Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга атынан кайрылуу эмне үчүн маанилүү?

Кудайга атынан кайрылуу эмне үчүн маанилүү?

Кудай Сөзүнөн билим алгыла

Кудайга атынан кайрылуу эмне үчүн маанилүү?

Балким, бул макаладагы суроолор силерди кызыктыраттыр. Алардын жообун Ыйык Китептен таба аласыңар. Аларды Жахабанын Күбөлөрү менен талкууласаңар болот.

1. Кудай эмне үчүн өзүнүн ысмы болушун каалаган?

«Доктур», «мугалим», «жазуучу» деген сыяктуу ар кандай наамдар бар. Бирок доктурдун да, мугалимдин да өз аты бар. Адамдын аты аны башкалардан айырмалап турат. Кудайдын да «Эгедер Теңир», «Кудурети Күчтүү», «Улуу Жараткан» деген наамдары бар (Башталыш 15:2; 17:1; Насаатчы 12:1). Ошондой болсо да Кудай, биз аны менен мамиле түзө алышыбыз үчүн, өзүнүн ысмы болушун каалаган. Кудайдын ысмы — Жахаба. (Окугула: Ышая 42:8.)

Ыйык Китепти которгон котормочулар андагы Кудайдын ысмын «Кудай», «Теңир» деген наамдар менен алмаштырып коюшкан. Бирок еврей кол жазмаларында Кудайдын ысмы 7000дей жолу кездешет. Ооба, Кудай биздин анын ысмын билишибизди каалайт. (Окугула: Ышая 12:4.)

2. Кудайдын ысмын билүү эмне үчүн маанилүү?

Кудайдын ысмын билүү анын кантип айтыларын эле эмес, аны менен ынак мамиледе болууну билдирет. Жахаба деген ысым «болтурат» деген маанини берет. Бул Кудай өзүнүн ой-ниетин аткарыш үчүн ким болгусу келсе, ошол боло аларын көрсөтүп турат. Андыктан Кудайдын ысмын билүү анын өз убадаларын аткарарына ишенүүнү билдирет (Забур 9:10). Кудайдын атын билип, ага атынан кайрылгандар Кудайга ишенгендиктен ага таянышат жана буйруктарын аткарууну жашоосунда биринчи орунга коюшат. Жахаба Кудай андай адамдарды коргойт. (Окугула: Забур 91:14.)

3. Кудай эмне үчүн анын ысмын билишибизди каалайт?

Кудайдын анын ысмын билишибизди каалаганынын себеби бул бизге пайда алып келет. Кудайдын ысмын билгендер аны менен мамиле түзө алышат жана келечекте түбөлүк жашаганга үмүттөнө алышат. Ошондуктан Кудайдын анын ысмын билишибизди каалаганы таң калыштуу эмес. (Окугула: Жакан 17:3; Римдиктер 10:13, 14.)

Иса пайгамбар Кудайдын жолу, мыйзамдары, убадалары жөнүндө кабар айтканда адамдарга Кудайдын ысмы ким экендигин айтып берген. Бүгүн да Иса пайгамбардын жолдоочулары Кудайдын ысмын бардык адамдарга жарыялап жатышат. Алар «Кудайдын... ысмы менен аталган» эл катары анын ысмын биримдикте кабарлап жатышат. (Окугула: Элчилер 15:14; Жакан 17:26.)

4. Кудай өз ысмын кантип даңктайт?

Жахаба Кудай өзүнүн ысмын даңктайт, себеби анын ысмына жалаа жабылган. Мисалы, айрымдар: «Бизди Кудай жараткан эмес, биз ага баш ийгенге милдеттүү эмеспиз»,— деп айтышат. Дагы бирөөлөр: «Кудай бизге кам көрбөйт, болуп жаткан кыйынчылыктын баарына ал жооптуу»,— деп эсептешет. Ошентүү менен алар Кудайдын ысмын каралап жатышат. Бирок Кудай жакында анын ысмына тил тийгизгендерди жок кылат. (Окугула: Забур 83:17, 18.)

Жахаба адамдардын бийлигин жок кылып, жер бетине тынчтык орнотуу менен өз ысмын даңктайт (Даниел 2:44). Жакында адамдардын баары Жахабанын чыныгы Кудай экенин билишет. (Окугула: Жезекиел 36:23; Матай 6:9.)

Силер эмне кылышыңар керек? Ыйык Китепти изилдеп, Кудайга жакындагыла жана ага чын жүрөктөн кызмат кылып жаткан элге кошулгула. Жахаба Кудай өз ысмын даңктаганда ишенимдүү кызматчыларын сөзсүз куткарат (Малаки 3:16).

[17-беттеги сүрөт]

Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган бул китептин 1-бөлүмүн карагыла.

[17-беттеги сүрөт]

ЫЙЫК КИТЕП чынында ЭМНЕГЕ ОКУТАТ?

[16-беттеги сүрөт]

Еврей кол жазмасындагы Кудайдын ысмы