Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Троица жөнүндөгү окуу Ыйык Китепке негизделеби?

Троица жөнүндөгү окуу Ыйык Китепке негизделеби?

Окурмандардын суроолору

Троица жөнүндөгү окуу Ыйык Китепке негизделеби?

▪ Троица жөнүндөгү окуунун ар кандай түшүндүрмөлөрү бар. Алсак, бир китепте мындай делет: «Троица үч кудайдан (Атадан, Уулдан жана Ыйык рухтан) турат. Алардын ар бири түбөлүктүү, ар бири кудуреттүү, бири экинчисинен төмөн же жогору эмес, үчөө тең кудай жана үчөө биригип бир Кудай болуп эсептелет». Бул окуу Ыйык Китепке негизделеби?

Бул окууну жактагандар анын Ыйык Китепке негизделерин далилдеш үчүн, адатта, Матай 28:19ду келтиришет. Ал жерде Иса пайгамбардын мындай буйрук бергени айтылат: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлдүргүлө». Бул аятта Ата, Уул жана ыйык рух жөнүндө айтылса да, үчөө тең бир деп айтылган жок. Иса пайгамбар жүйүт жолдоочуларына адамдарды окутуп, Атанын, Уулдун, ыйык рухтун атынан чөмүлдүрүүнү буйруган. Жүйүттөр эмнеге ишенишкен?

Кудай ысрайыл эли менен Мыйзам келишимин түзүп, аларга: «Менден башка кудайларың болбосун»,— деген (Мыйзам 5:7). Бул эмнени көрсөтүп турат? Мыйзам китебинин 6-бөлүмүнүн 4-аятынан буга айкын жооп алууга болот. Ал аятта: «Ук, Ысрайыл, Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба»,— делет. Ушул мыйзам берилген убакта ысрайыл эли жаңы эле Мисир кулчулугунан бошонгон. Мисирликтер Осирис, Исида, Гор деген үч кудайга (солдо көрсөтүлгөн) сыйынышчу. Ошондуктан ысрайылдыктарга бир эле Кудайга сыйынышы керектиги айтылган. Бул мыйзамдын эмнени билдирерин жакшы түшүнүү канчалык маанилүү болгон? Жүйүттөрдүн мыйзамын жакшы билген И. Г. Герц деген киши жазгандай, Кудай «монотеизмди [бир Кудайга сыйынууну] жар салуу менен политеизмге [көп Кудайга сыйынууга] каршы согуш жарыялаган... Шма христиан дининин окууларынын негизинде жаткан Троица жөнүндөгү окууну төгүнгө чыгарат» *.

Иса пайгамбар жүйүт болгондуктан, ал да бир эле Кудайга сыйынууга байланыштуу мыйзамга карманган. Ал чөмүлтүлгөндөн кийин, Ибилис аны азгырганда, ага мындай деген: «Кет жанымдан, Шайтан! Анткени Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабага сыйын, ага гана ыйык кызмат кыл“,— деп жазылган» (Матай 4:10; Мыйзам 6:13). Ал окуядан биз, бери дегенде, эки нерсе жөнүндө билебиз. Биринчиден, Шайтан аны Жахабадан башка бирөөгө сыйынууга азгырган. Эгер ал Кудайдын бир бөлүгү болсо, Шайтан аны ушинтип азгырат беле? Экинчиден, Иса пайгамбар «ага гана» деп айтуу менен Кудайдын Троица эмес экенин айкын көрсөткөн. Эгер ал Троицанын бир бөлүгү болсо, «бизге гана» сыйын деп айтмак.

Адамдар Жахаба Кудай жөнүндө билим алып, ага кызмат кылууну чечкенде, «Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлдүрүлүшөт» (Матай 28:19). Алар башкарууга Кудай гана укуктуу экенин түшүнүшөт жана анын ой-ниети Иса Машаяк аркылуу ишке ашарына ишенип, анын бийлигин кабыл алышат (Забур 83:18; Матай 28:18). Ошондой эле ыйык рух Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү экенин түшүнүшөт (Башталыш 1:2; Галатиялыктар 5:22, 23; 2 Петир 1:21).

Троица жөнүндөгү окуу адамдарды кылымдардан бери адаштырып келет. Иса пайгамбар болсо жолдоочуларына Кудай жөнүндө чындыкты ачып берип, аларды «жалгыз чыныгы Кудайга» — Жахабага — гана сыйынууга үйрөткөн (Жакан 17:3).

[Шилтеме]

^ 5-абз. Кудайдын жалгыз экени айтылган Шма, тагыраак айтканда, Мыйзам 6:4кө негизделген тиленүү, жүйүттөрдүн синагогасында сыйынуунун маанилүү бөлүгү болуп эсептелген.

[23-беттеги сүрөт]

Musée du Louvre, Paris