Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса пайгамбарды кандай элестетесиңер?

Иса пайгамбарды кандай элестетесиңер?

Иса пайгамбарды кандай элестетесиңер?

Силер, балким, аны жаңы төрөлгөн баладай, өлүм алдында турган кишидей же бийлиги бар Падышадай элестететтирсиңер.

Ыйык Китепте Исанын азыр зор бийликке ээ Падыша экени айтылат. Бул силер үчүн эмнени билдирет?

Көптөр Иса пайгамбардын адамзат үчүн өмүрүн бергенине ишенишет. Бирок 2000 жылдай убакыт мурун жашаган адамдын өлүмү кандайча башкалардын өмүр алышына жол ачышы мүмкүн?

Жахабанын Күбөлөрү 5-апрелде, бейшемби күнү, күн баткандан кийин Иса пайгамбардын өлүмүн эскерүү үчүн чогулушат. Ошол кечеде жогорудагы суроолорго Ыйык Китепте эмне деп жооп берилери айтылат. Силерди келип угуп кетүүгө чын жүрөктөн чакырабыз.

Бул маанилүү кеченин саат канчада жана каерде болорун Жахабанын Күбөлөрүнөн сурап алсаңар болот.

Иса пайгамбардын өлүмүн эскерүү кечесинен кийинки жумада Ыйык Китепке негизделген «Дүйнөнүн акырына канчалык аз калды?» деген темада кызыктуу баяндама айтылат. Бул баяндамада Кудай жөнүндөгү чындыкты издегендерге жана Иса пайгамбар жөнүндө көбүрөөк билгиси келгендерге жакшы кабарды жеткириш үчүн дүйнө жүзү боюнча кандай иш-аракеттер кылынып жатканы баса белгиленет. Сизди баяндаманы угуп кетүүгө чакырабыз.