Жиндердин таасирине алдырба
Жаш окурмандарга
Жиндердин таасирине алдырба
Көрсөтмө: бул көнүгүүнү тынч жерде аткар. Төмөндө берилген аяттарды окуп жатканда андагы каармандардын үнүн угуп, кандай сезимде болушканы жөнүндө ойлонуп, өзүңдү окуяга катышып жаткандай элестет.
➊ ОКУЯНЫ ТАЛДА. БАШТАЛЫШ 6:1—6-АЯТТАРДЫ ЖАНА ЭЛЧИЛЕР 19:11—20-АЯТТАРДЫ ОКУ.
Нефилимдерди (алп адамдарды) кандай элестетесиң? _______
Элчилер 19:13—16-аяттарда айтылган кишилерди ичинде жини бар киши сабап салганда, алар кандай сезимде болушкан деп ойлойсуң? _______
➋ ТЕРЕҢ ОЙ ЖҮГҮРТ.
Башка адабияттарды колдонуп, нефилимдер жөнүндө көбүрөөк изилдеп көр. Кандай деп ойлойсуң, алар эмне үчүн зөөкүр болушкан? _______
Каардуу жиндер «өздөрү жашашы керек болгон жайды кантип калтырып кетишкен»? (Оку: Жүйүт 6.) Алардын аялдарга үйлөнгөнү эмне үчүн табияттан тыш, атүгүл жийиркеничтүү болгон? _______
Жогорудагы эки билдирүүдөн каардуу жиндердин адеп-ахлаксыздыкты, зордук-зомбулукту жакшы көрөрү кандайча көрүнүп турат? _______
➌ БИЛГЕНДЕРИҢДИ ИШ ЖҮЗҮНДӨ КОЛДОН. ТӨМӨНКҮЛӨРГӨ БАЙЛАНЫШТУУ ЭМНЕЛЕРГЕ ҮЙРӨНГӨНҮҢДҮ ЖАЗ.
Жиндердин мыкаачылыгы, өзүмчүлдүгүнө байланыштуу. _______
КАНТИП КОЛДОНСОҢ БОЛОТ?
Жиндер азыр адам болуп келе алышпаса да, сага таасир этүүгө кантип аракет кылышы мүмкүн?
Көңүл ачуунун кайсы түрлөрү жиндердин маанайын, көз карашын чагылдырат? _______
Жиндердин таасирине алдырбоого чечкиндүү экениңди кантип көрсөтө аласың? (Элчилер 19:18, 19ду дагы бир жолу оку.) _______
➍ БУЛ БИЛДИРҮҮЛӨРДӨН САГА ӨЗГӨЧӨ ЭМНЕЛЕР ЖАКТЫ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН?
[31-беттеги сүрөт]
ЭГЕР ЫЙЫК КИТЕБИҢ ЖОК БОЛСО, ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮНӨН СУРАСАҢ БОЛОТ