Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өспүрүм балаңар шек санай баштаса...

Өспүрүм балаңар шек санай баштаса...

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры

Өспүрүм балаңар шек санай баштаса...

Балдардын көбү чоңойгондо ата-энеси үйрөткөн нерселерге карманып, алар туткан динди тутушат (2 Тиметей 3:14). Бирок кээде андай болбой калат. Балаңар силер ишенип келген нерселерге ишенбей шек санай баштаса, эмне кылсаңар болот? Бул макалада ушундай жагдайларда Жахабанын Күбөлөрү эмне кылары айтылат.

«Мен Кудай жөнүндө окугум келбей калды, жыйналышка да баргым келбейт». (Кора, 18 жаш.) *

СИЛЕР туткан диниңерди чыныгы дин деп эсептейсиңер жана ал Кудай жөнүндө чындыкка окутат деп бекем ишенесиңер. Ошондой эле Ыйык Китептеги мыйзамдарга карманып жашоо пайда гана алып келеринен шектенбейсиңер. Андыктан Ыйык Китептен билгениңерди балаңарга үйрөтүп, жүрөгүнө жеткирүүгө аракет кыларыңар турган иш (Мыйзам 6:6, 7). Бирок балаңар боор көтөрүп чоңоё баштаганда Кудай жөнүндө уккусу келбей баштаса, эмне кылсаңар болот? Ал кичинекей кезиндегидей болбой, силер ишенген нерселерден шек санай баштасачы? (Галатиялыктар 5:7).

Эгер ушундай болуп жатса, балама жакшы тарбия бере албай калдым окшойт деп шашылыш жыйынтык чыгарбагыла. Буга башка да себептер болушу мүмкүн. Бирок өспүрүм балаңар Кудайга жакындайбы же, тескерисинче, андан алыстап кетеби, силердин ага кандай мамиле кылганыңардан көз каранды экенин унутпагыла! Эгер өспүрүм балаңарга согуш жарыялай турган болсоңор, ал айыгышкан согушка айланып кетет. Ал согушта жеңилип калышыңар толук мүмкүн (Колосалыктар 3:21).

Ата-энелердин элчи Пабылдын кеңешине ылайык иш кылганы маанилүү. Ал: «Теңирдин кулу чатакташпашы керек, тескерисинче, баарына жумшак мамиле кылышы, окутууга жөндөмдүү болушу,.. өзүн кармай билиши... керек»,— деп жазган (2 Тиметей 2:24, 25). Балаңар силер туткан диндин чыныгы дин экенинен шек санай баштаса, «окутууга жөндөмдүү» экениңерди кантип көрсөтө аласыңар?

[19-беттеги кутуча]

Мажбурлашабы?

Жалган: Жахабанын Күбөлөрү балдарын өздөрү туткан динди тутууга мажбурлашат.

Чындык: Жахабанын Күбөлөрү, Кудайдын Ыйык Китепте жазылган буйругуна ылайык, балдарын Кудайдан коркконго үйрөтүүгө аракет кылышат (Эфестиктер 6:4). Ошентсе да алар балдары чоңойгондо кайсы динди тутууну өздөрү чечиши керектигин жакшы билишет (Римдиктер 14:12; Галатиялыктар 6:5).

Кыраакы болгула

Алгач, өспүрүм балаңардын көз карашынын өзгөрүшүнө эмне себеп болуп жатканын аныктаганга аракет кылгыла. Төмөнкүлөр жөнүндө ойлонуп көргүлө:

Ал жыйналыштан дос таппай жалгызсырап жүргөн жокпу? «Досум жок болгондуктан классташтарыма кошулуп, алар менен достошо баштадым. Алардын таасиринен улам жыйналышка баргым келбей, Ыйык Китеп окугум келбей калды. Азыр ошондой кылганыма аябай өкүнөм». (Линор, 19 жаш.)

Башкаларга Кудай жөнүндө айткандан тартынып жүргөн жокпу? «Мектепте окуп жүргөндө классташтарыма Кудай жөнүндө айткандан аябай тартынчумун. Аларга Жахаба Кудай жөнүндө айтсам, „бул бир кызыктай неме“ же „бул башка динге өтүп кеткен“ деп шылдыңдашат деп коркчумун. Классташтарым алардан кичине башкачараак болгон балдарды кошпой, бөлүп салышчу. Мени да бөлүп салышпаса экен дечүмүн». (Рамон, 23 жаш.)

Ыйык Китептеги мыйзамдарга карманып жашоо абдан кыйын деп ойлобойбу? «Мага Кудайдын Ыйык Китептеги түбөлүк өмүргө байланыштуу убадасы кол жеткис бийик жерде тургандай сезиле берчү. Ал жакка көп тепкич менен чыгыш керек, мен болсо биринчи тепкичине да чыга элекмин деп ойлочумун. Ошол тепкичке такыр чыга албайм го деп корккондуктан, Кудай жөнүндө окубай, жыйналыштарга барбай эле коёюн деп чечкем». (Рена, 16 жаш.)

Ачык сүйлөшкүлө

Ал эми силердин өспүрүм балаңар кандай кыйынчылыктарга кабылып жатат? Муну билүү үчүн аны менен ачык сүйлөшкүлө. Бирок талашып-тартышып, урушуп киргенден алыс болгула. Анын ордуна, Ыйык Китептеги: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын»,— деген кеңешке ылайык иш кылгыла (Жакып 1:19). Ачууга алдырып жибербей, сабырдуу болгула. Ага башкаларга мамиле кылгандай мамиле кылып, «окутуу чеберчилигин колдонуп, чыдамкайлык менен» тарбиялагыла (2 Тиметей 4:2).

Мисалы, балаңар Ыйык Китепти окугусу келбей, жыйналыштарга баргысы келбей жатса, буга эмне себеп болуп жатканын аныктаганга аракет кылгыла. Бирок аны менен сүйлөшүп жатканда ачууланып кетпей, чыдамдуу болгула. Балаңар менен төмөнкү мисалдагыдай сүйлөшсөңөр, натыйжасы жакшы болбойт.

Баласы: Мындан ары жыйналышка барбайм.

Атасы: [ачуусу келип] Эмне дейсиң? Эмне үчүн барбайсың?

Баласы: Жыйналышта отургандан тажап кетем, ошон үчүн барбайм!

Атасы: Эмне, тажап кетем дейсиңби? Ушуну айтканга кантип оозуң барды? Менин балам болгонуңдан кийин каалайсыңбы, каалабайсыңбы, жыйналышка барасың!

Кудай ата-энелерден балдарына акыл-насаат айтып, анын эркине ылайык тарбиялашын, ал эми балдардан ата-энесине баш ийишин талап кылат (Эфестиктер 6:1). Албетте, балдарыңардын жыйналышка эч нерсени түшүнбөй эле же айла жоктон эле эмес, Кудайдын осуяттары жөнүндө чын жүрөктөн билгиси келгендиктен барышын каалайсыңар.

Эгер балаңардын көз карашынын өзгөрүшүнө эмне себеп болуп жатканын аныктап алсаңар, аны туура жолго салуу оңой болот. Келгиле эми, жогоруда жазылган мисалдагы ата баласы менен кантип сүйлөшсө натыйжасы жакшы болмоктугун карап көрөлү.

Баласы: Мындан ары жыйналышка барбайм.

Атасы: [жумшактык менен] Балам, эмнеге минтип айтып жатасың?

Баласы: Жыйналышта отургандан тажап кетем, ошон үчүн барбайм!

Атасы: Ооба, бир-эки саат отура бергенден киши чын эле тажап кетет. Айтсаң, балам, сага баарынан да эмне кыйынга турат?

Баласы: Билбейм. Андан көрө башка жакка барсам жакшы болмок деп ойлой берем.

Атасы: Досторуң да ушинтип ойлошобу?

Баласы: Жок, жыйналышта досторум деле жок. Досум башка жакка көчүп кеткенден бери, эч ким менен достошо элекмин. Мени менен эч кимдин сүйлөшкүсү деле келбейт окшойт, баары эле өздөрүнүн достору менен жүрүшөт. Мени эч ким кошпойт!

Бул мисалдан көрүнүп тургандай, атасы баласын сөзгө тартып, көйгөйдүн тамыры эмнеде экенин, тагыраак айтканда, анын жалгызсырап жүргөнүн билгенден тышкары, баласына ушул сыяктуу нерселер жөнүндө аны менен ээн-эркин эле сүйлөшө аларын түшүнгөнгө жардам бере алды. («Сабырдуу болгула» деген кутучаны карагыла.)

[20-беттеги кутуча/сүрөт]

Сабырдуу болгула

Өспүрүм балаңар менен сүйлөшкөндө сабырдуу болушуңар керек. Мунун акыбети сөзсүз кайтат: балаңар силерге ишенип, оюндагысын ачык айта баштайт. Бир өспүрүм кыз мындай дейт: «Бир жолу кечинде атам менен сүйлөшүп отуруп, ага эч кимге билгизбей социалдык тармактардан веб-барагын ачканымды, бир бала менен сүйлөшүп жүргөнүмдү жана үйдөн кетким келгенин айттым. Ал аягына чейин кунт коюп угуп, жумшак сүйлөдү, такыр урушкан жок. Атамдын ордунда башка бирөө болсо, кызынын жигити менен тынбай SMS жазышып, өбүшкөнүн билгенде кыйкырып урушмак болуш керек. Мен атама коркпой баарын ачык айта алам. Ал мага жакшылык гана каалаарын билем».

Өспүрүмдөр эртеби, кечпи, Кудай менен болгон мамилесине терс таасир тийгизе турган кыйынчылыктарга дуушар болушат. Алар андай кыйынчылыктарды жеңгенде өздөрүн ишенимдүү сезип, Кудайга болгон ишеними да бекемделип калат. Жогоруда сөз кылынган Рамондун айткандарына токтололу. Ал классташтарына туткан дини жөнүндө айткандан коркчу. Бирок убакыттын өтүшү менен классташтарына Кудай жөнүндө айтуу, алар шылдыңдашса да, өзү ойлогончолук кыйын эмес экенин түшүнгөн. Ал мындай дейт:

«Бир жолу мектептен бир бала мени башка динди тутат деп шылдыңдады. Ошондо, чынын айтсам, аябай тынчсыздангам, анткени анын сөзүн класстагы балдар-кыздардын баары угуп турган болчу. Бирок мен сөздү андан ары улап, андан өзүнүн дини жөнүндө сурадым. Ал менден беш бетер тынчсыздана баштаганын көрүп, таң калдым. Ошондо көптөгөн жаштар кайсы бир динди тутам деп жөн эле айтып коюшарын, бирок туткан дини жөнүндө эч нерсе билбей турганын түшүндүм. Анан Кудай жөнүндө билгендеримди, эмнеге ишенеримди айтып бердим. Ошондон кийин дин тууралуу сөз болгондо, мен эмес, классташтарым эмне дээрин билбей, өздөрүн оңтойсуз сезе берчү болушту».

КЕҢЕШ: балаңардан Кудайга ишенип, жыйналыштарга барып жүргөнүнө карата кандай ойдо экенин сурап, сөзгө тарткыла. Андан мындай деп сурап көрсөңөр болот: «Кудайдын жолунда жүрүүнүн кандай пайдасы бар? Кандай кыйынчылыктары бар? Кыйынчылыктарга караганда пайдасы көбүрөөк деп ойлойсуңбу? Эгер ушундай деп ойлосоң, кандай пайдасы бар экенин санап бере аласыңбы?» (Марк 10:29, 30). Балаңар бир барак алып, сол жагына кыйынчылыктарын, оң жагына пайдасын жазып көрсө болот. Ал өзүнүн жазгандарынан көйгөй чынында эмнеде экенин жана аны кантип чечсе болорун түшүнүшү мүмкүн.

Өспүрүмдөрдүн «акыл жөндөмү»

Көптөгөн ата-энелер жана адистер кичинекей балдар менен өспүрүм балдардын ой жүгүртүүсү айырмаланарын байкашкан (1 Корунттуктар 13:11). Бала кичинекей кезинде бир кырдуу эле ой жүгүртсө, өспүрүм куракка келгенде тереңирээк ой жүгүртүп, ар бир нерсенин себебин түшүнгүсү келет. Мисалы, кичинекей балага баарын Кудай жараткан деп айтып коюу эле жетиштүү (Башталыш 1:1). Ал эми өспүрүм балдар: «Кудайдын бар экенин кайдан билем? Кудай боорукер болсо, азап-кайгыга эмне үчүн жол берет? Кудай кантип эле түбөлүктөн түбөлүккө жашай берсин?» — деген сыяктуу суроолорго жооп алгысы келет (Забур 90:2).

Балаңар ушундай суроолорду берсе, балам Кудайга ишенбей калганбы деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок бул, тескерисинче, анын тереңирээк ой жүгүртүп, ак-караны ылгай баштаганын билдирет. Андан сырткары, Кудайга ишенген адам ишенген нерселеринин туура же туура эмес экенин аныктай билиши керек (Элчилер 17:2, 3).

Ошондой эле бала өспүрүм куракка келгенде анын «акыл жөндөмү» өрчүй баштайт (Римдиктер 12:1, 2). Мунун аркасында ал кичинекей кезинде кыла албаган нерсени кыла алат, тактап айтканда, Кудай тууралуу «чындыктын кеңдигин, узундугун, бийиктигин жана тереңдигин толук түшүнө» баштайт (Эфестиктер 3:18). Ошондуктан өспүрүм балаңар Кудайга болгон ишенимин ого бетер чыңдашы үчүн, ага Ыйык Китепте жазылгандарга эмне себептен ишенсе болору жөнүндө ой жүгүрткөнгө түрткү бергиле (Накыл сөздөр 14:15; Элчилер 17:11).

[21-беттеги кутуча]

Башкалардын жардамы

Айрым учурда өспүрүм балаңарга жыйналыштагы рухий жактан жетилген бир туугандын көңүл буруп, бекемдегени абдан жакшы таасир этет. Балаңарга жардам бере ала турган бир туугандарды билесиңерби? Уулуңардын же кызыңардын аны менен убакыт өткөрүшүнө шарт түзүп бергенге эмне үчүн болбосун? Бирок бул ата-энелик милдетиңерди башка бирөөгө артып коюу дегенди билдирбейт. Мисалга Тиметей элчи Пабыл менен көп жүргөндүктөн, андан көп нерсеге үйрөнгөн, элчи Пабыл да аны менен кызматташуудан чоң пайда алган (Филипиликтер 2:20, 22) *.

КЕҢЕШ: өзүңөр да, балаңар да бекем ишенген Ыйык Китептеги чындыктарды кайрадан чогуу талкуулап көргүлө. Мисалы, ага мындай суроолор жөнүндө ой жүгүртүүгө түрткү берсеңер болот: «Кудайдын бар экенине эмне үчүн ишенем? Кудайдын мага кам көрөрүнө кандай далилдер бар? Кудайдын мыйзамдарына баш ийүү өзүмө эле пайда алып келет деп эмне үчүн айта алам?» Балаңарга өзүңөрдүн оюңарды таңуулагандан качкыла. Анын ордуна, ишенген нерселерине ого бетер ынанганга жардам бергиле. Ушундай кылсаңар, ал Кудай менен болгон мамилесин бекемдөө анча деле оор эмес экенин түшүнөт.

Ынанган нерселерине «бек карманганга» жардам бергиле

Ыйык Китепте Тиметей деген өспүрүм бала жөнүндө айтылат. Ал ыйык жазмаларды «ымыркай кезинен» эле билген. Ошентсе да элчи Пабыл ага: «Эмнени үйрөнүп, эмнеге ынансаң, ошого бек карман»,— деген кеңеш берген (2 Тиметей 3:14, 15). Балким, силердин балаңар да, Тиметейдей болуп, Кудайдын мыйзамдарын кичинекей кезинен тартып эле билеттир. Ошондой болсо да ага билген нерселеринин чындык экенине ынанганга жардам беришиңер керек.

«Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» китебинин 1-томунда мындай деп жазылган: «Өспүрүм балаңар силер менен жашап жаткан маалда Кудайга сыйынууга байланыштуу үйдөгү тартипке баш ийишин талап кылууга укуктуусуңар. Бирок негизги максатыңар балаңардан кандайдыр бир нерселерди ойлонбостон эле аткарышын талап кылуу эмес, жүрөгүн козгоп, Кудайга болгон сүйүүсүн өрчүтүүгө жардам берүү болушу керек». Ушул максатты көздөп иш кылсаңар, балаңарга ишенимин «бекем сактаганга» жардам бере аласыңар. Ошондо ал силер талап кылгандыктан эмес, өзү ынангандыктан Кудай жолунда жүрүүнү чечет * (1 Петир 5:9).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 46-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Күзөт мунарасы» журналынын 2009-жылдын июль—сентябрындагы санынын 10—12-беттерин жана «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» (1-том) китебинин 315—318-беттерин карагыла.

^ 50-абз. 2011-жылы Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» (1-том) китебинин 318-бетиндеги маалыматтан алынды.

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ:

Балам мен туткан диндин чыныгы дин экенинен шек санай баштаса, эмне кылсам болот?

Туура иш-аракет кылыш үчүн ушул макаладагы маалыматты кантип колдоно алам?