Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Суроолорго жооп алуу маанилүүбү?

Суроолорго жооп алуу маанилүүбү?

Суроолорго жооп алуу маанилүүбү?

«Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат» (ЖАКАН 8:32).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ Иса пайгамбар тууралуу чындык жазылган. Ал чындык Иса пайгамбар жөнүндөгү жалган окууларды айырмалай билгенге жардам берет. Ал жөнүндө чындыкты билгенибиз маанилүүбү? Ооба, бул Жахаба Кудай үчүн, Иса пайгамбар үчүн жана өзүбүз үчүн да абдан маанилүү.

Эмне себептен Жахаба Кудай үчүн маанилүү? Себеби «Кудай — сүйүү» (1 Жакан 4:8). Ал биздин түбөлүккө бактылуу болушубузду каалайт. Иса пайгамбар: «Кудай бул дүйнөнү [адамзатты] ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам... түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деп айткан (Жакан 3:16). Жахаба Кудай өзүнүн баштапкы ой-ниетине ылайык, жер бетинде боло турган бейиште адамдар түбөлүк жашай алышы үчүн, Иса пайгамбарды жерге куткаруучу катары жиберген (Башталыш 1:28). Иса пайгамбар тууралуу чындыкты билип, ошого ылайык иш кылгандарга Кудай түбөлүк өмүрдү белек кылгысы келет (Римдиктер 6:23).

Эмне себептен Иса пайгамбар үчүн маанилүү? Иса пайгамбар да адамзатты сүйөт. Ал бизди сүйгөндүктөн өз жанын берген (Жакан 15:13). Себеби өз жанын берип гана адамзатты куткара аларын түшүнгөн (Жакан 14:6). Ал куткаруу курмандыгынан мүмкүн болушунча көп адамдардын пайда алышын каалайт. Ошо себептен өзүнүн чыныгы жолдоочуларына адамдарга Кудайдын эркин, ой-ниетин үйрөтүүнү буйруган (Матай 24:14; 28:19, 20).

Эмне себептен өзүбүз үчүн маанилүү? Силерге эң керек болгон нерселер жөнүндө, мисалы, ден соолук, үй-бүлө жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Жакындарыңар менен чың ден соолукта, бактылуу болуп жашагыңар келеби? Жахаба Кудай Иса пайгамбар аркылуу азап-кайгы болбой турган, адамдардын бардыгы чың ден соолукта жашай турган бейиштеги жашоого жол ачкан (Забур 37:11, 29; Аян 21:3, 4). Жакындарыңар менен ошондой жерде жашагыңар келет беле? Эгер жашагыңар келсе, эмне кылышыңар керек?

Макаланын башындагы: «Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат»,— деген сөздөргө кайра көңүл бурсаңар. Иса пайгамбар жөнүндөгү жана Кудайдын ой-ниети ал аркылуу кандайча ишке ашары жөнүндөгү чындык күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошотот. Бирок эркиндикке чыгыш үчүн «чындыкты таанып-билишиңер» керек. Ал чындык тууралуу жана анын силерге, жакындарыңарга кандай пайда алып келерин билгиңер келсе, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот.