Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудай жөнүндөгү билимди таба» аласыңар

«Кудай жөнүндөгү билимди таба» аласыңар

Кудайга жакында

«Кудай жөнүндөгү билимди таба» аласыңар

ДҮЙНӨДӨ баа жеткис бир кенч бар. Жахаба Кудай бардык адамдардын ошол кенчти табышын каалайт. Ал кенч дүр-дүнүйөгө ээ кылып, байытып жибербейт, бирок эч жерден сатып ала албай турган жан дүйнө бейкуттугуна ээ кылып, бактылуу өмүр сүрүүгө жол ачат. Ал эмне болгон кенч? Бул суроого Сулайман пайгамбар жазган Накыл сөздөр китебинин 2-бөлүмүнүн 1—6-аяттарынан жооп алсак болот.

Сулайман пайгамбардын сөздөрүнөн ал кенчтин «Кудай жөнүндөгү билим» экенин биле алабыз. Ал өз ичине Кудай жөнүндөгү жана анын ой-ниети жөнүндөгү чындыкты камтыйт (Накыл сөздөр 2:5-аят). Келгиле, алардын айрымдарына токтололу.

Так билим. Ыйык Китептен төмөнкүдөй суроолорго жооп табууга болот: Кудайдын ысымы ким? (Забур 83:18). Адам өлгөндө эмне болот? (Забур 146:3, 4). Адамдар эмне үчүн жаралган? (Башталыш 1:26—28; Забур 115:16). Бул суроолорго жооп алуу абдан маанилүү экенине кошуласыңарбы?

Даанышман кеңештер. Ыйык Китепте туура жашоо өткөрүүгө жардам берген кеңештер көп. Үй-бүлө канткенде бактылуу болот? (Эфестиктер 5:28, 29, 33). Ата-энелер канткенде балдарына туура тарбия бере алат? (Мыйзам 6:5—7; Эфестиктер 6:4). Канткенде бактылуу өмүр сүрө аласыңар? (Матай 5:3; Лука 11:28). Кандай деп ойлойсуңар, ушул нерселерге байланыштуу даанышман кеңештерди билүү канчалык маанилүү?

Кудайдын касиет-сапаттары. Кудай тууралуу так билимди Ыйык Китептен гана ала алабыз. Кудайды кандай деп элестетсек болот? (Жакан 1:18; 4:24). Ал адамдарга кам көрөбү? (1 Петир 5:6, 7). Анын кандай сапаттары бар? (Чыгуу 34:6, 7; 1 Жакан 4:8). Жараткан Кудай тууралуу чындыкты билгенибиз маанилүү экенине кошулат чыгарсыңар.

«Кудай жөнүндөгү билим», чынында эле, баа жеткис кенч. Аны кантип табууга болот? Мунун сыры Сулайман пайгамбардын Накыл сөздөр китебинин 2-бөлүмүнүн 4-аятында камтылат. Ал «Кудай жөнүндөгү билимди» «катылган кенчке» салыштырган. Катылган кенч өзүнөн өзү эле табылып калбайт. Аны табыш үчүн көп күч жумшаш керек. «Кудай жөнүндөгү билим» тууралуу да ушуну айтууга болот. Ал кенч Ыйык Китепте катылган. Аны казып алыш үчүн да көп күч-аракет жумшоо талап кылынат.

Сулайман пайгамбар «Кудай жөнүндөгү билимди» алыш үчүн эмне кылышыбыз керектигин айткан. Анын «айткандарымды кабыл алсаң», «жүрөгүңдү... бурсаң» деген сөздөрү Кудай жөнүндөгү билимди ынтызарлык менен издешибиз керектигин көрсөтүп турат (Накыл сөздөр 2:1, 2-аяттар). Ал эми «сурасаң», «издей берсең» деген сөздөрү Кудай жөнүндө билим алыш үчүн көп күч жумшашыбыз керектигин айгинелеп турат (Накыл сөздөр 2:3, 4-аяттар). Демек, кенчти казып алыш үчүн Ыйык Китепти бүт дитибизди коюп, кылдаттык менен изилдешибиз зарыл (Лука 8:15).

Эгер ушундай кылсак, Жахаба Кудай кенчти табууга сөзсүз жардам берет. Анткени Сулайман пайгамбар: «Акылмандыкты Жахаба берет»,— деген (Накыл сөздөр 2:6-аят). Ыйык Китепте жазылган чындыкты Кудайдын жардамы менен гана түшүнө алабыз (Жакан 6:44; Элчилер 16:14). Ыйык Китепти ынтызарлык менен изилдей берсеңер, баалуу кенчке, башкача айтканда, жашооңорду маңызга толтурган «Кудай жөнүндөгү билимге» сөзсүз ээ болосуңар (Накыл сөздөр 2:10—21) *.

[Шилтеме]

^ 10-абз. Жахабанын Күбөлөрү Кудай жөнүндө көбүрөөк билгиси келгендерге Ыйык Китепти акысыз изилдегенге жардам беришет. Эгер Ыйык Китепти изилдегиңер келсе, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар же 4-беттеги даректердин бирине жазсаңар болот.