Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Илимий жактан так

Илимий жактан так

Илимий жактан так

«Кеңеш айтып, билим берип, сага мурда да жазган эмес белем? Мен сага акыйкат сөздөрдүн калетсиздигин көрсөтүү үчүн,.. чындык сөздөрүн айтып барышың үчүн жазгам» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 22:20, 21).

ЫЙЫК КИТЕП ЭМНЕСИ МЕНЕН АЙЫРМАЛАНАТ? Байыркы китептерде азыркы учурдагы илимге карама-каршы келген, туура эмес, атүгүл кооптуу ой-жоромолдор камтылган. Ал тургай, бүгүнкү күндөгү китептерди да, илимий жактан так болушу үчүн, өзгөртүүгө туура келет. Ал эми Ыйык Китепти жазгандар анын автору Кудай экендигин жана анын Сөзү «түбөлүккө кала» турганын айтышкан (1 Петир 1:25).

МИСАЛ: ысрайылдыктар Муса пайгамбарга берилген мыйзам боюнча, зарыл болгондо конуштун сыртына чыгып, чуңкур казып отуруп, заңын көмүп коюшу керек болчу (Мыйзам 23:12, 13). Ошондой эле ал мыйзамга ылайык, эгер алар өлгөн жаныбарга же кишинин сөөгүнө тийип алышса, кийимин жуушчу (Лебилер 11:27, 28; Сандар 19:14—16). Пес оорулуу кишини денесиндеги пес оорусунун белгилери кетмейинче, элге жугузбашы үчүн, өзүнчө бөлүп коюшчу (Лебилер 13:1—8).

ДОКТУРЛАР ЭМНЕ ДЕШЕТ? Заңды тийиштүү түрдө жок кылуу, колду жууп туруу жана карантин ушул убакка чейин оору менен күрөшүүнүн эң жакшы жолу болуп келет. Даараткана же канализация системасы жокторго АКШдагы ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору мындай деп кеңеш берет: «Таза суу бар жерден 30 метрдей алыс барып отуруп, заңды көмүп тургула». Заң-заара тийиштүү түрдө жок кылынып турса, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, ич өткөк оорулары 36 пайызга азаят. Дагы бир айта кетчү нерсе, 200 жылдай мурун дарыгерлер өлүктү кармагандан кийин колун жуубагандыгы үчүн бейтаптарга оору жугузушканын байкашкан. Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору колду дайыма жууп туруу «оорунун тарап кетишине бөгөт коюунун эң жакшы жолу» экенин айтышат. Ал эми пес оорусу менен же дагы башка оору менен ооругандарды өзүнчө бөлүп коюу жөнүндө эмне айтууга болот? Медициналык бир журналдын жакында чыккан санында: «Жугуштуу оору жаңы башталып келе жатканда, карантин киргизүү жугуштуу оорунун жайылып кетишин алдын алуунун эң мыкты жолу болуп эсептелет»,— деп жазылган («Saudi Medical Journal»).

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢАР? Байыркы ыйык китептердин кайсынысы азыркы учурдагы илимге шайкеш келет? Же чынында эле бир да китеп Ыйык Китепке тең келбейби?

[6-беттеги сүрөт]

«Муса пайгамбардын убагында тазалыкка байланыштуу берилген көрсөтмөлөр бир да кишини таң калтырбай койбойт» («MANUAL OF TROPICAL MEDICINE», АЛДО КАСТЕЛЛАНИ ЖАНА АЛЬБЕРТ Ж. ЧАЛЬМЕРЗ).