Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жамандыктын аркасында ким турат?

Жамандыктын аркасында ким турат?

Жамандыктын аркасында ким турат?

«МЕН Шайтан менен бетме-бет көрүшүп, аны менен кол алышкандай эле болгом». Бул сөздөрдү Бириккен Улуттар Уюмунун Руандадагы аскер күчтөрүнүн командири айткан. Руандада 1994-жылы эки уруунун ортосунда кыргын болуп, кан суудай аккан. Ал кан төгүүнү атүгүл Бириккен Улуттар Уюмунун аскер күчтөрү да токтото алган эмес. Ошондогу кызыл кыргынга күбө болгон дагы бир киши мындай деген: «„Шайтан жок“ дегендерге Руандадагы адамдардын бири-бирин аёосуз, мыкаачылык менен өлтүрүп жатканын көрсөңөр, Шайтандын бар экенине ишенмексиңер демекмин». Төбө чачты тик тургузган ушундай нерселердин аркасында чын эле Шайтан турабы?

Көптөр дүйнөдө болуп жаткан мыкаачылыкка, таш боордукка Шайтан себепкер деп ойлошпойт. Алардын көпчүлүгү адамдар табиятынан эле жамандык кылууга жакын болгондуктан, зордук-зомбулуктун көп болгонуна өздөрү күнөөлүү дешет. Дагы бирөөлөрү болсо бай, бийлиги бар адамдар жашыруун уюшуп алып, дүйнө жүзүн башкарып алыш үчүн ондогон жылдардан бери адамдарды өз пайдасына колдонуп келишет деген ойдо. Ошондой эле адилетсиздикке, азап-кайгыга өкмөт башындагыларды күнөөлөгөндөр да аз эмес.

Ал эми силер кандай ойдосуңар? Адамдар жамандыкты жок кылыш үчүн көп күч-аракет жумшаса да, эмне үчүн азап-кайгы, зордук-зомбулук барган сайын күч алып, кара селдей каптап баратат? Алар кылган иштери жамандык менен бүтүп жатканын өз көзү менен көрүп турушса да, эмне үчүн ал жолунан кайтышпайт? Жамандыктын аркасында ким турат? Дүйнөнү чынында ким башкарып жатат? Бул суроолордун жообу силерди таң калтырышы мүмкүн.