«Бүгүн силердин күнүңөр»
Гилат мектебинин 129-классы
«Бүгүн силердин күнүңөр»
ЭКИ миң онунчу жылдын 11-сентябрында 8 000дей киши өзгөчө бир аземге — Күзөт мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебинин 129-классынын бүтүрүү аземине — чогулушту. «Бүгүн силердин күн,— деди бүтүрүүчүлөргө Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү Сэмюэл Херд.— Биз баарыбыз бул жерге силердин кубанычыңарды бөлүшөлү деп чогулдук!»
«Уккан кулак»
Херд бир тууган программанын башталышында Исанын бардык жолдоочулары «уккан кулактарын» Кудай Сөзүнө бурушу керектигин талкуулады (Накыл сөздөр 20:12). «Силер акыркы бир нече айдан бери кулагыңарды Жахабанын сөздөрүнө төшөп келдиңер,— деди ал бүтүрүүчүлөргө,— мындан ары да түбөлүккө кулак төшөй берериңер бышык».
Миссионер болуп жаңы дайындалган бир туугандар канткенде Жахабанын сөздөрүнө кулак төшөй алышат? «Кудай Сөзүнө кайрылуу менен»,— деп жооп берди Херд бир тууган. Анан: «Бүгүнкү программада силерди алдыдагы миссионердик кызматка даярдай турган көп нерселер айтылат»,— деп кошумчалады.
«Жахабага бүт жүрөгүң менен таян»
Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Геррит Лёш ушундай темада баяндама сүйлөп чыкты. Ал Жахабага таянган Кудайдын байыркы убактагы жана азыркы учурдагы кызматчыларынын көптөгөн мисалдарына токтолду.
Лёш бир тууган миссионерлердин, ошол кызматчылардай болуп, «дайындоосунда Жахабага таянышы керектигин» баса белгиледи. Ал миссионерлерге: «Мисалы, силер: „Жаңы тил үйрөнө аламбы? Жаңы маданиятка көнүп кете аламбы? Үйүмдү, жеримди сагынып куса болбоймунбу?“ — деп тынчсызданышыңар мүмкүн»,— деди. Лёш бир тууган, эгер алар «Жахабага таянышса», ушул сыяктуу кыйынчылыктарды жеңе алышарын айтты.
Ошондой эле Накыл сөздөр 14:26дагы: «Теңирден коркуу — бекем таяныч»,— деген сөздөрдү окуп берди. Эгер Жахабанын бизге берген көптөгөн баталары жөнүндө ой жүгүртсөк, ага болгон ишенимибиз артат.
Ыйык Китепте Жахабага таянган киши жөнүндө: «Ал адам суу боюна тигилген, тамырын суу түбүнө жайган дарактай болот. Ал аптапты сезбейт. Анын жалбырактары жашыл бойдон турат»,— деп айтылат (Жеремия 17:7, 8).
Мында кандай сабак камтылган? «Алдыда кандай кыйынчылыктар болбосун, силер Жахабага таянышыңар керек»,— деп сөзүн жыйынтыктады Лёш бир тууган.
«Ишенимдүү периштелерден үлгү алгыла»
Ушундай темада Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Стивен Летт баяндама сүйлөдү. Периштелер бизге мыкты үлгү көрсөтүшөт. «Ыйык Китепте периштелер жөнүндө жазылгандардын баары бизге үлгү катары жазылган»,— деди Летт бир тууган. Андан соң ишенимдүү периштелерден кайсы жактардан үлгү алсак болоруна байланыштуу төрт нерсени — периштелердин туруктуулугун, момундугун, жардам берүүгө даярдуулугун жана актыгынан жазбаганын — ачып берди.
Ыйык Китепте Персия падышалыгынын төрөсүнө — күчтүү жин-периге — 21 күн бою туруштук берген бир периште жөнүндө айтылат (Даниел 10:13). Ал периште туруктуулук көрсөткөн. Летт бир тууган Исанын жолдоочулары «асман чөйрөсүндөгү каардуу рухий күчтөр... менен күрөшүшү» керектигин баса белгиледи (Эфестиктер 6:12). «Тапшырмаңарды токтотпой улантып кете алышыңар үчүн бүт күчүңөр менен күрөш жүргүзгүлө»,— деди ал бүтүрүүчүлөргө.
Шимшондун атасы Манойах аны менен сүйлөшкөн периштеден атын сураганда, периште атын айткан эмес. Ал периште момундук көрсөткөн (Башкаруучулар 13:17, 18). Летт бир тууган бүтүрүүчүлөргө мындай деди: «Эгер кимдир бирөө шык-жөндөмдүүлүгүңөргө суктанып, силерди мактаса, көңүлдү өзүңөргө бурдурбагыла, баарын Жахабанын жана анын уюмунун жардамынын аркасында кылып жатканыңарды айткыла» (1 Корунттуктар 4:7).
Иса өлөрүнө аз калган түнү Гетсемани багына барганда, «асмандан периште келип, аны бекемдеген» (Лука 22:43). Ал периште Исага жардам берген. «Миссионердик кызматыңарды аткарууда тиленүү менен ой жүгүртүп, адамдардын чынында эмнеге муктаж экенин билүүгө умтулгула,— деди Летт бир тууган,— анан Жахабанын жардамы менен алардын ошол муктаждыктарын канааттандырууга аракет кылгыла».
Шайтандын козголоңуна аз эле периште кошулгандыктан, периштелердин көбү актыкты сактоо жагынан мыкты үлгү көрсөтүшүүдө деп айта алабыз (Аян 12:4).
«Ошол ишенимдүү периштелердей болуп, Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— деди Летт бир тууган (Жакып 4:7).
Программада баса белгиленген дагы башка үч нерсе
«Жахаба силердин жүрөгүңөрдүн аскасы болсун». Забур 72:26га («ЖД» [73:26]) негизделген кызыктуу бул темада Кошмо Штаттардагы Филиалдын комитетинин мүчөсү Гэри Бро баяндама сүйлөп, бүтүрүүчүлөргө Жахабага таянуунун маанилүүлүгүн түшүнүүгө жардам берди. Жахабаны эмне үчүн аскага салыштырууга болот? «Асканын далдаасында жаткан кагазды аркыраган шамал да учуруп кете албайт.— деди Бро бир тууган.— Анын сыңарындай, Жахабаны жүрөгүбүздүн асакасы кылсак, жүрөгүбүз козголбой, бекем болот». Албетте, туруктуулугубуз сыналган учурларда жүрөгүбүз бизди адаштырышы мүмкүн (Жеремия 17:9). Мисалы, миссионерлер дайындалган өлкөнүн климатына, тамак-ашына көнө албай, миссионердик үйдө чогуу турган бир туугандарга ылайыкташа албай же дагы башка ушу сыяктуу нерселерден улам кызматын токтотууну ойлонушу ыктымал. «Кээде кандайдыр бир нерселерге байланыштуу чечим чыгарууга туура келет.— деди Бро бир тууган.— Ошондой учурларда Жахабага жаккандай иш-аракет кыласыңарбы? Эгер ошентсеңер, Жахаба жүрөгүңөрдүн аскасы болот жана кадамыңарга багыт берет».
«Таманыңарды сууга тийгизгенчелик күчтүү ишенимге ээсиңерби?» Жашыя китебинин 3-бөлүмүнө негизделген бул теманы Гилат мектебинин нускоочусу Сэм Роберсон ачып берди. Миллиондогон ысрайылдыктар Иордан дарыясына суу кирип, жээгинен ашып-ташып турган кезде аркы өйүзгө кантип өтө алышмак? Жахаба Жашыяга дин кызматчыларга: «Иорданда токтоп тургула»,— деп буйрук кылууну айткан. Кудай аларга: «Ыйык кызмат кылуучулардын таманы Иордан суусуна тиери менен, Иордан суусу тартылат да... суу дубалдай тирелип туруп калат»,— деген (Жашыя 3:8, 13). Роберсон бир тууган бүтүрүүчүлөргө мындай деди: «Жашооңордо Иордандай болгон кыйынчылыктарга дуушар болосуңар, бирок өзүңөр эле жол берип койбосоңор, алар силерди Жахабанын батасынан айрылта албайт». Алсак, миссионерлерге алар менен ийиндеш кызмат кылган башка миссионерлер менен тил табышуу кыйынга турушу мүмкүн. Андайда аларга эмне жардам берет? «Кызматчыларга эмес, кызматтын өзүнө көңүл бургула,— деп кеңеш берди Роберсон бир тууган.— Таманыңарды сууга тийгизгенчелик күчтүү ишенимге ээ болсоңор, Жахаба силерге миссионердик кызматтагы Иордандай болгон кыйынчылыктары кесип өтүүгө жардам берет».
«Ойлоруңду ишке ашыр». Ушул темада Гилат мектебинин нускоочусу Уильям Сэмюэлсон чыгып сүйлөдү. Анын баяндамасы Накыл сөздөр 16:3төгү: «Иштериңди Теңирге тапшыр, ошондо ойлогон ойлоруң ишке ашат»,— деген сөздөргө негизделди. Сэмюэлсон бир тууган бүтүрүүчүлөрдөн: «Бул сөздөр иштерибизди Жахабага тапшырып коюп, өзүбүз эч нерсе кылбашыбыз керектигин билдиреби?» — деп сурады. Анан Накыл сөздөр 16:1деги: «Адам жүрөгүндө бир нерсени ниет кылат»,— деген сөздөрдү окуп берип, андай эмес экенин түшүндүрдү. Ал мындай деди: «Жахаба кереметтүү түрдө биздин ордубузга кандайдыр бир нерсени ниет кылып койбойт. Ар бир адам туура багытта баратканына өзү ынангыдай болушу керек. Изилдөө жүргүзүү, тиленүү жана жергиликтүү филиал менен тыгыз кызматташуу менен туура багыт көрсөткөн жүрөккө ээ боло аласыңар, ошондо Жахаба өзү силердин ойлоруңарды ишке ашырат».
Кызматта болгон окуялар жана дил маектер
Гилат мектебинен үйрөнгөн нерселерин кызматта колдонуу үчүн бүтүрүүчүлөр жергиликтүү жыйналыштардагы бир туугандар менен кабар айтуу ишине катышышты. Гилат мектебинин дагы бир нускоочусу Марк Нумар бир нече бир тууган менен маек куруп, алардан кызматта болгон окуялардан айтып беришин сурады. Ал окуяларда, өзгөчө, жүрөгү таза адамдарды табууда тиленүүнүн зор мааниге ээ экени баса белгиленди.
Ошол окуялардын бирин алалы. Бир жубайлар тамактануу үчүн кафеге киришет. Ошол кафеде иштеген бир жумушчу алардын тамактанар алдында ичинен тиленишкенин байкап калат. Ал жубайлардын жанына басып келип, алардан: «Жахабанын Күбөсү эмессиңерби?» — деп сурайт. Алардын Жахабанын Күбөсү экенин билгенде өзүнүн чындыкта чоңойгонун, бирок кийин чындыкты таштап кеткенин айтат. Ал кылмыш кылып, түрмөгө да отуруп чыккан экен. Ал жигит кайрадан Жахабанын уюмуна кайрылып келүүнү каалап жүрүптүр. Ошондой эле ал жубайлар кафеге киргенге чейин Кудайдан жашоосун өзгөртүүгө жардам беришин сурап тилениптир. Ошентип, ал тиленүүсүнө жооп алган!
Каттарга жооп берүү бөлүмүндө кызмат кылган Руди Хартл бир тууган «Жахабанын кандай жакшы экенин татып көргүлө» деген темада баяндама сүйлөп, мурун Гилат мектебинен билим алган мозамбиктик Уэйн Риджвей, чилилик Жейсон Рид жана непалдык Кенжи Чичи менен маек курду. Ал бир туугандар миссионердик кызматты жаңы баштаганда кезиктирген кыйынчылыктар тууралуу, мисалы, жаңы тил үйрөнүү, башка маданиятка көнүү же үйдү сагынып, куса болуу сыяктуу кыйынчылыктар жөнүндө ачык айтып беришти. «Жубайым экөөбүзгө жыйналыштан мүмкүн болушунча тезирээк жаңы досторду табуу жакшы жардам берди,— деп ой бөлүштү Чичи бир тууган.— Жыйналыштагылар менен жакын мамиледе болгон сыйын үйүбүздү көп ойлобой, сагынбай калдык».
56 бүтүрүүчүгө дипломдор тапшырылгандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн бири класстын атынан ыраазычылык билдирилген жүрөк козгоорлук кат окуп берди. Ал кат, биринчи кезекте, Жетектөөчү Кеңешке багытталган. Анда мындай деп жазылган: «Биз баарыбыз силердин бизге баяндамаларды сүйлөп, класска келип бекемдеп, бизге рухий насаатарыңарды берип, чын жүрөктөн чыккан сүйүүңөр менен биз үчүн талыкпай эмгектенгениңерди сезе алдык. Силердин сүйүүңөр бизге миссионердик кызматыбызды аткарууда силерди сүйүү, чыдамдуулук, момундук көрсөтүү жана башкаларга чындап көңүл буруу жагынан тууроого бүт күчүбүздү жумшоого түрткү берди».
[28-беттеги кыстырма]
«Эгер кимдир бирөө ...силерди мактаса, көңүлдү өзүңөргө бурдурбагыла»
[29-беттеги кыстырма]
«Жашооңордо Иордандай болгон кыйынчылыктарга дуушар болосуңар»
[31-беттеги таблица⁄карта]
КЛАСС ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
9 Студенттер келген өлкөлөрдүн саны
56 Студенттердин саны
28 Жубайлардын саны
33,0 Орточо жашы
17,9 Чындыкта жүргөн жылдарынын орточо саны
13,3 Толук убакыт кызмат кылган жылдарынын орточо саны
[Карта]
(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)
Бүтүрүүчүлөр дайындалган 25 өлкө төмөндө көрсөтүлдү
МИССИОНЕРЛЕР ДАЙЫНДАЛГАН ӨЛКӨЛӨР
БОЛИВИЯ
БОТСВАНА
БОЛГАРИЯ
КОНГО (КИНШАСА)
КОТ-Д’ИВУАР
ГАМБИЯ
ГЕРМАНИЯ
ИНДИЯ
ИНДОНЕЗИЯ
КЕНИЯ
ЛИБЕРИЯ
МАКЕДОНИЯ
МАДАГАСКАР
МАЛАЙЗИЯ
МОЗАМБИК
ПАНАМА
ПЕРУ
ПОЛЬША
РУМЫНИЯ
СЕРБИЯ
СЬЕРРА-ЛЕОНЕ
СВАЗИЛЕНД
ТАНЗАНИЯ
УГАНДА
ЗИМБАБВЕ
[30-беттеги сүрөт]
Бүтүрүүчүлөр кызматта болгон окуяны сахналаштырууда
[31-беттеги сүрөт]
Күзөт Мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебинин 129-бүтүрүүчү классы
Катарлар төмөндөн жогору карай номурланып, ысымдар солдон оңго саналат.
1) Мунаретто Р.; Олофсон И.; Будден К.; Ниджон Л.; Моя Ж.; Тревинё Г.; Дион А.; Флигел А.
2) Смит Ж.; Майкл Радж Ж.; Смит Ш.; Парамо А.; Макдональд Ж.; Дэнс М.; Жоэл С.; Ватсон Л.
3) Жоэл С.; Кроули Т.; Хакер Д.; Шинкоренко Ж.; Напп Т.; Эйлинг Ж.; Хайли К.; Олофсон Б.
4) Фитспатрик М.; Ниджон Б.; Скалеруд Л.; Харрис А.; Харрис С.; Будден Р.; Парамо Ё.; Скалеруд К.
5) Кроули Б.; Майкл Радж Ж.; Лодж Э.; Лодж Р.; Хермс Н.; Фитспатрик Ж.; Моя Р.; Мунаретто П.
6) Ватсон С.; Дэнс М.; Хакер Ж.; Макдональд Ж.; Тревинё Ж.; Харрис Ш.; Хермс К.; Харрис П.
7) Шинкоренко В.; Хайли Т.; Смит А.; Дион Ж.; Айлинг Р.; Смит Б.; Напп Т.; Флигел В.