Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алтайдын алтын тоолорунан бермет издеп...

Алтайдын алтын тоолорунан бермет издеп...

Орусиядан келген кат

Алтайдын алтын тоолорунан бермет издеп...

МАЙ айы. Сибирдин түштүк-батышынан орун алган, табиятынын кооздугу көз талыткан Алтай республикасы. Үйүбүздүн терезесинен карагайлуу жыш токой, кызарып чыгып келаткан күн, ак мөңгүлүү тоолор көрүнүп турат. Алтайдын бул тоолуу өрөөнүндө өз тили бар азиялык эл отурукташкан. Алар Алтай тоолорунун койнунда жашашат. Алтай деген сөз түрк-монгол тилинен которгондо «алтын» дегенди билдирет.

Жубайым экөөбүздүн орус жаңдоо тилин үйрөнүп, Жахабанын Күбөлөрүнүн дудуктар үчүн уюштурулган жаңдоо тилиндеги жыйналыштарына жана топторуна барып жүргөнүбүзгө бир нече жыл болуп калды. Бул өлкөдө 100дөн ашуун этностук топтор бар, алардын жетимишинин маданияты ар башка. Бирок аларды бир тил — орус тили — бириктирип турат. Ал эми дүлөйлөр менен дудуктар орус жаңдоо тилинде сүйлөшөт. Алар бири-бири менен абдан ынак, ошондой эле меймандос келишет. Биз алардын өздөрү жөнүндө айтып бергенди жакшы көрүшөрүн да байкадык. Деги эле, алтайлыктар ушундай эл экен.

Горно-Алтайск шаарынан 250 километр алыс жердеги кыштакта бир нече дүлөй киши жашай турганын билдик. Ал жерде аз эле Жахабанын Күбөсү бар, алар жаңдоо тилин билишпейт. Биз ошол дүлөй кишилерди издеп-таап, аларга жолугууну чечтик. Дүлөй жубайлар Юрий менен Татьяна бул тууралуу билгенде аябай сүйүнүп, биз менен барарын айтышты. Жаңдоо тилинде кабар жазылган дисктерди жана DVDни машинеге салып, жолго чоң термоско чай куюп, кара нан, ышталган колбаса жана капуста, картошка менен жасалган пирожки алып алдык. Ал аймакта энцефалит оорусун алып жүрүүчү кенелер көп болгондуктан, жолго чыгар алдында алардан коргой турган чачма заттарды бутубуздан башыбызга чейин чачып алдык.

Жолду карай асман тиреген тоолорго суктанып, каңылжаарды жарган жасминдин, сирендин жытын искеп жүрүп отурдук. Табияттын ушундай кереметтери бизди абдан сергитти! Жолдон эч нерседен капарсыз оттоп жүргөн Сибирь бугуларын да көрүп, аябай кубандык. Алтайлыктар чатыры темир менен жабылган жыгач үйлөрдө жашашат экен. Көпчүлүгүнүн үйүнүн жанында жыгачтан салынган, чатыры учтугуй келген алты бурчтуу үйү бар. Алтайлыктар ал үйлөрүн айыл деп коюшат. Андай үйлөрдүн айрымдарынын чатыры бактын кабыгы менен жабылган. Алтайлыктардын көбү май айынан сентябрь айына чейин ошол үйлөрүндө жашашат, ал эми суук түшүп, кыш келгенде берки үйлөрүнө киришет.

Бизди ошол жерде жашаган Жахабанын Күбөлөрү жылуу тосуп алып, алтайлык бир дүлөй жубайлардын үйүнө алып барышты. Ал жубайлар биздин барганыбызга аябай сүйүнүп, кайдан келгенибизди, эмне кылып жүргөнүбүздү сурашты. Алардын компьютери бар болгондуктан DVD дискти алып чыкканыбызда, алар аны коюп беришибизди суранышты. Экөө тең экрандан көзүн албай, бизди унутуп, тымтырс болуп отуруп калышты. Көргөндөрүн жаңдоо тилинде кайталап, кошулганын билдирип, башын ийкеп жатышты. Алар аябай кызыгып көргөндүктөн, DVDнин башында көрсөтүлгөн кооз бейиш жөнүндөгү үзүндүнү түшүндүрүп бериш үчүн, дискти кайра артка түрдүрдүк. Бир үзүндүгө токтоп, Кудайдын адамзат үчүн эмнелерди караштырып койгонун жана алар дисктен көргөн бейиште кандай адамдар түбөлүк жашай турганын айтып бердик. Алардын Ыйык Китептеги кабарга кызыкканын көрүп, кубанычыбыз койнубузга батпай сүйүндүк. Кетерибизде алар бизге ал кыштактан анча алыс эмес жерде дагы бир дүлөй жубайлар жашай турганын айтышты.

Ал жерден чыгып, кайрадан залкар тоолорду аралай чакан кыштакты көздөй жөнөдүк. Кыштактан бир уулу бар дүлөй жубайларга жолуктук. Аялынын апасы алар менен чогуу турат экен. Алар да биздин келгенибизге сүйүнүштү. Бизди айыл деп аталган үйүнө киргизишти. Үйдүн ичи жыгач, сүт жыттанып турат экен. Чатырдын төбөсүнөн күндүн нуру төгүлүп, үйдүн ичи жарык болуп турду. Дубалда кызыл килемче илинген, үйдүн бир бурчунда болсо кыштан салынган меш бар экен. Алар боорсок менен чай беришти. Биз алардан: «Кандай деп ойлойсуздар, адамдар Кудай менен дос боло алабы?» — деп сурадык. Алар бул суроо тууралуу ойлонуп калышты. Бир маалда кожоюндун кайненеси бала кезинде тоого тамак-аш алып барып, кудайларга тартуу кылганын эстеп: «Бирок эмнеге антиш керектигин билчү эмесмин, бул биздин салтыбыз болчу»,— деди.

Биз аларга DVDден ушуга байланыштуу теманы көрсөткөнүбүздө, алардын кубанганынан жүзүнөн нур чачыла түштү. Алар аябай кызыгып, андан да көбүрөөк билгиси келерин айтышты. Алар менен уюлдук телефон аркылуу SMS жазышып да байланышуу мүмкүн эмес болгондуктан, кат аркылуу байланышып турууга макулдаштык.

Ошентип, алар менен коштошуп, күн батайын деп калганда жолго чыктык. Жол алыс болгондуктан Горно-Алтайскиге аябай чарчап келдик, бирок жүрөгүбүзгө толгон кубанычтан улам чарчаганыбызды унутуп койдук. Кийин ошол кыштакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнөн баягы үй-бүлө тууралуу сурадык. Ал үй-бүлөнүн башчысы эки жумада бир жолу бир шаарга барып, жаңдоо тилин билген бир эже менен Ыйык Китепти изилдеп, жыйналыштарга да катышып турат экен. Жумшаган күч-аракетибиздин акыбети кайтканын билгенде аябай сүйүндүк!

Жүрөгү таза адамдарды издөөнү тоонун арасында жашырылган кенчти издегенге салыштырса болот. Биз бир нече саат бою кенч издеп жүрүп, күтүлбөгөн жерден «бермет» таап алдык. Биз үчүн Алтай тоолору чынында эле алтындай болуп калды, анткени ал жерден жүрөгү таза адамдарды таптык.