Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай ага кызмат кылгандарга сыйлык берет

Кудай ага кызмат кылгандарга сыйлык берет

Кудайга жакындагыла

Кудай ага кызмат кылгандарга сыйлык берет

«ЧОҢ ЫРАХМАТ». Кайсы бир ишти жакшы аткаргандан кийин кимдир бирөөдөн же биз белек берген адамдан ушул сөздү угуу кимге эле жакпасын. Ооба, кылган аракетибизди башкалардын, өзгөчө, жакын адамдарыбыздын баалашын каалайбыз. Баарынан да, биз чын жүрөктөн кызмат кылып жаткан Кудайыбыз Жахабанын биздин кызматыбызды баалашын каалайбыз. Ал ага кылган кызматыбызга кандай карайт? Келгиле, өз өмүрүн тобокелге салып, Кудайдын бир пайгамбарын сактап калган Эбетмелек деген кишиге Кудайдын кандай мамиле кылганын карап көрөлү (Окугула: Жеремия 38:7—13; 39:16—18).

Эбетмелек ким болгон? Ал жүйүт элинин падышасы Ситкиянын ак сарай кызматчысы болгон. Эбетмелек Кудайдан баш тартып кеткен жүйүт элине Кудайдын сот өкүмүн жарыялаган Жеремия пайгамбардын убагында жашаган. Ал ыймансыз төрөлөрдүн арасында кызмат кылса да, дайыма Кудайдан коркуп иш кылган жана Жеремия пайгамбарды урматтап-сыйлаган. Эбетмелектин чынында эле ошондой киши болгонун кара ниет төрөлөр Жеремия пайгамбардын өлүшүн каалап, элди дүрбөлөңгө салып жатат деп жалаа жаап, баткак кудукка таштап салганда кылган иш-аракеттеринен көрүүгө болот (Жеремия 38:4—6). Ал эмне кылды эле?

Эбетмелек төрөлөрдөн коркпостон, эр жүрөктүк жана чечкиндүүлүк менен иш кылган. Ал Ситкия падышанын алдына барып, төрөлөрдүн Жеремия пайгамбарга адилетсиз мамиле кылышканын айткан. Ал, кыязы, төрөлөрдү көрсөтүп: «Бул кишилер Жеремия пайгамбарды кудукка таштап, жаман иш кылышты»,— деген (Жеремия 38:9). Падыша анын айткандарын угуп, ага 30 киши менен барып, Жеремия пайгамбарды кудуктан чыгарууга буйрук берген.

Ошондо Эбетмелектин дагы бир сапаты, боорукердиги, көрүнгөн. Ал «эски-уску чүпүрөктөрдү, кесиндилерди алып», аларды аркан менен кудуктагы Жеремия пайгамбарга түшүргөн. Эбетмелек аркан менен кошо эмне үчүн чүпүрөктөрдү, кесиндилерди да түшүргөн? Жеремия пайгамбарды баткактан тартып чыгарып жатканда аркан колтугуна өтүп кетпеши үчүн ошенткен (Жеремия 38:11—13).

Жахаба Кудай Эбетмелектин Жеремия пайгамбарга кылган жакшылыгын көргөн. Кудай ага жакшылыгы үчүн эмне кылган? Ал ага Жеремия пайгамбар аркылуу Жүйүт жеринин жакында талкаланарын айткан. Анан аны куткарарына убада берип: «Мен сени куткарам... адамдардын колуна салып бербейм... сени сөзсүз куткарам... сен кылычтан өлбөйсүң... өз жаның өзүңө олжо болот»,— деген (Жеремия 39:16—18). Ооба, Жахаба Кудай Эбетмелектин Жеремия пайгамбарга тынчсызданганы үчүн эле эмес, Кудайга таянганы үчүн жана бекем ишенгени үчүн ошондой иш кылганын билген.

Бул билдирүүдөн эмнени биле алабыз? Жахаба Кудай ага кызмат кылууда жасап жаткан иштерибизди жогору баалайт. Ыйык Китепте анын ишеним менен кылган кичинекей иштерибизди да унутпай турганы айтылат (Марк 12:41—44). Ушундай Кудайга жакындагыңар келеби? Эгер жакындагыңар келсе, Жахаба Кудайдын Ыйык Китепке жаздырып койгон убадасын аткарарына, тагыраак айтканда, «аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине» эч шектенбесеңер болот (Еврейлер 11:6).

МАЙДА ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУУ:

Жеремия 32—50