Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

БАРДА ичимдик саткан, сөгүнүп сүйлөгөн, ичкиликке берилген, баңгизат колдонгон аялга жашоосун өзгөртүүгө эмне жардам берген? Мурун динге такыр ишенбеген саясатчы эмне үчүн Кудайга кызмат кылууну чечкен? Орусиядагы милиция кызматкерлери менен иштеген оксуз кармашуунун машыктыруучусу Жахабанын Күбөсү болуш үчүн кандай кыйынчылыктарды жеңген? Келгиле, муну алардын өздөрүнөн билели.

«Азыр апам экөөбүздүн мамилебиз жакшы» — НАТАЛИ ХАМ

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1965

ӨЛКӨСҮ: АВСТРАЛИЯ

МУРУН: БАҢГИ ЗАТ КОЛДОНЧУ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Австралиянын түштүгүндөгү балык уулоочулук өнүккөн Роб деген чакан шаарда чоңойгом. Ушундай шаарларда, адатта, мейманканаларга эл көп келет. Ата-энем убактысынын көбүн мейманканада өткөрчү, ошондуктан биз ичимдик ичкен, тамеки тарткан, сөгүнүп-сагынган адамдардын арасында чоңойгонбуз.

Он эки жашка чыкканга чейин эле тамеки чеге баштагам, эки сөзүмдүн бири эле уят сөздөр болчу, апам экөөбүздүн урушпаган күнүбүз болчу эмес. Он беш жашымда ата-энем ажырашып кетти. Бир жарым жылдан кийин мен үйдөн кетип калдым. Ичкиликке берилип, баңгизат колдонуп, адеп-ахлаксыз жашоо өткөрө баштадым. Жашоого абдан нааразы болуп, эмне кыларымды билбей калгам. Бирок кармашуу чеберчилигине үйрөнүп, аялдарды өздөрүн коргоого үйрөткөн спорттун түрү менен беш жыл машыккандан кийин жашоом бир аз да болсо жакшы жакка өзгөрдү. Ошентсе да айрым учурларда жашоо тууралуу ойлонгондо кайгыга батып, Кудайдан жардам сурап тиленчүмүн. Бирок тиленип жатканда Кудайга: «Мени чиркөөгө бар деп кыйнабачы»,— дээр элем.

Кийинчерээк өзү Кудайга ишенген, бирок чиркөөгө барбаган бир досум мага Ыйык Китеп берди. Башка досторумдай эле, ал да баңгизат колдончу. Ал Кудайга чын жүрөктөн ишенчү. Бир жолу мени чөмүлтүлүүгө көндүрүп, биз жактагы бир көлмөгө алпарып мени чөмүлдүрүп койду. Ошондон кийин мен Кудай менен өзгөчө мамиледе болуп калдым деп ойлоп жүрдүм. Бирок Ыйык Китепти окуганга бир да жолу аракет кылып көргөн эмесмин.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ: 1988-жылы үйүмө Жахабанын Күбөлөрү келип кабар айтышты. Алардын бири менден: «Сиз Кудайдын ысмын билесизби?» — деп сурады. Анан Забур 82:19дагы: «Бир гана Сенин ысымың Жахаба экенин, жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган Кудай Сен экениңди билишсин»,— деген сөздөрдү окуп берди. Ошондо уккан кулагыма ишенбей, дал болуп туруп калдым. Алар кеткенден кийин 56 километр алыстыкта жайгашкан христиандардын китептери сатылган дүкөнгө барып, Ыйык Китептин башка котормолорунда ошол ысымдын бары-жогун текшердим, ал ысымды сөздүктөрдөн да карап көрдүм. Кудайдын ысымы Жахаба экенине көзүм жеткенде дагы эмнелерди билбей жүрөт болдум экен деп ойлонуп калдым.

Апам мага Жахабанын Күбөлөрү кызыктай кишилер деп айтчу. Мен алар жөнүндө көп деле билбегендиктен алар караңгы, элдей болуп көңүл ачканды билбеген адамдар деп ойлочумун. Алар үйүмө келгенде, эшикти ачпай койчумун. Бирок кийин оюмду өзгөрттүм. Аларды үйүмө киргизип, дароо Ыйык Китепти изилдей баштадым.

Ыйык Китепти ар бир изилдеген сайын билгендеримди сүйлөшкөн жигитим Крейгге айтып берчүмүн. Бир күнү ал мага жини келип, колумдагы китепти жулуп алды да, аны окуй баштады. Үч жумадан кийин ал Кудай жөнүндөгү чындыкты тапканына көзү жетти. Крейг экөөбүз бара-бара баңгизат колдонгонубузду, ичкилик ичкенибизди койдук. Мен бардагы жумушумду таштадым. Жашообузду ыйык китептик талаптарга ылайык келтирүү үчүн экөөбүз мыйзамдуу түрдө баш кошууну чечтик.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган убакта Крейг экөөбүздүн мамилебиз үзүлөйүн деп турган. Бүгүнкү күндө Крейг эң мыкты жар. Экөөбүздүн татынакай эки уулубуз бар. Ошондой эле ишенимдештерибиздин арасында эң жакшы досторубуз бар.

Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганыма апам башында каршы болуп жүрдү. Бирок ал түшүнбөгөндүктөн ошентчү. Азыр апам экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Жан дүйнөмдө мурдагыдай боштук жок. Жашоом абдан маңыздуу, максаттуу жана рухий муктаждыктарым канааттандырылып жатат (Матай 5:3).

«Ыйык Китептен көптөгөн кызыктуу нерселерди... билдим» — ИСАКАЛА ПАЭНЮ

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1939

ӨЛКӨСҮ: ТУВАЛУ

МУРУН: САЯСАТЧЫ БОЛГОН

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Тынч океанындагы бүгүнкү күндө Тувалуга караган Нукулаэлаэ деген кооз аралда төрөлгөм. Аралдын тургундары Самоадагы колледжден диний билим алган пасторлорго баш ийишчү. Алар пасторлорду жана алардын үй-бүлөлөрүн тамак-аш, турак жай менен камсыз кылууга, колдо бар нерселердин эң жакшысын берүүгө милдеттүү болчу. Аралдагылар өздөрү араң күн көрүп жатышса да, пасторлорду багууга тийиш болушчу.

Биздин аралдагы пастор айылдын мектебине келип балдарга математикадан, географиядан жана дин боюнча сабак берчү. Мен пастордун мектеп окуучуларын канжалаганча уруп-сабап жатканын көп көрчүмүн. Бирок балдардын эч кимиси, атүгүл алардын ата-энелери да эч нерсе дей алышчу эмес. Пасторду кудайдай эле көрүшчү.

Башка аралда өкмөт тарабынан караштырылган жалгыз мектеп бар болчу. Он жашымда ошол мектептен билим алуу үчүн үйдөн кеттим. Мектепти бүтүрүп, мамлекеттик ишке орноштум. Ошол убактарда аралдар Гилберт жана Эллис аралдары деп белгилүү болгон Британия колониясына карачу. Ар кандай бөлүмдөрдө иштеп жүрүп, кийин жума сайын чыккан мамлекеттик журналдын редактору болдум. Башында баары ойдогудай болуп жаткан. Бирок Уэльс принцин тосуп алуу аземине караштырылган акча-каражаттардын пайдаланылганына карата сын пикирин жазган окурмандын катын басып чыгаргандан кийин ишим мурдагыдай болбой калды. Катта автордун ысмы өзгөртүлүп берилгендиктен, бөлүм башчысы менден ошол кишинин анык ысмын билип беришимди талап кылды. Мен антүүдөн баш тарттым. Ошондон кийин бөлүм башчысы экөөбүздүн ортобуздагы чыр-чатак баарына жайылып кетти.

Ошондон көп өтпөй редактордук ишти таштап, саясатка кеттим. Нукулаэлаэде өткөрүлгөн шайлоодон өтүп, соода жана табигый ресурстар министри болуп дайындалдым. Кийинчерээк Кирибати (мурунку Гилберт) жана Тувалу (мурунку Эллис) аралдары Британиядан бөлүнүп, эгемендүүлүккө ээ болуп жаткан учурда мага губернатор Тувалу администрациясынын башчысы болууну сунуштады. Бирок мен колониялык башкарууга кандайдыр бир катыштыгым болушун каалабагандыктан анын сунушун кабыл алган жокмун. Жогорку кызматка элдик шайлоо аркылуу ээ болууну каалагандыктан өзүмдүн кандидатурамды койдум. Бирок шайлоодон өтпөй калдым. Ошондон кийин жубайым экөөбүз өзүбүз туулуп-өскөн аралга кайтып келип, кадимки эл сыяктуу эле жашоону чечтик.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Аралдардын тургундары ишембини ыйык тутушкандыктан, менден башкасынын баары аны ар жекшембиде белгилешчү. Мен ал күндөрү балык уулоого кетчүмүн. Мен динге такыр жологум келчү эмес. Атам менин ишембини ыйык тутпаганыма нааразы болчу, аралдагы элдин да нааразы экенин айтчу. Бирок мен чиркөөнүн таасирине алдырбоого чечкиндүү болчумун.

Бир жолу Тувалунун борбор калаасы жайгашкан Фунафути аралына барганымда иним менен Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына катыштым. Кийинчерээк бир миссионер Күбө мага бир нече «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарын берди. Ошондой эле христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрү окуткан окуулар ашкереленген китепти берди. Мен ошол китепти бир нече жолу окуп чыктым. Ыйык Китептен көптөгөн кызыктуу нерселерди, анын ичинде Исанын жолдоочулары ар жекшемби сайын ишембини белгилөөгө милдеттүү эмес экенин билдим *. Билгендеримди жубайыма айтып бергенимде, ал чиркөөгө барбай калды.

Бирок мен динге такыр жолобойм деп чечип койгон элем. Ошентсе да Ыйык Китептен билгендеримди эки жыл бою унута албай жүрдүм. Акыры, Фунафутидеги баягы миссионерге мага келип мени окутушун сурап кат жазып жибердим. Ошондон көп өтпөй эле ал биздин аралга келип, мени менен ыйык китептик изилдөө өткөрө баштады. Жахабанын Күбөсү болгум келип жатканын билгенде атам аябай ачууланды. Бирок мен ага Ыйык Китептен көп нерселерди билгендиктен Жахабанын Күбөсү болууну чечкенимди айттым.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? 1986-жылы сууда чөмүлтүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум. Кийинки жылы жубайым чөмүлтүлдү. Эки кызыбыз да Ыйык Китепти изилдеп, Жахабанын Күбөсү болууну чечишти.

Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларындай болуп, биримдикти сактаган уюмдун мүчөсү экениме абдан ыраазымын (Матай 23:8—12). Исанын жолдоочулары момундук менен Исадан үлгү алышат жана башкаларга Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтышат (Матай 4:17). Өзү жөнүндөгү жана эли жөнүндөгү чындыкты таанытканы үчүн Кудайга миң мертебе ыраазымын!

«Жахабанын Күбөлөрүнүн... таңуулабаганы жакчу» — АЛЕКСАНДР СОСКОВ

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1971

ӨЛКӨСҮ: ОРУСИЯ

МУРУН: ОКСУЗ КАРМАШУУНУН МАШЫКТЫРУУЧУСУ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен бир учурда Советтер Союзунун борбор шаары болгон Москвада туулгам. Биз көп батирлүү үйдө жашачубуз. Кошуналарыбыздын көпчүлүгү бир фабрикада чогуу иштешчү. Алар мен жөнүндө «Балаңар аябай тентек, ушинтип жүрсө, бир күнү өлөт же түрмөдө жатып чирийт» деп көп айтып калышар эле. Алар айткандай эле, 10 жашымда тентектик кылып, милицияга түшүп калдым.

18 жашка чыкканда аскерге чакырылып, чек арада кызмат өтөдүм. Эки жылдан кийин аскерден келип, фабрикага жумушка орноштум. Бирок жумуштан тажап, андан чыгып кеттим. Анан Москвадагы омондор тобу менен кызмат кылып, оксуз кармашуунун машыктыруучусу болуп иштедим. Биз Москвадагы кылмышкерлерди кармачубуз жана өлкөдөгү кылмыш болгон жерлердин баарына барчубуз. Күчүм ашып-ташып, урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай турчумун. Үйгө келгенимде кээде аялым экөөбүз эки башка жатчубуз, анткени уктап жатып анын бир жерин кокустатып аламбы деп коркчумун.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда өткөргөн жашоом ыйык китептик талаптарга дал келбей турганын түшүндүм. Тамекини ташташым керектигин жана ичкиликти ченеми менен ичишим керектигин да билдим. Жумушумду таштагандан коркуп жүрдүм. Анткени андан башкага шыгым жок болгондуктан, жумуш таба албай, үй-бүлөмдү бага албай калам деп ойлодум. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүндөй болуп эч качан кабар айта албайт болушум керек деп ойлочумун.

Бара-бара Ыйык Китепте жазылгандардын баары туура жана так экенине көзүм жетти. Ошондой эле мени Жезекиел 18:21, 22деги: «Эгерде мыйзамсыз адам өзү кылып жүргөн бардык күнөөлөрүнөн бурулса... Анын кылган бардык кылмыштары эске алынбайт»,— деген сөздөр тынчтандырчу.

Мага Жахабанын Күбөлөрүнүн билгендеримдин негизинде ой жүгүртүүгө жардам берип, эмнеге ишенишим керектигин таңуулабаганы жакчу. Мен алардан 40тан ашык журнал алып, үч жуманын ичинде окуп чыктым. Журналдарды окугандан кийин чыныгы динди тапканыма ынандым.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Ыйык Китепти изилдегенге чейин аялым экөөбүз ажырашканы турганбыз. Азыр экөөбүздүн мамилебиз бекем. Мен Ыйык Китепти изилдей баштаганда, жубайым да изилдей баштаган жана экөөбүз Жахабага чогуу кызмат кылууну чечкенбиз. Биз азыр үй-бүлөлүк жашоодо бактылуубуз. Ошондой эле ыйык китептик принциптерге карама-каршы келбеген жумушта иштеп жатам.

Үйдөн үйгө кабар айтуу ишине жаңыдан катыша баштаган убактарда кээде, мурункудай болуп, кылмыш болгон жерге баргандагыдай сезимдеримди башкара албай ачууланып кеткен учурларым болчу. Бирок азыр, кимдир бирөө кыжырыма тийсе да, өзүмдү өзүм кармай алам. Убакыттын өтүшү менен адамдарга боор ооруй билүүгө үйрөндүм. Жашоомдун бир топ жылдарын куру бекер өткөрүп жибергениме ичим күйөт, бирок азыр жашоом чындап маңыздуу деп ишенимдүү түрдө айта алам. Азыр бүт күчүмдү Жахабага жана башкаларга кызмат кылууга жумшап жатканыма кубанам.

[Шилтеме]

^ 24-абз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Күзөт мунарасынын» (ор.) 2010-жылдын 1-февралдагы санынын 11—15-беттерине чыккан «Ишембини белгилеш керекпи?» деген макаланы карагыла.