Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кадимки эле китеппи?

Кадимки эле китеппи?

Кадимки эле китеппи?

«Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана... пайдалуу. Ошонун аркасында Кудайдын кишиси ар тараптуу билимге ээ болуп, ар кандай жакшы ишке толугу менен даяр болот» (2 ТИМЕТЕЙ 3:16, 17).

АЙРЫМДАР бул жерде айтылгандарга кошула беришпейт. Ал эми силерчи? Ыйык Китеп жөнүндө айтылган төмөндөгү ойлордун кайсынысына кошуласыңар?

• Жакшы адабий чыгарма

• Көптөгөн ыйык жазмалардын бири

• Адамды жакшы жакка үндөгөн, уламыштарды камтыган китеп

• Кудайдын Сөзү

Ыйык Китепке карата кандай көз карашта болгонубуз маанилүүбү? Ыйык Китептин өзүндө ал китеп тууралуу эмне деп жазылганына көңүл бурсаңар: «Туруктуулугубуз аркылуу, Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубуз үчүн, мурун жазылгандын баары бизге насаат катары жазылган» (Римдиктер 15:4). Ооба, Ыйык Китептен анын чынында эле бизди сооротуу үчүн, үмүт берүү үчүн жана насааттоо үчүн жазылганын биле алабыз.

Эгер Ыйык Китеп тек гана жакшы адабий чыгарма болсо же көптөгөн ыйык жазмалардын бири болсо, айрыкча, анда жазылгандар силер туура деп эсептеп келген нерселерден айырмаланса, андагы кеңештерди үй-бүлөңөр менен чогуу жашоо-турмушуңарда колдонот белеңер? Ошондой эле жөн эле уламыштарды камтыган китеп болсо, силер андан сооронуч алат белеңер? Анда жазылгандар силерге үмүт берет беле?

Ыйык Китепти изилдеген миллиондогон адамдар анын Кудайдын Сөзү экенине бекем ишенишет. Эмне үчүн? Ыйык Китеп башка китептерден эмнеси менен айырмаланат? Келгиле, кийинки макалалардан Ыйык Китептин беш өзгөчөлүгүн карап чыгалы.