Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кирешеңерге жараша чыгаша кылгыла

Кирешеңерге жараша чыгаша кылгыла

Кирешеңерге жараша чыгаша кылгыла

«КИРЕШЕГЕ жараша чыгаша кылуу» деген канча акча тапсаң, ошончо эле корот дегенди билдирет.

Бир караганда, бул оңой көрүнүшү мүмкүн, бирок иш жүзүндө жагдай такыр башка. Адамдар ушул кеңешке ылайык иш кылууга аракет кылышса, тоодой кыйынчылыктардан кача алышмак. Бул кеңешти кантип колдоно алабыз? Чынында эле жардам бере ала турган жетекчиликти кайдан тапсак болот? Ыйык Китепте ушуга байланыштуу көптөгөн кеңештер камтылат. Келгиле эмесе, Ыйык Китепте эмнелер айтылганына токтололу.

Ыйык Китептик кеңештер

Ыйык Китепте акча-каражатты туура колдонууга жардам берген иш жүзүндө колдонорлук көптөгөн кеңештер бар. Бул макалада алардын айрымдары эле каралат. Ал кеңештер маянаңарга жараша жашаганга чынында эле жардам берерине ынангыңар келеби?

Бюджет түзүп алгыла. Акчаны туура коротуш үчүн канча киреше кирип жатканын жана акчаңар каякка кетип жатканын билишиңер керек. Ыйык Китепте: «Аракетчил кишинин ойлору молчулукка умтулат, ал эми ар бир шашма адам зыян тартат»,— делет (Накыл сөздөр 21:5). Айрымдар акчасын туура бөлүштүрүш үчүн «конверт системасын» колдонушат. Мисалы, ар бир конверттин сыртына «тамак-ашка», «төлөмдөргө» же «кийим-кечекке» деп жазып, ар бирине акчаны бөлүштүрүп салып коюшат. Ушундай жөнөкөй ыкманы колдоносуңарбы же башка жолдорун ойлонуштурасыңарбы, эң негизгиси, биринчи орунга өзүңөр каалаган нерселерди эмес, эң керектүү нерселерди коюп, акчанын каякка кетип жатканын билгениңер маанилүү.

Көз артпагыла. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жашагандар өнүккөн өлкөлөрдө жашагандар ээ болгон нерселерди сатып алууну көксөшөт. Айрымдар кошуна-колоңдорунда бар нерселерге жетүүнү эңсеп, ошондой буюм-тайымдарга ээ болгусу келишет. Бирок бул тузак болушу мүмкүн. Кайдан билесиңер, балким, кошунаңар андай нерсени сатып алууга чамасы жетпесе да, аны алуу үчүн карызга белчесинен баткандыр? Башкалардын акылсыздык менен кылган ишин туурап, өзүбүздү кыйынчылыктарга дуушар кылуунун зарылдыгы барбы? Ыйык Китепте: «Ичи тар киши байлыкка ашыгат, башына жакырчылык келерин ойлобойт»,— деген эскертүү жазылган (Накыл сөздөр 28:22).

Жөнөкөй жашоо өткөргүлө. Иса пайгамбар жолдоочуларына көзүн «жөнөкөй» сактоого байланыштуу кеңеш берген (Матай 6:22). Акчаң тооктун этин сатып алууга гана жетерине карабай, чучук, казы-карта сатып алууну чечсең, акча каражатына байланыштуу көйгөйлөргө дуушар болоруң айтпаса да түшүнүктүү. Азия Өнүктүрүү Банкынын билдирүүсүнө ылайык, филиппиндиктердин үчтөн бир бөлүгүнө жакыны жана индиялыктардын жарымынан көбү Азияда жакырчылыктын чеги болуп эсептелген 1 доллар 35 центтен да аз акчага күн көрүшөт. Эгер маяна кичинекей болсо, аны зарыл нерселерге гана жумшоо акылдуулукка жатат. Иса пайгамбардын кеңеши атүгүл өнүккөн өлкөлөрдө жашагандарга да акчага байланыштуу көйгөйлөрдөн качууга жардам берет.

Зарыл нерселердин болгонуна ыраазы болуп жашагыла. Бул кеңеш жөнөкөй жашоо өткөрүүгө байланыштуу кеңеш менен тыгыз байланышта. Ыйык Жазмадагы 1 Тиметей китебинин 6-бөлүмүнүн 8-аятында так ушундай кеңеш берилет. Ал жерде: «Ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу»,— деп жазылган. Дүйнө жүзүндөгү бактылуу адамдардын айрымдары жөнөкөй эле жашоо өткөрүшөт. Ошондой болсо да алар колунда болгон нерселерине ыраазы болуп жашашат. Анткени алар буюм-тайымдарга ээ болуудан эмес, үй-бүлө, жоро-жолдоштору менен ынак мамиледе болуудан канааттануу алышат (Накыл сөздөр 15:17).

Ыгы жок карыз ала берүүдөн качкыла. Ыйык Китептеги: «Бай адам кедейге үстөмдүк кылат, карыз болгон адам карыз бергендин кулу болуп калат»,— деген сөздөр кандай гана таамай айтылган (Накыл сөздөр 22:7). Кээде карыз алуудан башка арга жоктой көрүнгөн жагдайлар болот, бирок кээ бирлер оюна келген нерселерди сатып алуу үчүн эле ыгы жок карыз алып, акча-каражат жагынан кыйналышат. Ушундай көйгөйлөр көбүнчө кредиттик картаны колдонууда болот. «Тайм» журналына «кредиттик картасы бар кишилер акчасын туура эмес колдонуп, көзүнө көрүнгөндүн баарын ала берери» туурасында жазылган. Филиппинде жашаган Эрик мындай дейт: «Жаныма акча алып жүргөнгө караганда, кредиттик карта менен жүргөндө бир нерселерди сатып алганга көбүрөөк акча коротом. Анан ошол акчаларды төлөгөнгө келгенде, чөнтөгүмдү кагып берип отуруп калам». Ооба, алмактын бермейи бар дегендей, кредиттик карталарды колдонууда аябай сак болгонубуз кандай гана акылдуулукка жатат (2 Падышалар 4:1; Матай 18:25).

Бир нерсе сатып алардан мурун акча чогулткула. Алдын ала акча чогултуу эскирген ыкмадай көрүнсө да, бул — акча-каражатына байланыштуу кыйынчылыктардан качуунун эң мыкты жолу. Ушундай кылуу көптөргө карызга батпаганга жана сатып алган нерселердин баарына кошула турган үстөк сыяктуу көйгөйлөрдөн качканга жардам берген. Ыйык Китепте кумурскалар «акылдуу» жандыктар катары сүрөттөлөт, анткени алар «өздөрүнүн азыгын оруу-жыюу маалында жыйнап алышат» (Накыл сөздөр 6:6—8; 30:24, 25).

Башкалардан үйрөнгүлө

Жогоруда каралган Ыйык Китептеги кеңештердин баары, айта келгенде, оңой көрүнөт, бирок алар чынында эле тапкан акчага ылайык жашоого жардам береби? Келгиле анда, макалада айтылган кеңештери колдонуп, акча-каражатына байланыштуу кыйынчылыктарын ийгиликтүү жеңе алган айрым адамдардын мисалдарына токтололу.

Төрт баланын атасы Диосдадонун айтымында, желкеден баскан каржы каатчылыгынын айынан үй-бүлөөнү багуу өтө эле оор болуп калды. Ошондой болсо да ал бюджет түзүп алуунун аябай пайдалуу экенин айтат. Ал: «Тапкан акчамдын ар бир тыйынына чейин эсептеп алып, иш кылам»,— дейт. Данило аттуу дагы бир киши так ушундай ыкманы колдонот. Келинчеги экөө жүргүзгөн чакан иши жакшы болбой, кыйынчылыктарга дуушар болушканына карабай, алар жакшы бюджет түзүүнүн аркасында зарыл нерселерди сатып ала алышат. Ал мындай дейт: «Биз ай сайын канча киреше кирип жатканын, ошондой эле канча чыгаша болуп жатканын билебиз. Ушунун негизинде келинчегим экөөбүз канча акча короторубузду майда-чүйдөсүнө чейин сүйлөшүп алабыз».

Айрымдар бюджет түзүп алуунун аркасында акчаны үнөмдөсө болорун байкашкан. Күйөөсү каза болуп калгандыктан үч баласын жалгыз чоңойтуп жаткан Мэрна: «Биз жыйналышка коомдук унаа менен эмес, жөө барабыз»,— дейт. Мэрна балдарына жөнөкөй жашоо өткөрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнгөнгө жардам бериш үчүн көп күч-аракет жумшайт. Ал: «1 Тиметей 6:8—10-аяттардагы колуңда болгон нерселерге ыраазы болуп жашоого үндөгөн принципти колдонуу жагынан балдарыма жакшы үлгү болгонго аракет кылам»,— дейт.

Эки баланын атасы Геральд да ушу сыяктуу иш кылат. Ал мындай дейт: «Үй-бүлөлүк изилдөөдөн Исанын бүт күчүн Жахаба Кудай менен болгон мамилесин чыңдоого жумшаган жолдоочуларынын мисалдарын талкуулайбыз. Бул балдарыбызга аябай жакшы таасир этти, алар анча маанилүү эмес нерселерди сатып беришибизди талап кылбаганга үйрөнүштү».

Жанет адамдарга Кудай жөнүндө кабар айтууга көбүрөөк убакыт жумшоо үчүн Филиппинге көчүп барган. Ал жакында эле жумушунан айрылып калса да, акчасын үнөмдөп колдонуп, зарыл нерселерине жеткирүүгө аракет кылат. Ал мындай дейт: «Каалаган нерсенин баарын эле ала бербестен, бир нерсе сатып алардан мурун кылдат ойлонуштурам. Баалары кымбат чоң дүкөндөрдөн эмес, арзаныраак дүкөндөрдөн соода кылам. Эгер ошол эле нерсени арзаныраак баада сатып алуу мүмкүн болсо, эмне үчүн кымбат дүкөндөргө барышым керек? Ошондой эле көңүлүмө жагып калган нерселерди ойлонбой эле сатып ала бербейм». Жанет алдын ала акча чогултуп коюу акылдуулукка жатарына өз тажрыйбасынан улам ынанып келет. Ал мындай деп кошумчалайт: «Кичине болсо да акчам ашып калса, күтүлбөгөн жагдайларда керектеш үчүн, аны сактап коём».

Жогоруда айтылган Эрик кредиттик картага байланыштуу: «Кредиттик картаны аябай зарыл учурларда гана колдоном деп чечип алдым»,— дейт. Ал эми Диосдадо: «Кредиттик картаны ыгы жок эле колдоно бербеш үчүн аны жумушума таштап коём»,— дейт.

Сен да кирешеңе жараша чыгаша кылганга үйрөнө аласың

Ыйык Китеп Жараткан Кудайга жакындоого жардам берген китеп болсо да, көптөр анда жашоонун ар кандай тармактарында пайдалуу болгон жетекчилик камтыларына ынанышкан (Накыл сөздөр 2:6; Матай 6:25—34). Ушул макалада талкууланган кеңештерди колдонуп жана ошол кеңештерге ылайык иш кылгандардан үлгү алуу менен кирешеңерге жараша чыгаша кылганга үйрөнө аласыңар. Ушундай кылуу менен миллиондогон адамдарды азапка салган тынчсыздануулардан жана кыйынчылыктардан кача аласыңар.

[28-беттеги кыстырма]

«Канча акча короторубузду майда-чүйдөсүнө чейин сүйлөшүп алабыз»

[29-беттеги кыстырма]

«Жыйналышка коомдук унаа менен эмес, жөө барабыз»

[29-беттеги кыстырма]

«Көңүлүмө жаккан нерселерди ала бербейм»