Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Армагедон деген эмне?

Армагедон деген эмне?

Окурмандардын суроолору

Армагедон деген эмне?

▪ Көптөр «Армагедон» деген сөздү укканда ядролук согушту же чоң масштабдагы табигый кырсыкты элестетишет. Бирок Ыйык Китепте андай эмес экени айтылат. Анда Армагедон деген эмне?

«Армагедон» (же «Хар-Магедон») деген сөз Ыйык Китептин Аян деп аталган акыркы китебинде кездешет. Армагедон — «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган согуш». Ал согушта «бүт дүйнөнүн падышалары» Кудайга каршы чогулушат. Бул согуш тууралуу Ыйык Жазманын башка китептеринде да айтылат (Аян 16:14—16; Жезекиел 38:22, 23; Жоел 3:12—14; Лука 21:34, 35; 2 Петир 3:11, 12).

Армагедон согушу кандай болот? Аян китебинде «жер жүзүнүн падышалары менен алардын аскерлери» «аттын үстүндө отурганга [Иса Машаякка] жана анын аскерлерине каршы согушуш» үчүн чогулары айтылган. Кудай Иса Машаякты душмандарын жеңиш үчүн түмөндөгөн периштелерди жетектеп барууга дайындаган (Аян 19:11—16, 19—21). Жеремия пайгамбар Кудайдын улуу күнүндө ыймансыздардын жок кылынары жөнүндө: «Ошол күнү Жахаба кырган кишилер жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин сулайт»,— деп жазган (Жеремия 25:33).

Армагедон согушу эмне үчүн болушу керек? Жер жүзүндөгү элдер Кудайдын бийлигин четке кагып, көз карандысыз болууга умтулуп жатышат (Забур 24:1). Алардын Кудайга каршы чыкканы жөнүндө Забур китебинин 2-бөлүмүнүн 2-аятында мындай деп жазылган: «Жахабага жана анын майланганына жер жүзүнүн падышалары каршы чыгып, башкаруучулар бир кишидей чогулуп жатышат».

Кудайга каршы чыгып жаткан адамдарды бирөөнүн мүлкүн өзүнө таандык кылып алып, анысы аз келгенсип, аны өзү билгендей колдонуп, талкалап салган кишиге салыштырса болот. Алар жерди кыйратып, айлана-чөйрөнү булгап жатышат. Ыйык Китепте бул тууралуу: «Элдер ачууланышты. Өз каарыңды төгө турган убак келди»,— деп айтылган. Кудай жакында «жерди кыйраткандарды кыйратат» (Аян 11:18). Ал адамзатты башкарууга ким укуктуу экенин далилдеш үчүн Армагедон согушун жүргүзөт (Забур 83:18).

Армагедон качан болот? Бул тууралуу Иса пайгамбар: «Ал күндү жана саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, Атам гана билет»,— деген (Матай 24:36). Ошентсе да ал: «Мына, мен ууру сыяктуу келатам... сергек жүргөн... адам бактылуу»,— деп айткан (Аян 16:15). Демек, Армагедон согушу Иса Машаяк келген убакта, башкача айтканда, ал башкарып жаткан убакта болот. Пайгамбарлардын алдын ала айткан сөздөрүнөн биз так ошол убакта жашап жатканыбызды биле алабыз.

Армагедон согушунда оңолгусу келбеген жаман адамдар гана жок болот жана «эбегейсиз көп адамдар» аман калат (Аян 7:9—14). Аман калгандар Ыйык Китептеги: «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот, ордун карап, аны таппай каласың. Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат»,— деген сөздөрдүн аткарылышын өз көзү менен көрүшөт (Забур 37:10, 11).

[13-беттеги кыстырма]

«Мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат»