Диндер жакында эмне болот?
Кудай Сөзүнөн билим алгыла
Диндер жакында эмне болот?
Балким, бул макаладагы суроолор силерди кызыктыраттыр. Алардын жообун Ыйык Китептен таба аласыңар. Аларды Жахабанын Күбөлөрү менен талкууласаңар болот.
1. Диндердин баары эле Кудайга жагабы?
Кайсы динди тутпасын, Кудайга жагууну каалаган жүрөгү таза адамдар бар. Кудай ал адамдарды билет жана аларга кам көрөт. Өкүнүчтүүсү, динди жамынып алып, жаман иштерге баргандар да аз эмес. Мурунку убактарда диний жетекчилер аларга каршы чыккандарды кыйнашкан, куугунтукташкан (2 Корунттуктар 4:3, 4; 11:13—15). Бүгүнкү күндө болсо жаңылыктардан айрым диний жетекчилердин террорчулукту, же согушту колдоп жатканы, же жаш балдарды бузганы жөнүндө угуп калабыз (Окугула: Матай 24:3—5, 11, 12).
Ыйык Китепте эки эле дин — жалган жана чыныгы дин — бар экени айтылат. Жалган дин Кудай жөнүндө чындыкка окутпайт. Бирок Жахаба Кудай адамдардын ал жөнүндө чындыкты билишин каалайт (Окугула: 1 Тиметей 2:3—5).
2. Диндер жакында эмне болот?
Кудай жүрөгү таза адамдардын Кудайды сүйөбүз деп ырастаган, бирок ал жөнүндөгү чындыкты бурмалаган диндерге алданышын каалабайт. Чынында, андай диндердин мүчөлөрү Шайтан башкарып жаткан дүйнөгө таандык болууну жакшы көрүшөт (Жакып 4:4; 1 Жакан 5:19). Ыйык Китепте Кудайга эмес, өкмөт башындагыларга берилгендик сактаган диндер бузулган аялга салыштырылат. Ошондой эле ал бузулган аялдын аты «Улуу Бабыл» экени айтылат. Улуу Бабыл деп аталганынын себеби Нух пайгамбардын күндөрүндө болгон Топон суудан кийин Бабыл шаарында жалган диндер пайда боло баштаган. Жакында Кудай азап-кайгыга себеп болуп жаткан, адамзатты адаштырган диндердин баарын жок кылат. Бул күтүлбөгөн жерден болот (Окугула: Аян 17:1, 2, 5, 17; 18:8, 23, 24).
3. Кудай жер жүзүндөгү адамдардын баарына кандай кубаныч тартуулайт?
Жалган диндин жакында жок кылынары жөнүндөгү кабар жакшы кабар болуп эсептелет. Анткени ошондо адамзат азап-кайгыдан биротоло арылат. Жалган диндер андан ары адамдарды адаштырбайт жана адамдар диндин айынан бөлүнбөй калат. Жер жүзүндөгү адамдарын баары чыныгы Кудайга биримдикте сыйынат (Окугула: Ышая 11:9; Аян 18:20, 21; 21:3, 4).
4. Жүрөгү таза адамдар эмне кылышы керек?
Жахаба Кудай дүйнөнүн чар тарабында жашаган жүрөгү таза адамдарды билет. Ал азыр андай адамдарды чогултуп жатат жана аларды чындыкка окутуп, бириктирүүдө (Окугула: Микей 4:2, 5).
Жахаба Кудай ага кызмат кылгысы келгендерди кабыл алып, өзүнүн элине кошот. Ага кызмат кыла баштаганда, досторубуз, туугандарыбыз каршы болушу мүмкүн, бирок ошого карабай кызмат кыла берсек, көп бата алабыз. Мисалы, Кудай менен ынак мамиле өрчүтөбүз, анын элинин арасынан бир туугандай болгон досторду табабыз, ал эми келечекте түбөлүк өмүр алабыз (Окугула: Марк 10:29, 30; 2 Корунттуктар 6:17, 18).
Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган бул китептин 15, 16-бөлүмдөрүн карагыла.
ЫЙЫК КИТЕП чынында ЭМНЕГЕ ОКУТАТ?
[16-беттеги сүрөт]
The Complete Encyclopedia of Illustration/J. G. Heck