Каникулум эң сонун өттү!
Ирландиядан келген кат
Каникулум эң сонун өттү!
АТА-ЭНЕМ: «Экзамендериң башталганча бир жакка барып, чогуу эс алып келбейлиби. Кел, Ирландияга эжең-жездеңдердикине барып келебиз. Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабар жакшы жете элек жерлердеги адамдарга да кабар айта келебиз»,— деп калды.
Башында ал сунуш мага анча жаккан жок. Экзамендерге даярданыш керек болуп жатканда эч жакка деле баргым келген эмес. Анын үстүнө, Англиядан эч жакка чыккан эмесмин, самолётко да түшүп көрө элек болчумун. Төрөлөгөнүмөн бери, 17 жыл бою, чоң шаар Лондондун четинде жашап көнүп калган жаным Ирландиянын түштүк-батышындагы бир кичинекей, жашоосу биздикинен кыйла айырмаланган шаарга барганга көңүлдөнгөн жокмун.
Бирок анча тынчсызданбай деле койсом болмок экен. Самолёттон түшкөндө көргөн көзүмө ишене алган жокмун: Ирландия аябай кооз экен. Бирок биз үйдөн таң атпай чыккандыктан самолёттон түшүп, машинеде кетип бара жатканда көзүм илинип кетип жатты. Эки жагы таштан тургузулган дубал менен тосулган кууш жолдо кетип баратып, улам ойгонуп, кооз талааларга жана кыштактарга суктанып бараттым.
Ошол түнү Ирландиядагы Скибберин деген шаарга көчүп барган ишенимдештерибиздин үйүнө кондук. Алар ал жакка Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратканга жардам бериш үчүн көчүп барышыптыр. Алар менен Кудайга болгон ишенимибизди бекемдеген нерселер жөнүндө сүйлөшүп отурдук, оюн да ойнодук. Мисалы, ар бирибиз баштыктан Ыйык Китептеги кишилердин аттары жазылган кагаздардын бирин алып, ал кагазда кимдин аты жазылса, ошол кишинин ким экенин башкалар табышы үчүн, кыймыл-аракетибиз, жүзүбүз менен көрсөтүп берип жаттык.
Эртеси күнү ата-энем, иним, эжем-жездемдер жана дагы башка бир үй-бүлө болуп кемеге түшүп, 30га жетпеген киши жашаган Хейр деген бир кичинекей аралга жөнөп кеттик. Иса пайгамбар жакшы кабардын бүт дүйнө жүзүнө таратылышы керектигин айткан. Ошондуктан ошол жерде жашаган кичи пейил, меймандос келген кишилерге бир күн кечке кабар айттык. Табигаттын сулуулугуна да суктанып жүрдүк.
Асман чайыттай ачылып, күн жаркырап тийип турду. Жаз айында аралдын саздуу жери түркүн түскө кубула, жапайы кооз гүлдөр гүл ачып, ар жеринде үлпүлдөп, жыттуу бадалдын баштары сары тартып кылдап турат. Көктүн жыты аңкыйт. Аскалуу булуңда кара каздар менен дөдөй каздар байырлайт. Айланага көз чаптырсаң дагы башка көптөгөн майда аралдарды көрөсүң. Ушунун баарын карап туруп Жахаба Кудайдын колунан бүткөн кереметтүү жаратылышка суктанбай койбосуң!
Скибберин шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышынан көптөгөн адамдар менен достоштум. Мурун кылып көрбөгөн көп нерселерди кылып көрдүм. Мисалы, мурун бир да жолу кайыкка түшүп алып аралдарды кыдырып
көргөн эмесмин. Аралдын жээгин бойлой кайык менен сүзүү өзүнчө бир керемет экен! Кечки тамакка балык бышырып жейли деп балык уулоого чыктык. Бирок түлөндөр балыктарды бизден биринчи илип кетип жатты. Оюн ойлоп таап, деңиздин жээгинде кечке ойнодук. Атүгүл, ирланд бийин да бийлеп көрдүм.Бизге Скибберин шаары жөнүндө да бир аз айтып беришти. 1840-жылы Ирландияда бүт картөшкө өсүмдүк илдетине чалдыкканда, Скибберинде жана анын чет жакасындагы аймактарда да картөшкөнүн баары жарабай калыптыр. Ошондо миңдегендер ачарчылыктан өлүптүр. Өлгөндөрдүн 9 000ге жакыны чогуу бир жерге көмүлүптүр. Бул зээн кейитерлик болсо да, биз жакында Кудайдын Падышалыгы келгенде эч качан ачарчылык болбой турганын жана ошентип каргашалуу өлүмгө учурагандар жердеги бейишке тирилерин билгендиктен көңүлүбүз анча чөккөн жок.
Ал жердеги Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айткан аймагы абдан чоң экен. Биз аларга кошулуп, алар көп бара албаган жерлерге барып, кабар айтмай болдук. Анан машинебизге түшүп алып, өр тарткан кууш жолдор менен жүрүп отуруп, өйдөлүштө жайгашкан үйлөргө бардык. Ал жактан Ирланд деңизи көрүнүп турат. Ал жердин тургундары да кичи пейил, меймандос келишет экен. Хейр аралына барганда кабар айтардан мурун өзүбүздүн эс алып жүргөнүбүздү жана мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Ыйык Китептеги кубанычтуу кабар менен бөлүшүп жүргөнүбүздү айтканбыз. Ал жерге барган да ошенттик.
Апам бир аялга кабар айтып, ага «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарын берди. Бир нече күндөн кийин ага кайра жолукканыбызда, ал журналдарды окуп чыкканын, журналдар ага абдан жакканын айтты.
Ал бизден: «Келип тургула. Эмкиде көбүрөөк журнал ала келгиле»,— деп суранды. Биз ага жакында кайра өз өлкөбүзгө кетерибизди, бирок ага сөзсүз бирөөнү жиберерибизди айттык.
Ал эже: «Кап, бирок кийин келип калсаңар мага сөзсүз тие кеткиле. Мен силерди унутпайм»,— деди.
Кетерибизге бир күн калганда ошол жерлик ишенимдештерибиз менен деңиздин жээгинде чогуу эс алдык. Таштан очок жасап, отун терип келип, отко эт кактап бышырып жедик. Деңиздин жээгине агып келип, чоң таштардын арасына чогулуп калган мидиялардан да (деңиз жаныбарлары) терип келип, бышырып жедик. Өмүрүмдө мынчалык жакшы эс алган эмесмин!
Ошентип, каникулум эң сонун өттү! Мен каникул учурунда жакшы көңүл ачканым үчүн эле эмес, Жахаба Кудайга жаккан иштерди кылып, аны даңктаганым үчүн да канааттануу алдым. Мен Жахаба Кудайга кызмат кылганды аябай жакшы көрөм. Өзгөчө, эгер досторуң, үй-бүлөң Кудайга кызмат кылганды жакшы көрүп, алар да сени менен бирге Кудайга кызмат кылып жатышса, бул сага андан бетер чоң кубаныч тартуулайт. Үйгө келгенде Жахаба Кудайга ага берилген көптөгөн досторду таап бергендиги үчүн жана алар менен чогуу эстен кеткис күндөрдү өткөргөндүгүм үчүн ыраазычылык билдирдим.
[25-беттеги сүрөт]
An Post, Ireland