Иса пайгамбар эмне деген?
Иса пайгамбар эмне деген?
Кудайдан корккон көптөгөн адамдар дин саясатка кийлигишиши керек деп эсептешет. Алар дин адам баласынын кыйынчылыктарын чечкенге жардам берет деп ойлошот. Башкалары болсо дин саясатка аралашпашы керек деген ойдо. Ал эми буга карата силердин оюңар кандай? Дин менен саясат биргелешип иш жүргүзүшү керекпи?
АЙРЫМДАР Иса пайгамбарды «дүйнө жүзүндөгү көптөгөн диндерге күчтүү таасир эткен инсан» деп эсептешет. Ошондуктан анын айткан сөздөрүн жана кылган иштерин карап чыксак, «Дин саясатка кийлигишиши керекпи?» деген суроого жооп ала алабыз. Иса пайгамбар бир жолу өзүнүн жолдоочуларынын коомго таасир этери жөнүндө сөз кылган. Келгиле, ал айткан сөздөрдүн айрымдарына токтололу.
Алардын коомго тийгизген таасири
Иса пайгамбар жолдоочуларынын бул дүйнөгө карата кандай көз карашта болушу керектигин мындай деп түшүндүргөн: «Силер жердин тузусуңар. Туз күчүн жоготсо, аны кантип калыбына келтирүүгө болот? Ал ыргытылып, тепсендиде калгандан башка эч нерсеге жарабай калат. Силер дүйнөнүн жарыгысыңар... Башкалар жакшы иштериңерди көрүп, асмандагы Атаңарды даңкташы үчүн, силердин да жарыгыңар алардын алдында жаркырап турсун» (Матай 5:13—16). Ал өзүнүн жолдоочуларын эмне үчүн тузга жана жарыкка салыштырган?
Иса пайгамбардын сөздөрү анын жолдоочулары белгилүү бир адамдардын тобу үчүн эле эмес, бүт адамзат үчүн «туз» экенин жана белгилүү бир сандагы адамдар үчүн эле эмес, Кудай жөнүндөгү чындыкты издеген адамдардын баары үчүн «жарык» экенин көрсөтүп турат. Демек, Иса пайгамбар жолдоочуларынын коомдон обочолонушун каалаган эмес. Эмне үчүн?
Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр: этти туздабаса, ал көпкө сакталбайт. Чырак бөлмөнү жарык кылышы үчүн, аны бөлмөдөн башка жакка эмес, бөлмөнүн ичине коюш керек. Демек, Иса пайгамбардын өзүнүн жолдоочуларына эмне үчүн коомдон обочолонбошу керектигин айтканы түшүнүктүү. Ал аларга Кудайга ишенгендердин тобун түзүп алып, дүйнөнүн бир бурчуна көчүп кетиши керектигин же өздөрүнүн чөйрөсүндөгү адамдар менен гана байланышып, башкалардан обочо жүрүшү керектигин айткан эмес. Тескерисинче, эт көпкө сакталышы үчүн, аны туздагандай эле жана чырак бөлмөнү жарык кылышы үчүн, аны башка жакка эмес, ошол бөлмөгө койгондой эле, ал өзүнүн жолдоочуларынын элге аралашып, алардын жашоосуна таасир этиши керектигин айткысы келген.
«Алар... дүйнөгө таандык эмес»
Бирок Иса пайгамбардын өзүнүн жолдоочуларына коомдон обочолонбошу керектиги жөнүндө айткандарынан улам анын жолдоочуларынын саясатка болгон көз карашына байланыштуу бир суроо туулат. Себеби Иса пайгамбар өлүмүнө аз калганда Кудайга кайрылып: «Аларды дүйнөдөн алып кетишиңди эмес, кара өзгөйдөн коргошуңду өтүнөм. Мен дүйнөгө таандык болбогондой эле, алар да дүйнөгө таандык эмес»,— деп тиленген (Жакан 17:15, 16). Эгер анын жолдоочулары дүйнөгө таандык болбосо, кандайча алар коомдон обочолонбой жашай алышат? Буга жооп алыш үчүн, келгиле, төмөндөгү үч суроону карап чыгалы:
• Иса пайгамбар саясатка кандай караган?
• Иса пайгамбардын жолдоочулары саясатка аралашышы керекпи?
• Иса пайгамбардын окуулары коомго кандай таасир этет?
[4-беттеги кыстырма]
Иса пайгамбар жолдоочуларынын коомдон обочолонушун каалаган эмес