Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ал Жахабага берилгендигин сактаган»

«Ал Жахабага берилгендигин сактаган»

Балдарыңарды үйрөткүлө

«Ал Жахабага берилгендигин сактаган»

КИМДИР БИРӨӨ сага берилгендигиңди сакта деп айтты беле? ~ * Мисалы, ата-энең же мугалимиң досуңа берилгендигиңди сакташың керек экенин айткандыр. Берилгендик сактоо кимдир бирөө менен болгон мамилебизди жогору баалоону билдирет. Кел анда, чыныгы Кудай «Жахабага берилгендигин сактаган» бир киши жөнүндө окуп көрөлү. Анын аты Хиския. Андан эмнеге үйрөнө алабыз?

Хискиянын балалыгы бактысыз өткөн. Анын атасы Ахаз Жүйүт элинин падышасы болчу. Ал Жахаба Кудайдан четтеп, ага кызмат кылбай калган. Хискиянын бала кезинде атасы жалган кудайларга сыйына баштаган. Ал атүгүл өзүнүн уулун, Хискиянын бир тууганын, өзү сыйынган жалган кудайга курмандыкка чалган.

Атасы ушундай жаман иштерди кылса да, Хиския Жахаба Кудайга дайыма баш ийген. Кандай деп ойлойсуң, бул ага оңой болгонбу? ~ Аябай эле оор болгон. Ошентсе да Хиския Кудайга баш ийгенге аракет кыла берген. Кел, Жахабага берилгендигин сактаганга ага эмне жардам бергенин жана биз да канткенде ошенте аларыбызды карап көрөлү.

Хиския Жахабага берилгендигин сактаган кишилерден үлгү алган. Алардын бири Дөөтү пайгамбар болгон. Дөөтү пайгамбар Хискияга чейин жүздөгөн жылдар мурун жашаса да, Хиския ал жөнүндө Ыйык Жазмалардан окуп-билген. Дөөтү пайгамбар: «Мени ата-энем таштап кетсе да, Жахаба кабыл алат»,— деп жазган.

Дөөтү пайгамбарга Жахабага баш ийгенге эмне жардам бергенин байкадыңбы? ~ Ага болгон ишеним жардам берген. Ал Жахабага баш ийсе, анын жардам берерине бекем ишенген. Дөөтү пайгамбар мындан эч шектенген эмес! Анын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүү Хискияга Кудайга баш ийип, берилгендигин сактаганга жардам берген. Эгер Жахаба Кудайдын тилин алып, ага берилгендигиңди сактасаң, ал сага да сөзсүз жардам берет.

Эгер атаң же апаң Жахабага сыйынбасачы? ~ Кудай балдардан ата-энесине баш ийишин талап кылат. Ошондуктан сен да ата-энеңдин тилин алышың керек. Бирок алар сага Кудайга жакпай турган нерсени кылууну айтса, эмне үчүн андай кыла албай турганыңды түшүндүрүп берсең болот. Сени калп айтканга, уурдаганга же Кудайга жакпаган башка иштерди кылганга ким түртпөсүн, аларды укпашың керек. Сен Кудайга баш ийишиң керек!

Бизге үлгү калтырган дагы башка адамдар бар. Хиския Дөөтү пайгамбардан эле эмес, өзүнүн чоң атасы Жотамдан да үлгү алган. Жотам Хиския төрөлгөнгө чейин эле каза болуп калса да, ал чоң атасы жөнүндө биле алган. Биз да Жотам жөнүндө Ыйык Китептен биле алабыз. Дагы кимдерден үлгү алсак болот деп ойлойсуң? ~

Ыйык Китептен окуганыбыздай, Хиския, Жотам, Дөөтү пайгамбар жана башка жеткилеңсиз адамдар ката кетиришкен. Бирок алар Жахаба Кудайды жакшы көрүшкөн жана каталарын мойнуна алып, туура иштерди кылганга аракет кылышкан. Иса пайгамбар гана жеткилең болгон. Ошондуктан ал жөнүндө окуп-изилдеп, аны туураганга умтулушубуз керек.

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ТӨМӨНКҮ АЯТТАРДЫ ОКУ:

2 Падышалар 18:6; 2 Жылнаама 28:1—3;

Забур 27:10; Эфестиктер 6:1; Колосалыктар 3:20;

2 Жылнаама 27:1, 2; 1 Петир 2:21

[Шилтеме]

^ 3-абз. Макаланы балдарыңар менен окуй турган болсоңор, толкун сызык (~) коюлган жерден тыным жасап, алардын оюн уккула.