Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башында тил алгысы келбесе да, тил алган

Башында тил алгысы келбесе да, тил алган

Балдарыңарды үйрөткүлө

Башында тил алгысы келбесе да, тил алган

СЕНИН тил алгың келбеген учурларың болду беле? ~ * Балким, ата-энең көрбө деген кинону же мультфильмди көргөн чыгарсың. Бирок кийин ата-энеңдин тилин албай ал кинону көргөнүңө өкүнгөндүрсүң. Нааман деген бир киши да башында тил алгысы келген эмес. Кел, ага тил алууга эмне жардам бергенин карап көрөлү.

Бул окуя мындан 3000 жылдан ашуун убакыт мурун болгон. Нааман сириялык аскер башчы болчу. Ал жоокерлерине эмнени айтса, алар ошону кылышчу. Нааман пес оорусуна чалдыгып, денесинин баарын жара басып кеткен. Жара анын кебетесин келиштиргени аз келгенсип, катуу оорутчу.

Наамандын аялынын ысрайылдык кичинекей кызматчы кызы бар болчу. Бир күнү ал Наамандын аялына өз жериндеги Элиша пайгамбар жөнүндө айтып берет. Ал пайгамбар Нааманды айыктыра аларын айтат. Нааман ал пайгамбар жөнүндө укканда дароо ага жөнөмөкчү болот. Анан көптөгөн белек-бечкегин алып алып, Ысрайылды көздөй жөнөп кетет. Ал жакка барганда ысрайыл падышасына эмнеге келгенин айтат.

Элиша пайгамбар бул жөнүндө угуп, падышага Нааманды ага жиберишин айттырып жиберет. Нааман Элиша пайгамбардын үйүнө барганда, ал кызматчысынан Наамандын Иордан дарыясына барып, жети жолу чумкушу керектигин айттырат. Элиша пайгамбар Нааман сууга чумкуса айыгып каларын айтат. Ошондо Нааман кандай сезимде болгон деп ойлойсуң? ~

Ал ачууланып, Кудайдын пайгамбарынын тилин алгысы келбейт. Ал жоокерлерине: «Биз жактагы дарыялар Иордан дарыясынан кем бекен» — деп, кетип калмакчы болот. Жоокерлери ага эмне деген деп ойлойсуң? ~ Алар: «Пайгамбар сизге мындан оор нерсени кыл десе деле кылмаксыз да. Анан ушундай оңой эле нерсени кыл десе, кылбай коёсузбу?» — дешет.

Нааман жоокерлеринин айтканын угуп, Иордан дарыясына алты жолу чумкуйт. Жетинчи жолу чумкуп чыкканда, денесиндеги жаралары кетип калат. Ошентип, ал пес оорусунан айыгат! Суудан чыгары менен 48 чакырымдай жол жүрүп, ыракмат айтыш үчүн Элиша пайгамбардын үйүнө барат. Ал Элиша пайгамбарга кымбат баалуу белектерди бергиси келет. Бирок пайгамбар албай коёт.

Нааман Элиша пайгамбардан бир нерсе сурайт. Эмне сураганын билесиңби? ~ Эки качыр көтөрө алгыдай топурак сурайт. Кандай деп ойлойсуң, эмне үчүн топурак сураган? ~ Кудайдын элинин, тагыраак айтканда, ысрайылдыктардын жеринен топурак алпарып, андан курмандык жай куруп, Кудайга курмандык чалгысы келген. Анан Нааман Жахаба Кудайдан башка кудайларга сыйынбайм деп убада берет. Ошентип, Нааман Кудайдын тилин алган киши болуп калат.

Наамандан эмнеге үйрөнө аласың? ~ Сен да, ал кишидей болуп, башында тил алгың келбесе, кийин тил алганга үйрөнө аласың. Башкалардын жардамын кабыл алып, тил алчаак боло аласың.

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ТӨМӨНКҮ АЯТТАРДЫ ОКУ:

2 Падышалар 5:1—19

Лука 4:27

[Шилтеме]

^ 3-абз. Макаланы балдарыңар менен окуй турган болсоңор, толкун сызык (~) коюлган жерден тыным жасап, алардын оюн уккула.