Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

«Белгисиз Кудайга» арналган курмандык жайы эмне болгон курмандык жай болгон? (Элчилер 17:23).

Байыркы убактагы көптөгөн грек жазуучулары ушундай курмандык жайлары тууралуу жазышкан. Мисалы, 2-кылымда жашаган Павсаний деген тарыхчы жана географ Олимпия шаарында «Белгисиз кудайларга арналган курмандык жайы» болгонун айткан. Ал эми сөзгө чечен Филострат деген ойчул афиндиктердин «өздөрү билбеген белгисиз кудайлардын урматына курмандык жайларды курушканын» жазган.

Үчүнчү кылымда жашаган Диоген Лаэртий деген жазуучу «эч кандай жазуусу жок курмандык жайлардын» эмне үчүн курулганынын себептерин айткан. 6-кылымга же 7-кылымга таандык тарыхый бир билдирүүдө Эпименид деген кишинин Афин шаарын жугуштуу оорудан арылтканы жазылган. Диоген мындай деп жазган: «Ал [Эпименид] Ареопагга кой алып барып, аларды коё берген. Анан койлордун артынан кишилерди жиберип, койлор кайсы жерге жуушаса, ошол жерлерге жергиликтүү эл сыйынган кудайга курмандык чалууну буйруган. Ошондон кийин жугуштуу оору токтогон деп айтылат. Бүгүнкү күндө да Аттиканын ар кайсы жерлеринен кимге арналганы белгисиз болгон курмандык жайларды кезиктирүүгө болот».

Белгисиз кудайларга арналган курмандык жайлардын кандай максатта курулганынын дагы бир себеби ыйык китептик бир сөздүктө мындай деп түшүндүрүлөт: «Адамдар белгисиз кудайлардын да батасын алыш үчүн жана аларды капа кылып алып, каргышына калбаш үчүн аларга арнап курмандык жайларды курушкан» («The Anchor Bible Dictionary»).

1-кылымдагы жүйүттөр салык жыйноочуларды эмне үчүн жек көрүшчү?

Салык жыйноочулар эзелтеден бери эле жек көрүндү болуп келишет. 1-кылымдагы жүйүттөр аларды жек көрүп, паракор адамдар катары көрүшчү.

Рим бийлиги элге чоң салык салган. Римдик башкаруучулар жер салыгын талап кылышкан, жеке ар бир адам үчүн да салык алышкан. Ошондой эле алар көп акча төлөгөндөргө чет өлкөгө чыккан, башка жактан келген жана өлкө аркылуу өткөн товарлар үчүн салык алуу милдетин сатышчу. Ошондуктан жергиликтүү ишкерлер салык чогултууга укук сатып ала алышкан. Андай кишилер элге жек көрүндү болгон Рим бийлигине кызмат кылгандыктан, жүйүттөр өздөрүнүн мекендештеринен салык жыйноочу болгондорду аябай жаман көрүшчү. Макклинток жана Стронгдун энциклопедиясында белгиленгендей, жүйүттөр салык жыйноочуларды «саткын, чыккынчы катары көрүшкөн жана салык жыйноочулар бутпарастар менен тыгыз кызматташкандыктан, аларды бузулган адамдар деп эсептешкен».

Салык жыйноочулар ачык эле элдин акчасын жеп, өздөрүнүн мекендештеринин эсебинен байышкан. Алар белгиленген салыктан ашыкча акча алып, өз чөнтөгүнө салышчу, атүгүл жакырларды жөн жерден айыпка жыгып, акча өндүрүп алышчу (Лука 3:13; 19:8). Мына ушул себептен жүйүттөр аларды күнөөкөрлөр деп эсептешкен жана «Жүйүт энциклопедиясына» ылайык, салык жыйноочуларды сот же күбө катары тандашчу эмес (Матай 9:10, 11).

[18-беттеги сүрөт]

Белгисиз кудайга арналган курмандык жайы, пергамдын урандылары, Турция

[18-беттеги сүрөт]

б.з. 2 же 3-кылымына таандык римдеги салык жыйноочунун ташка түшүрүлгөн сүрөтү

[18-беттеги сүрөт]

Erich Lessing/Art Resource, NY