Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Элчи Петирдин Корнелийдин үйүнө барганга чейин тери иштеткен кишинин үйүндө жашаганы жөнүндөгү билдирүүдөн эмнени биле алабыз?

Элчилер китебинде Петирдин Жапада «деңиздин жээгинде жашаган» «тери иштетүүчү Симондукунда бир топ күн болгону» жөнүндө айтылат (Элчилер 9:43; 10:6). Жүйүттөр тери иштеткендерди таза эмес деп эсептеп, алардын жумушун кемсинтерлик иш катары көрүшчү. Талмудда (түшүндүрмөлөр менен коштолгон оозеки мыйзамдардын жыйнагында) тери иштеткендердин заң чогулткан адамдардан төмөн турары жазылган. Тери иштеткендиктен Симонго өлгөн жаныбарларды кармаганга туура келчү, андыктан ал, жүйүттөрдүн көз карашы боюнча, дайыма таза эмес болуп эсептелген (Лебилер 5:2; 11:39). Дагы бир эмгекке ылайык, Симон тери иштетүүдө деңиз суусун колдонсо керек. Ошондой эле тери иштетүүдө өтө жагымсыз жыт чыгып тургандыктан, сыягы, анын үйү шаардан алыс жерде болгон.

Элчи Петир ошого карабастан Симондун үйүндө жашаган. Мындан, кыязы, элчи Петирдин адамдарды таза эмес деп эсептеген жүйүттөрдүн көз карашын четке какканга үйрөнгөнүн жана буга чейин ушундай иштерди кылган Иса Машаякты туураганын билүүгө болот (Матай 9:11; Лука 7:36—50).

Иса Машаяктын «муну сен өзүң айттың» деген сөздөрү эмнени билдирген?

Жүйүттөрдүн башкы дин кызматчысы Каяпа Исадан: «Кудайдын Уулу Машаяк сенсиңби?»,— деп сураганда, Иса: «Муну сен өзүң айттың»,— деп жооп берген (Матай 26:63, 64). Анын сөзү эмнени билдирген?

Иса дин кызматчы Каяпанын суроосуна так жооп берүүдөн качкан эмес. «Муну сен өзүң айттың» деген сөз айкашы, калыбы, жүйүт элине кеңири тараган. Ал айтылган сөздүн калетсиз экенин ырастаган идиома болгон. Мисалы, Иерусалим Талмудунда — еврейлердин б.з. 4-кылымында жазылып бүткөн диний эмгегинде — бир еврейден: «Рабби көз жумдубу?» — деп сураганда, анын: «Сен өзүң айттың»,— деп жооп бергени жазылган. Ал бул сөздөрү менен раббинин чын эле өлгөнүн тастыктаган.

Иса чынында эле Машаяк экенин далилдеп беришин талап кылууга башкы дин кызматчынын укугу бар экенин билген. Андан сырткары, Иса унчукпай койсо, башкы дин кызматчы ал Машаяк экенинен баш тартып жатат деген ойдо калмак. Ошондуктан Иса башкы дин кызматчыга: «Муну сен өзүң айттың»,— деп айткан. Ошондой эле ушул окуя баяндалган Марк китебинде дин кызматчы Каяпа Исадан: «Сен Даңктуунун Уулу Машаяксыңбы?» — деп сураганда, Иса эр жүрөктүк менен: «Менмин»,— деп жооп бергени жазылган (Марк 14:62; ошондой эле Матай 26:25 жана Марк 15:2-аяттарды карагыла).

[18-беттеги сүрөт]

Фес шаарындагы (Марокко) тери иштетүүчү жай