Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Оо Кудайым, мага жакшы болушу үчүн, мени унутпа!»

«Оо Кудайым, мага жакшы болушу үчүн, мени унутпа!»

Кудайга жакында

«Оо Кудайым, мага жакшы болушу үчүн, мени унутпа!»

«МЕНИ абдан жакшы билген Жахаба Кудай мени эч качан сүйбөйт болуш керек же мен жөнүндө жакшы ойдо эмес болуш керек деп ойлочумун». Бул сөздөрдү өзүн эч нерсеге татыксыз сезген ишенимдүү бир тууганыбыз жазган. Сенде да: «Мен Кудайдын жактыруусуна ээ болмок тургай, мага көңүл бурушуна да татыктуу эмесмин»,— деген сыяктуу ойлор болду беле? Эгер ошондой болсо, Некемия 13:31деги сөздөр сени жубатары шексиз.

Б.з.ч. 5-кылымдагы жүйүттөрдүн башчысы Некемия Кудайга жагуу үчүн колунан келгендин баарын кылган. Алсак, ал душмандардын каршылык көрсөткөнүнө карабай Иерусалимдин дубалдарын тургузууну жетектеген. Кудайдын Мыйзамын күчүнө киргизген, эзилгендерге кам көргөн жана өз эли ысрайылдыктардын ишенимин бекемдөөгө умтулган. Ал ишенимдүү кишинин кылган жакшы иштерин Кудай байкады беле? Некемия Кудайдын жактыруусуна ээ болду беле? Бул суроолорго Некемиянын ысымы менен аталган китептеги соңку сөздөрдөн жооп алууга болот.

Некемия: «Оо Кудайым, мага жакшы болушу үчүн, мени унутпа!» — деп тиленген *. Некемия кылган жакшы иштеримдин баарын Кудай байкабайт, ал аларды унутуп калат деп коркту беле? Жок. Ал Жахабанын өзүнүн кызматчыларына көңүл бурары жана алардын иштерин унутпай турганы жөнүндө жазган Ыйык Китептин байыркы убактагы жазуучуларынын сөздөрүн билгени күмөнсүз (Чыгуу 32:32, 33; Забур 55:9). Анда ал Кудайдан эмне жөнүндө сурады эле? Бир эмгекке ылайык, «унутпа» деп которулган эврей сөзү «адамдын кылган иштерин жылуу сезимдер менен эскерип, ошого жараша иш-аракет кылууну» билдирет. Демек, Некемия бекем ишеним менен Кудайдан аны жылуу сезимдер менен эскерип, ага батасын беришин сурап тиленген (Некемия 2:4).

Жахаба Некемиянын тиленүүсүнө жооп берди беле? Жооп берген. Жахабанын Ыйык Китепке Некемиянын тиленүүсүнүн жазылып калышына кам көргөнү анын Некемияны жылуу сезимдер менен эстээрин көрсөтүп турат. Ооба, «сыйынууну угуучу» Кудай чын жүрөктөн тиленген Некемиянын өтүнүчүн аткарган. Бирок ал келечекте Некемия үчүн дагы бир нерсе кылат (Забур 64:3).

Кудай чыныгы сыйынуу үчүн жакшы иштерди кылган Некемияга сыйлык берет (Эврейлер 11:6). Башкача айтканда, Жахаба өзү убадалаган жакында боло турган адилеттүү дүйнөдө Некемияны тирилтет * (2 Петир 3:13; Аян 21:3, 4). Некемия жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүү үчүн тирилтилгенде Жахабанын аны ага жакшы болушу үчүн чынында эле унутпаганына ынана алат.

Некемиянын тиленүүсү Дөөтү падышанын: «Сен, Теңир, адил адамга батаңды бересиң, аны Өзүңдүн ырайымың менен калкан сымал калкалайсың»,— деген сөздөрүнүн калетсиздигин ырастап турат (Забур 5:13). Ооба, Кудай биздин ага жагуу үчүн чын жүрөктөн кылып жаткан аракеттерибизди байкайт жана абдан баалайт. Ага кызмат кылуу үчүн колуңдан келгендин баарын жасай берсең, анын сени жагымдуу сезимдер менен эстей турганына жана сага мол бата берерине ынанасың.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Некемия китебинде Некемиянын Кудайга ага жакшы болушу үчүн анын ишенимдүүлүк менен кылган иштерин унутпашын тиленгени төрт жолу кездешет. Бул ошол тиленүүлөрдүн акыркысы (Некемия 5:19; 13:14, 22, 31).

^ 7-абз. Кудайдын ишенимдүү адамдар үчүн кандай ой-ниети бар экенин билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 3 жана 7-бөлүмдөрүн карагыла.