтуудан кубаныч алып жатабыз