Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашоо эмне үчүн маңызсыздай сезилет?

Жашоо эмне үчүн маңызсыздай сезилет?

Жашоо эмне үчүн маңызсыздай сезилет?

СУЛАЙМАН падыша айткандай, «түйшүктүү өмүр» «көлөкө сыяктуу өтүп кетет» (Насаатчы 6:12). Бирок дайыма ушундай боло бербей турганына эмне үчүн ишенсек болот? Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган, ишенүүгө татыктуу болгон Ыйык Китепте жакында жашообуз чынында эле маңыздуу болору айтылган (2 Тиметей 3:16, 17).

Ошондой эле анда Кудайдын жерди кандай ой-ниет менен жаратканы жазылган. Андан сырткары, дүйнө эмне үчүн адилетсиздикке, зордук-зомбулукка жана азап-кайгыга толгонун биле алабыз. Бул нерселерди билүү эмне үчүн маанилүү? Анткени адамдардын жашоосу Кудайдын жерге жана адамзатка байланыштуу ой-ниетин билбегендиктен же билгиси келбегендиктен маңызсыз сезилет.

Кудай жерди эмне максат менен жараткан?

Жахаба Кудайдын * ниети боюнча, жер адам баласы жашай турган бейишке айланмак. Анда Адам ата менен Обо эне жашоодон канааттануу, кубаныч алып, түбөлүк жашашмак. Көптөр Кудай жерди адамдардын рухий чөйрөдө маңыздуу жашоо өткөрүүгө татыктуу болор-болбосун текшерүү үчүн жараткан деп ишенишет. Бирок мындай көз караш Ыйык Китепке негизделбейт. Ал Ыйык Китептеги чындыктарга карама-каршы келет. (6-беттеги «Маңыздуу жашоодон кубаныч алышыбыз үчүн рухий чөйрөдө жашашыбыз керекпи?» деген кутучаны карагыла).

Кудай биринчи эркек менен аялды өзүнүн кереметтүү сапаттарын чагылдыра алгыдай кылып жараткан (Башталыш 1:26, 27). Алар бардык жагынан жеткилең болушкан. Ошондой эле аларда эмгегинен кубаныч алып, маңыздуу жашоо өткөргөнгө зарыл нерселердин баары болгон. Алар укумдап-тукумдап жер жүзүн урпактарына толтурушу, жерди иштетип, аны Эйден багындай кооз бейишке айлантышы керек эле (Башталыш 1:28—31; 2:8, 9).

Азыр эмнеге андай эмес?

Кудайдын ниетинин аткарылышына тоскоолдук кылган бир нерсе болгону айдан ачык. Анткени азыр адамдардын көпчүлүгү Кудайдын сапаттарын чагылдырбайт. Жер да бейишке айланган жок. Эмне үчүн? Түпкү ата-энебиз Адам ата менен Обо эне чечим чыгаруу эркиндигин туура эмес колдонушкан. Алар «жакшылык менен жамандык» эмне экендигин өздөрү чечип, «Кудайдай болууну» каалашкан. Ушундай кылуу менен алар Кудайга каршы чыккан Шайтан Ибилистин жолуна түшүшкөн (Башталыш 3:1—6).

Жамандык кандайдыр бир сырдуу же Кудай алдын ала белгилеп койгон нерсе эмес. Жамандык Кудайдын бийлигине Шайтан каршы чыкканда пайда болгон. Кийинчерээк Шайтанга Адам ата менен Обо эне да кошулган. Натыйжада түпкү ата-энебиз жеткилеңдигинен айрылып, Бейиштен куулуп чыгарылышкан. Алар күнөө менен өлүмгө өздөрү эле дуушар болбостон, бул нерселерди урпактарына — бүт адам баласына — өткөрүп беришкен (Башталыш 3:17—19; Римдиктер 5:12). Жашообуздун маңызсыз сезилишине алып келген абалдын өкүм сүрүшүнө ушул нерселер себеп болгон.

Жамандык эмне үчүн дароо жок кылынган эмес?

Айрымдар: «Эмне үчүн Кудай Шайтанды жана башка козголоңчуларды ошол замат эле жок кылып, баарын кайра жаратып койгон эмес?» — деген суроо беришет. Ошондой кылуу акылмандыкка жатат беле? Бийлигине каршы чыккандарды дароо эле кырып салган өкмөт тууралуу укканда кандай сезимде болот элең? Мындай иш-аракет адилеттикти көксөгөн адамдарды иренжитип, өкмөттүн туура чечим чыгарууга жөндөмсүз экендигин көрсөтмөк, чынбы?

Кудай козголоңчуларды дароо эле жок кылбай, жагдайды башкача жол менен чечүүнү туура көргөн. Ал Эйден багында бийлигине байланыштуу көтөрүлгөн талаш маселенин биротоло чечилишине убакыт берген.

Жамандык түп-тамыры менен жок болот

Кудай жамандыктын болушуна убактылуу эле жол бергенин эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ал бийлигине каршы жасалган көтөрүлүштүн залакалуу кесепеттерин толугу менен жок кыла аларын билгендиктен ушундай кылган.

Кудайдын жерге жана адамзатка байланыштуу ой-ниети өзгөргөн жок. Ал бизди Ышая пайгамбар жазган сөздөр аркылуу «жерди жараткан» Кудай экенине жана «аны бекер эмес, жашоо үчүн жаратканына» ынандырат (Ышайа 45:18). Жакында Жахаба Кудай жерди, эң башында ниет кылгандай, бейишке айлантат. Анын адилеттүүлүк менен бийлик жүргүзөрү далилденгенден кийин, ал өз эркин ишке ашыруу үчүн жана жамандыкты түп-тамыры менен жок кылуу үчүн зор күчүн колдонот (Ышайа 55:10, 11). Иса Машаяк үлгү иретиндеги тиленүүсүндө Кудайдан ушундай иш-аракеттерди кылышын суранган жана бизди да: «Сенин эркиң, асмандагыдай эле, жерде да аткарылсын»,— деп тиленүүгө үндөгөн (Матай 6:9, 10). Кудайдын эрки өз ичине эмнелерди камтыйт?

Кудайдын жерге карата ой-ниети

Кудайдын эркине ылайык, «момундар жерди мураска алышат» (Забур 36:9—11, 29; Накыл сөздөр 2:21, 22). Иса Машаяк «жардам сурап кыйкырып жаткан жакырды... кара ниеттерден, зордук-зомбулуктан куткарат» (Забур 71:12—14). Согуш оту өчөт, өлүм, ый, оору, азап-кайгы эч качан болбойт (Забур 45:10; Аян 21:1—4). Кудай азап-кайгынын болушуна жол берген убакыт аралыгында өлгөн көптөгөн кишилер жер бетиндеги жашоого тирилтилишет жана Кудайдын эрки толугу менен аткарылганда, мол баталарды алышат (Жакан 5:28, 29).

Ошентип, Жахаба Кудай Шайтандын козголоңунан улам келип чыккан жамандыктын баарын жок кылат. Ал жамандыкты түп-тамыры менен жок кылгандыктан «мурунку кайгылар [бүгүнкү күндөгү азап-кайгыга дуушар кылган нерселердин баары] унутулат» (Ышайа 65:16—19). Бул сөзсүз болот! Кудай калп айтпайт. Ал берген убадалардын бардыгы аткарылат. Биздин жашоо «курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу» болбойт (Насаатчы 2:17). Тескерисинче, жашообуз чындап маңыздуу болот.

Бирок азыркы жашообуз тууралуу эмне айтууга болот? Ыйык Китепте жазылган чындыктарды жана Кудайдын жерге байланыштуу ой-ниетин билүү жашоону азыртадан эле маңыздуу кыла алабы? Бул суроолор кийинки макалада талкууланат.

[Шилтеме]

^ 5-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.

[6-беттеги кутуча]

Маңыздуу жашоодон кубаныч алыш үчүн рухий чөйрөдө жашашыбыз керекпи?

Кудайдын жерге карата болгон ой-ниетин билбеген адамдар кылымдар бою башкаларды маңыздуу жашоодон кубаныч алыш үчүн рухий чөйрөдө жашашыбыз керек деп окутуп келишкен.

Мисалы, айрымдар жан «адамдын денесине киргенге чейин кандайдыр бир бийик чөйрөдө, рухий чөйрөдө, жашаган» деп ырасташкан («Жаңы теологиялык сөздүк»). Башкалары болсо жан «асмандагы жашоосунда күнөө кетиргендиктен жаза алып, адамдын денесине кирген» деген ойдо болушкан («Ыйык китептик, теологиялык жана чиркөөлүк адабияттар энциклопедиясы»).

Грек философтору Сократ менен Платондун окууларына ылайык, жан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам баласынын денесинен чыкканда «бир абалдан экинчи абалга өтүүдөн, коркунучтан, акылсыздыктан жана адамдарга мүнөздүү ооздукталбаган каалоолордон биротоло арылып», «кудайлардын чөйрөсүндө жашап калат» («Федон», 81, А., Платондун чыгармасы).

Кийинчерээк Исанын жолдоочусу аталымыш болгон диний жетекчилер грек философторунун «адамдын өлбөс жаны бар» деген окуусун өздөрүнүн окууларына кошуп алышкан («Christianity—A Global History»).

Жогоруда айтылгандардын Ыйык Китептеги үч негизги окуудан кандайча айырмаланарын карап көрөлү.

1. Кудай жерди адамдардын асманда жашаганга татыктуу-татыктуу эмес экендигин текшериш үчүн жараткан эмес. Ал аны убактылуу эмес, адамдар түбөлүк өмүр сүрүшү үчүн жараткан. Эгер Адам ата менен Обо эне Кудайдын мыйзамына баш ийишсе, азыркыга чейин тирүү болуп, бейишке айланган жер бетинде жашашмак (Башталыш 1:27, 28; Забур 113:24).

2. Көптөгөн диндер адамдын өлгөндөн кийин учуп кете турган жаны бар деп окутат. Бирок Ыйык Китепте адамдын топурактан жаратылган «тирүү жан» экендиги айтылат (Башталыш 2:7). Ыйык Китептин эч жеринде адамдын өлбөс экени айтылбайт. Анда, тескерисинче, жанды кимдир бирөө өлтүрө алары жана өлгөндөн кийин анын жашоосу толугу менен токтой тургандыгы айтылат (Забур 145:4; Насаатчы 9:5, 10; Жезекиел 18:4, 20). Эң биринчи жаратылган жан, башкача айтканда, Адам ата өлгөндөн кийин топуракка айланган. Ал жаратылганга чейин жок болгондой эле, өлгөндөн кийин да жок болгон (Башталыш 2:17; 3:19).

3. Адамдардын келечектеги жашоосу рухий чөйрөгө өткөн өлбөс жанынан эмес, өлгөндөрдү жер бетиндеги Бейишке тирилтүүнү убадалаган Кудайдан көз каранды (Даниел 12:13; Жакан 11:24—26; Элчилер 24:15).