Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

«Сот жүргүзүлчү жер» кандай болгон?

Элчилер китебинин 18-бөлүмүнүн 12, 13-аятында баяндалгандай, Корунт шаарындагы жүйүттөр Кудайдын Пабыл деген кызматчысын элди Кудайга мыйзамга ылайык келбеген жол менен сыйынууга үндөп жүрөт деп айыпташкан. Анан аны «сот жүргүзүлчү жерге» же бемага (бул грек сөзү «секиче» деп которулат) алып барышкан. Байыркы Корунт шаарында базар аянтына жакын жерде секиче бар болчу. Кыязы, ал синагогага жакын жайгашкан. Секиче жерден бийигирээк болгондуктан ал жерден элге кайрылуу оңой болгон. Сот жүргүзүлчү жерде көгүш жана ак мрамордон жасалган, ар кандай сүрөттөр чегип түшүрүлгөн секичеден тышкары, мрамордон жасалган отургучтары бар, полуна оймо-чийме түшүрүлгөн, үч дубалы бар, үстү ачык эки жай болгон.

Жүйүттөр Пабылды ошол учурда Ахаянын аймак акими болгон Галиондун алдына алып барышканда ушундай жерге алып барышкан көрүнөт. Адатта, ошол жерден иштер каралып, кандай чечим чыгарылганы элге жарыяланчу.

Байыркы грек шаарларында беманын алдына чогулуу адаттагы эле көрүнүш болгон. Иса пайгамбардын соттолгону жөнүндө жазылган билдирүүлөрдө, мисалы, Матай 27:19да жана Жакан 19:13тө Понтий Пилаттын элге бемадан, тагыраак айтканда, сот тактысынан кайрылганы айтылат (Элчилер 12:21).

Иса пайгамбардын өлүмү эмне үчүн айрым жүйүттөргө мүдүрүлүүгө себеп болгон?

Иса пайгамбардын бир элчиси: «Биз... устунга кадалган Машаяк жөнүндө кабар айтып жатабыз. Бул — жүйүттөр үчүн мүдүрүлүүгө себеп, ал эми башка элдер үчүн акылсыздык»,— деп жазган (1 Корунттуктар 1:23). Иса пайгамбардын устунга кадалып өлтүрүлгөнү эмне үчүн айрымдарга мүдүрүлүүгө себеп болгон?

Иса пайгамбардын устунга кадалып өлгөнүнө жана Ортоңку Чыгышта жашагандардын маданиятына байланыштуу Ыйык Китепти изилдеген Бен Уидерингтон деген киши мындай деген: «Ошол учурда бул маскара болгондукка жаткан. Иса пайгамбардын устунга кадалып өлгөнүн алар эрдик деп эсептеген эмес». Ошондой эле: «Алар адамдын кантип өлгөнүнөн анын кандай киши болгонун билүүгө болот деп эсептешкен. Ошондуктан Иса пайгамбарды алдамчы, өкмөткө каршы чыккан козголоңчу катары көрүшкөн жана анын козголоң чыгарган кулдардай болуп жазаланганын туура көрүшкөн»,— деген. Ушундан улам Иса пайгамбардын алгачкы жолдоочулары анын өлүмү жана тирилгени жөнүндөгү маалыматты бурмалашкан эмес деп айтууга болот.