Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адамды бир көрүп эле жыйынтык чыгарган туурабы?

Адамды бир көрүп эле жыйынтык чыгарган туурабы?

Адамды бир көрүп эле жыйынтык чыгарган туурабы?

БИР доктур үйүндө жылуу-жумшак отуруп алып телевизордон Ирландия мамлекетинин министри менен курулган маекти көрүп жаткан болот. Ал министрди тигиле карап, сол бетинде шишик бар экенин байкайт. Анан министрдин иштеген жерине телефон чалып, эртерээк доктурга көрүнүшү керектигин айтат.

Доктурдун айтканы туура чыгып, министрде чын эле шишик бар экени аныкталат. Андай доктурларды бейтапты карап туруп эле оорусун так аныктай алган, ишин жакшы билген жөндөмдүү доктурлар деп коюшат. Ошо сыяктуу эле, айрымдар адамды бир көрүп эле, анын мүнөзүнүн кандай экенин, кандай сапаттары бар экенин, ага ишенсе болор-болбосун билип койсо болот деп ырасташат.

Кылымдар бою изилдөөчүлөр адамдын сырткы көрүнүшүнөн кулк-мүнөзүн билүүгө аракет кылып келишкен. Алар бул илимди «физиогномика» деп аташат. «Физиогномика» «Британ энциклопедиясында»: «Адамдын жүзүнөн жана денесинин түзүлүшүнөн анын кандай адам экенин болжолдоп билүү»,— деп түшүндүрүлөт. Бул теорияны 19-кылымда Чарлз Дарвиндин тууганы болгон антрополог (адамдын табиятын изилдөөчү) Фрэнсис Гальтон жана италиялык криминолог (кылмыштуулуктун себептерин изилдөөчү) Чезаре Ломброзо сыяктуу окумуштуулар ойлоп таап, жалпыга жайылтышкан.

Андан бери көп убакыт өтсө да, сырткы көрүнүшүнөн эле адамдын кандай экенин так айтса болот деп ырастагандар азыр деле бар. Бирок адамды бир көрүп эле жыйынтык чыгарган туурабы?

Сыртынан карап баа берүү

Адамга сыртынан карап баа берүү же жыйынтык чыгаруу жаңылыш болоруна байланыштуу Ыйык Китепте бир мисал бар. Жахаба Кудай Шемуел пайгамбарды Жышай деген кишиникине барып, уулдарынын бирин ысрайыл элине падыша кылып дайындоого жиберет. Ыйык Китептен мындай дегенди окуйбуз: «Алар [Шемуелдин уулдары] келгенде, Шемуел Элиапты көрүп: „Жахабанын майланганы — ушул“,— деп ойлоду. Бирок Жахаба Шемуелге: „Анын сырткы көрүнүшүнө, боюнун узундугуна караба, мен аны четке кактым. Кудай адам карагандай карабайт, анткени адам көзү көргөндү гана көрөт, Жахаба болсо жүрөктөгүнү көрөт“,— деди». Жахаба Кудай Жышайдын андан кийинки алты уулун да тандаган эмес. Акырында, Ал ысрайыл элинин падышасы кылып Жышайдын сегизинчи уулун — жаш Дөөтүнү — тандайт. Бул Шемуел пайгамбардын да, Жышайдын да оюна келген эмес (1 Шемуел 16:6—12).

Бүгүнкү күндөгү адамдар да сырткы көрүнүшкө карап баа бергенге жакын келет. Бир нече жыл мурун криминология боюнча Германиядагы бир профессор эксперимент жүргүзүп, ага 500 болочок юристти катыштырган. Ал экспериментке катышууга студенттер тааныбаган 12 киши чакырылган. Ал кишилерге жергиликтүү полициянын чоңу, жергиликтүү прокурор, университеттин бухгалтери жана коомчулук менен байланышуу кызматкери, бир нече адвокат, соттун мүчөлөрү жана соттолгон үч кылмышкер кирген. Студенттер чакырылган кишилердин сырткы көрүнүшүн карап жана алардын кайсы иш менен алек болгонду жакшы көрөрүн айтып бергендеринин негизинде кимиси кылмышкер экенин, кандай кылмыш үчүн соттолгонун, ар бири кайсы кесиптин ээси экенин аныкташы керек болгон.

Мунун жыйынтыгы кандай болгон? Студенттердин 75 пайызы үч кылмышкерди таба алышкан. Бирок ошол эле студенттердин орто эсеп менен 60 пайызы башка 9 кишини да кылмышкерлердин катарына кошуп койгон. Ал эми ар бир жети студенттин бири прокурорду баңгизат саткан киши деп, ар бир үч студенттин бири болсо полициянын чоңун ууру деп жыйынтык чыгарышкан. Мындан көрүнүп тургандай, адамга сыртынан карап баа берсек, акты кара, караны ак деп, жаңылыш жыйынтык чыгарып коюшубуз мүмкүн. Эмне үчүн?

Жаңылыш ой жүгүртүү

Кимдир бирөөнү биринчи жолу көргөндө мурун башыбыздан өткөн кайсы бир окуялардын негизинде эле «бул тигиндей же мындай киши көрүнөт» деп жыйынтык чыгарып коёбуз. Биз белгилүү бир топтогу адамдардын баарына бирдей баа берип койгонго жакын келебиз. Ошондой эле башкаларга сыртына карап баа бергенден тышкары, алардын улутуна, коомдо ээлеген абалына жана туткан динине карап да жыйынтык чыгарабыз.

Кайсы бир адам жөнүндөгү оюбуз туура чыгып калганда өзүбүздү адамды бир эле көрүп кандай экенин билип коюуга жөндөмдүүмүн деп эсептешибиз мүмкүн. Ушундан улам айткандарым дайыма туура чыгат деп, ошого таянып алышыбыз ыктымал. Бирок ал жөнүндөгү оюбуздун туура эмес болгонун түшүнгөнүбүздө эмне кылабыз? Чынчыл болуп, көз карашыбызды өзгөрткөнгө даяр болушубуз керек. Антпесе, башкаларды бир карап эле билип коём деп текеберденип, кимдир бирөөгө жаман мамиле кылышыбыз, атүгүл жаман ишке барышыбыз мүмкүн.

Адамга сыртынан карап берүү башкалар үчүн эле эмес, өзүбүз үчүн да жаман болушу ыктымал. Мисалы, биринчи кылымдагы көптөгөн жүйүттөр Иса пайгамбарды убадаланган Машаяк катары кабыл албай коюшкан. Эмне үчүн? Ага сыртынан карап баа бергендиктен алар аны жөнөкөй эле жыгач устанын уулу деп эсептешкен. Алар Иса пайгамбардын акылман экенин көрүп турушса да, укмуштай кереметтерди жасаганына таң калышса да, аны жыгач устанын уулу катары эле көргөндүктөн ага ишенгиси келбей коюшкан. Ошондуктан Иса пайгамбар башка жерге барып кабар айтууну чечкен. Ал: «Пайгамбар бардык жерде урматталат. Аны өз жеринде, өз үйүндө гана урматташпайт»,— деп айткан (Матай 13:54—58).

Жүйүт эли көптөгөн кылымдар бою Машаякты күтүп келген. Бирок Иса пайгамбарга карата болгон көз карашын өзгөртпөй, аны Машаяк катары кабыл албай койгондуктан, Кудайдын ырайымынан айрылып калышкан (Матай 23:37—39). Адамдар Иса Машаяктын жолдоочуларына карата да ошондой терс көз карашта болушкан. Анын шакирттери жөнөкөй эле балыкчылар болгондуктан жана аларды жүйүттөрдүн илим-билимдүү диний жетекчилери жек көргөндүктөн, көптөр алардын айткандарына маани беришкен эмес. Өздөрүнүн туура эмес ой жүгүртүүсүн өзгөртпөгөнүнүн натыйжасында жүйүттөрдүн көбү баалуу сыймыктан айрылып калышкан, тагыраак айтканда, Машаяктын жолдоочулары болбой калышкан (Жакан 1:10—12).

Айрымдар оюн өзгөртүшкөн

Айкын далилдерди көргөндөн кийин Иса пайгамбарга карата болгон көз карашын өзгөрткөн момун адамдар да болгон (Жакан 7:45—52). Маселен, Иса пайгамбардын бир туугандары анын убадаланган Машаяк экенине башында ишенишкен эмес (Жакан 7:5). Бирок кийин оюн өзгөртүп, ага ишенип калышкан (Элчилер 1:14; 1 Корунттуктар 9:5; Галатиялыктар 1:19). Ошондон көптөгөн жылдар өткөндөн кийин Римде жашаган жүйүттөр да Исанын жолдоочуларынын душмандары тараткан ушактарга карабай элчи Пабылдын кабарына кулак кагышкан. Натыйжада кабар уккандардын айрымдары Исанын жолдоочулары болушкан (Элчилер 28:22—24).

Бүгүнкү күндө да көптөр Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө терс ойдо. Эмне себептен? Жахабанын Күбөлөрүн жакшы билгендиктен же алардын окуулары менен жүргүзгөн иши Ыйык Китепке дал келбегендиктен эмес, Жахабанын Күбөлөрүнүн чындыкка окутарына ишенгиси келбегендиктен ошондой ойдо. Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары жөнүндө да көптөр так ушундай ойдо болушкан.

Исанын жолун жолдогондор жөнүндө башкалардын терс ойдо болору таң калыштуу деле эмес. Эмне үчүн? Иса пайгамбар шакирттерине: «Менин ысмым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар»,— деп айткан. Анан аларды: «Бирок ким акырына чейин чыдаса, ал куткарылат»,— деп ынандырган (Матай 10:22).

Жахабанын Күбөлөрү азыркы учурда Иса пайгамбардын буйругуна баш ийип, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды бардык адамдарга таратканга бүт күчүн жумшап жатышат (Матай 28:19, 20). Кабарга кулак каккандар түбөлүк өмүр алышат, какпагандар андай мүмкүнчүлүктөн айрылат (Жакан 17:3). Силер кандай ойдосуңар? Адамды бир көргөндө пайда болгон ой-пикирге жетектелесиңерби же аны жакшыраак билгенден кийин гана чечим чыгарганга аракет кыласыңарбы? Адамга сыртынан карап баа берүү жаңылыш жыйынтык чыгарууга алып келерин, ал эми баарын текшерип көрүүнүн натыйжасы жакшы болорун унутпагыла (Элчилер 17:10—12).

[11-беттеги сүрөт]

Жүйүттөр Исага сыртынан карап баа бергендиктен аны Машаяк катары кабыл албай коюшкан

[12-беттеги сүрөт]

Жахабанын Күбөлөрүнө карата болгон көз карашыңар эмнеге негизделген?