Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билдирүүлөр бири-бирине шайкеш келет

Билдирүүлөр бири-бирине шайкеш келет

Билдирүүлөр бири-бирине шайкеш келет

«Пайгамбарлык сөз эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес, аны Кудайдын ыйык рухуна жетектелген адамдар айтышкан» (2 ПЕТИР 1:21).

ЫЙЫК КИТЕП ЭМНЕСИ МЕНЕН АЙЫРМАЛАНАТ? Атүгүл бир учурда жазылган байыркы китептердеги маалыматтар бири-бирине карама-каршы келет. Ар кайсы өлкөдө, ар кайсы мезгилде жашаган, бири-бирин тааныбаган адамдар жазган китепте айтылгандар эч качан өз ара шайкеш болбойт. Ал эми Ыйык Китеп 66 китептен турса да, андан ал китептин Автору бирөө эле экенин жана анда айтылгандар бири-бирине шайкеш келерин билүүгө болот (2 Тиметей 3:16).

МИСАЛ: б.з.ч. 16-кылымда жашаган Муса пайгамбар Ыйык Китептин биринчи китебинде адамзатты куткара турган «тукум» келерин жазган. Ошол китепте ал тукумдун Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын урпактарынан чыгары айтылган (Башталыш 3:15; 22:17, 18; 26:24; 28:14). Андан 500 жылдай өткөндөн кийин Натан пайгамбар ал тукумдун Дөөтү падышанын тукумунан чыгарын айткан (2 Шемуел 7:12). Дагы миңдеген жылдар өткөндөн кийин Элчи Пабыл ал тукумга Иса пайгамбар жана анын тандалган жолдоочулары кирерин айткан (Римдиктер 1:1—4; Галатиялыктар 3:16, 29). Кийин биринчи кылымдын аягында Ыйык Китептин акыркы китебинде Иса пайгамбардын тукумга кирген жолдоочуларынын Иса пайгамбар жөнүндө күбөлөндүрөрү, алардын асманга тирилери жана Иса Машаяк менен 1000 жыл башкарары алдын ала айтылган. Ошол тукум, тагыраак айтканда, Иса Машаяк жана анын тандалган жолдоочулары жакында Шайтанды жок кылып, адамзатты куткарат (Аян 12:17; 20:6—10).

ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДЕГЕН ОКУМУШТУУЛАР ЭМНЕ ДЕШЕТ? Ыйык Китептин 66 китебин тең изилдеп чыккан Луи Госэн деген окумуштуу мындай деп жазган: «Бул китепти 15 кылымдан ашуун убакыт аралыгында ар башка адамдар жазса да жана алар жазып жаткандарынын маани-маңызын толук түшүнбөсө да, баарынын бир максатты көздөп, китептин аягына чейин бир эле тема жөнүндө, тагыраак айтканда, Кудайдын Уулунун адамзатты куткарары жөнүндө ушунчалык шайкештикте жазганы таң калтырат» («Theopneusty—The Plenary Inspiration of the Holy Scriptures»).

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢАР? 1500 жылдан ашуун убакыт аралыгында 40 башка киши тарабынан жазылса да, башынан аягына чейин бир эле жалпы теманы камтыган дагы кайсы китеп бар? Же чынында эле бир да китеп Ыйык Китепке тең келбейби?

[7-беттеги сүрөт]

«Ыйык Китепке кирген китептерди бири-бирине салыштыра келгенде алар бир эле чоң китепти түзөт... Бардык китептердин ичинен ага тең келген, кичине болсо да окшоштугу бар бир да китеп жок» («THE PROBLEM OF THE OLD TESTAMENT», ЖЕЙМС ОР).