Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай эмне үчүн Ыбрайымга уулун курмандыкка чалууну айткан?

Кудай эмне үчүн Ыбрайымга уулун курмандыкка чалууну айткан?

Окурмандардын суроолору

Кудай эмне үчүн Ыбрайымга уулун курмандыкка чалууну айткан?

▪ Ыйык Жазманын Башталыш китебинде Кудайдын Ыбрайым пайгамбарга уулу Ыскакты курмандыкка чалууну айтканы жазылган (Башталыш 22:2). Айрымдарга бул билдирүүнү түшүнүү кыйынга турат. Кэрол деген профессор мындай дейт: «Кичинекей кезимде ушул окуяны укканда такыр түшүнө албай: „Кудай ушундай азапка салган нерсени кыл деп кантип айтмак эле?“ — деп ойлогом». Көптөрдүн эмне үчүн ушундай ойдо болорун түшүнсө болот, бирок эки нерсени эске алышыбыз керек.

Биринчиден, Жахаба Кудайдын эмне кылганына токтололу. Ыбрайым пайгамбар уулун курмандыкка чалганга даяр болсо да, Кудай ага уулун курмандыкка чалышына жол берген эмес. Ошондой эле ал ушундай кылууну башка эч кимге айткан эмес. Жахаба Кудай ага сыйынган адамдардын, анын ичинде балдардын да узак өмүр сүрүшүн, жашоодон канааттануу алышын каалайт.

Экинчиден, Жахаба Кудай орчундуу себептен улам Ыбрайым пайгамбарга уулун курмандыкка чалууну айткан. Анткени ошондон көп кылымдар өткөндөн кийин Кудай өз Уулу * Исанын бүт адамзат үчүн өлүшүнө жол бермек (Матай 20:28). Жахаба Кудай Уулун курмандыкка чалуу канчалык кымбатка турарын түшүнүшүбүздү каалаган. Ал муну менен келечекте Уулун курмандыкка чаларын көрсөткөн. Эмне үчүн ушундай деп айтууга болот?

Жахаба Кудайдын Ыбрайым пайгамбарга эмне дегенине токтолсок. Ал: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты... бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал»,— деп айткан (Башталыш 22:2). Кудай Ыскак жөнүндө айтканда: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң»,— дегенине көңүл бурсаңар. Кудай Ыбрайым пайгамбардын уулун жанындай жакшы көрөрүн билген. Кудай да өз Уулу Исаны аябай жакшы көргөн. Жахаба Кудай Исаны абдан жакшы көргөндүктөн эки жолу асмандан: «Менин сүйүктүү Уулум»,— деп айткан (Марк 1:11; 9:7).

Андан сырткары, Кудай Ыбрайым пайгамбарга уулун курмандыкка чалууну айтканда ага сылыктык менен кайрылган. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу: «КУДАЙДЫН ушинтип кайрылганы, Ыбрайым пайгамбардын анын айткандарын укканда кандай сезимде болорун жакшы түшүнгөнүн көрсөтүп турат»,— деген. Кудай Ыбрайымга эмне кылышы керектигин айтканда, Ыбрайымдын жүрөгү сыздап, абдан кайгырган. Мындан Жахаба Кудайдын да сүйүктүү Уулунун азап чегип жатканын, жаны кыйналып өлгөнүн көргөндө кандай сезимде болгонун элестетсек болот. Ошондо Жахаба Кудайдын жүрөгү сыздаганы шексиз.

Бул билдирүүнү түшүнүү кыйын болсо да, Кудайдын ишенимдүү пайгамбарына уулун курмандыкка чалууга жол бербегенин унутпаганыбыз акылдуулукка жатат. Ата-эне баласынан айрылганда өзөгүн өрттөгөн, көтөрө алгыс кайгыга батып, күйүт тартат. Ыскакты өлүмдөн сактап калуу менен Кудай Ыбрайымдын ушинтип азап тартып кайгырышына жол берген эмес. Бирок Жахаба Кудай «өз Уулун аябай, аны баарыбыз үчүн берген» (Римдиктер 8:32). Кудай жүрөгү ооруп, сыздаса да, эмне үчүн Уулун курмандыкка чалган? Жахаба Кудай «ал аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн» ушундай кылган (1 Жакан 4:9). Бул Кудайдын бизди абдан сүйөрүн далилдеп турат. Бизди ушунчалык сүйгөн Кудайды биз да сүйүшүбүз керек эмеспи?! *

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Ыйык Китепте Кудай сөздүн түз маанисинде аялга үйлөнүп балалуу болгон деп айтылбайт. Кудай башында Исаны периште кылып жараткан. Кийинчерээк аны жерге жибериш үчүн анын өмүрүн Мариям деген кыздын жатынына көчүргөн. Кудай Исаны жаратып, ага өмүр бергени үчүн анын Атасы деп аталат.

^ 8-абз. Иса Машаяктын эмне үчүн өлүшү керек болгону жана анын ушундай кылганына ыраазычылыгыбызды кантип билдире аларыбыз жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 5-бөлүмүн карагыла.