Мүмкүн эмес нерсе барбы?
Мүмкүн эмес нерсе барбы?
ИЧИНДЕ бүт шарты болгон, эң эле кооз жана эң эле чоң деп эсептелген «Титаник» 1912-жылы биринчи жолу океанга чыккан. Ал кеме алдыңкы технология менен курулгандыктан, аны «чөкпөс кеме» дешкен. Бирок анын кийин эмне болгону баарыбызга маалым. Ал биринчи сапарында эле Түндүк Атлантика океанындагы бир айсбергге урунуп, өзү менен кошо 1500гө жакын кишини деңиз түбүнө алып кеткен. Ошентип, чөгүп кетиши эч мүмкүн эместей сезилген кеме бир нече сааттын ичинде эле чөгүп, жок болгон.
«Мүмкүн эмес» деген сөздү ар кандай жагдайларда айтабыз. Адатта, колубуздан келбечүдөй, ишке ашыра албачудай көрүнгөн, акылыбызга сыйдыра албаган кандайдыр бир нерселерди мүмкүн эмес деп эсептейбиз. Бүгүнкү күндөгү технологиялык жетишкендиктер бир учурда мүмкүн эместей сезилген, себеби ал учурда андай нерселер адамдардын колунан келбечүдөй көрүнгөн, андай нерселер алардын үч уктаса түшүнө кирген эмес. Бүгүнкү күндө адамдар Марска космостук аппараттарды учуруп, аны жерден башкарып жатышат, айга барып конушту, адамдын генетикалык кодун аныкташты, кайсы бир өлкөдөгү же атүгүл дүйнө жүзүндөгү окуяларды көрө алышат. Мунун баары 50 жыл мурун мүмкүн эместей сезилген. Ушул жетишкендиктер тууралуу сөз кылып, АКШнын мурунку президенти Рональд Рейган илимдин ар кайсы тармактарында эмгеги сиңген окумуштууларга кайрылып: «Силер жаңы ачылыштарды жасап жатасыңар. Кечээ мүмкүн эмес болгон нерселерди бүгүн ишке ашырып, мүмкүн кылуудасыңар»,— деген.
Азыркы учурдагы илим-техниканын болуп көрбөгөндөй өнүгүп-өсүп жатканы тууралуу кеп кылып, Жон Бробек деген профессор: «Азыр окумуштуулар бир нерсени мүмкүн эмес деп кесе айтканга даабай калышты. Алар тек гана: „Болушу мүмкүн, бирок айтыш кыйын“,— дешет. Алар кайсы бир нерсени азыркы билиминин, түшүнүгүнүн негизинде гана мүмкүн эмес деп айта алышат»,— деп айткан. Эгер кайсы бир нерсе мүмкүн эместей сезилсе, анда профессор айткандай, «биология жана физиология илимдерине белгисиз күчтүн жардамын колдонушубуз керек. Ыйык Китепте ал күч Кудайдын күчү экени айтылат».
Кудай баарын кыла алат
Профессор Жон Бробек жогорудагы сөздөрдү айтканга чейин тарыхтагы эң улуу адам деп эсептелген Иса пайгамбар кылымдар мурун эле: «Адамдар кыла албаган нерселерди Кудай кыла алат»,— деген (Лука 18:27). Кудайдын ыйык руху — ааламдагы эң кубаттуу күч. Анын кубаттуулугун азыркы учурдагы технологиянын жардамы менен аныктап болбойт. Биз ыйык рухтун жардамы менен күчүбүз жетпеген, мүмкүн эмес болгон нерселерди да кыла алабыз.
Пенде болгондуктан айрым кыйынчылыктарга чыдоо, аларды көтөрүп кетүү мүмкүн эместей сезилет. Мисалы, жакын адамыбыздан айрылганда, үй-бүлөлүк жашообузда чечилбечүдөй болгон көйгөйлөр пайда болгондо же жашообуз абдан оорлогондо, катуу чөгүп, үмүтүбүз үзүлүп, өзүбүздү жарга такалып калгандай сезишибиз мүмкүн. Андайда эмне кылсак болот?
Ыйык Китепте Кудуреттүү Кудайга ишеним артып, андан ыйык рух сурап тиленгендерге жана ага жаккандай жашаш үчүн колунан келгендин баарын кылгандарга Кудай опол тоодой кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге күч берери айтылат. Иса пайгамбардын кайраттандырарлык сөздөрүнө көңүл бурсаңар. Ал: «Силерге айтып коёюн, ким бул тоого: „Ордуңан көтөрүлүп, деңизге түш“,— десе жана буга жүрөгүндө эч шектенбей, айтканы аткарыларына ишенсе, айтканындай болот»,— деген (Марк 11:23). Ооба, эгер биз Кудайдын Сөзүндө айтылгандарды жашообузда колдонсок жана Кудайдын ыйык рухунун жашообузга таасир этишине жол берсек, көтөрүп кетүү мүмкүн эместей сезилген кыйынчылыктарга чыдап, аларды жеңе алабыз.
Келгиле, жубайы рактан каза болуп калган бир кишинин мисалына токтололу. Ал жубайы менен 38 жыл чогуу жашаган. Жубайынан айрылганда ага жашоонун кызыгы жок болуп калган. Ага андан ары жубайысыз жашай албачудай сезилген. Жашагандан көрө өлгөнүм артык деп ойлогон учурлары да болгон. Ал өзүн туңгуюкта жашап жаткандай сезген. Ошол күндөрүн эстеп, ал Кудайга көз жаш төгүп жалынганынын, күн сайын Ыйык Китепти окуганынын жана Кудайдын жардамынын аркасында чыдоого мүмкүн эместей сезилген кыйынчылыкка чыдаганын айткан.
Дагы бир мисалга токтололу. Бир жубайлардын ынтымагы ыдырап, үй-бүлөсү бузулганы турган. Күйөөсү аялын көп сабап, күн көрсөтчү эмес. Аялына андай азапка чыдай албачудай сезилген. Ошондуктан ал өмүрүн кыюуга аракет кылган. Күндөрдүн биринде жолдошу Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ыйык Китептен билгендери ага мүнөзүн өзгөртүп, жаман сапаттарын таштаганга жардам берген. Жолдошунун ошондой өзгөрүүлөрдү кылганына аялы аябай таң калган. Жолдошу ошентип өзгөрөт деп ал эч качан күткөн эмес.
Эми баңгизат колдонуп, адеп-ахлаксыз иштерди кылып келген бир кишинин мисалын карап көрөлү. «Мен өзүмдү такыр сыйлабай калгам»,— дейт ал киши. Ал Кудайга жалынып: «Кудай, сенин бар экениңди билем, мага жардам берчи!» — деп тиленген. Ошондон кийин ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн. «Өзүмдү жемелеп, эч нерсеге татыксызмын деп эсептечүмүн,— дейт ал.— Кээде көңүл чөгөттүккө алдырып койчумун. Бирок Кудайдын Сөзү мага жан дүйнөмдү кыйнаган терс ойлордон арылганга жардам берди. Уктай албай кыйналган түндөрү Ыйык Китептен окуган сөздөрдү эстегенге аракет кылчумун. Андагы сөздөр тууралуу ой жүгүртүү мага бир топ жардам берди». Кийин ал үйлөнгөн. Ал азыр үй-бүлөсү менен бактылуу жашап жатат. Жубайы экөө башкаларга Кудайдын Сөзү адамды өзгөртө турган күчкө ээ экенине ишенүүгө жардам беришүүдө. Ага жаш кезиндеги маңызсыз жашоосунун ушундай болуп өзгөрөрү мүмкүн эместей сезилген.
Бул мисалдар көрсөтүп тургандай, Кудайдын Сөзү таасирдүү жана Кудайдын ыйык руху мүмкүн эместей көрүнгөн нерселерди да ишке ашырууга жардам берет. Бирок силер: «Ал үчүн ишениш керек да»,— дейт чыгарсыңар. Еврейлер 11:6). Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр: банкта иштеген же дагы башка чоң кызматта иштеген жакын досуңар: «Жардам керек болсо, мага кел. Мен сага сөзсүз жардам берем»,— деп убада берди дейли. Албетте, ага ыраазы болмоксуңар. Бирок көп учурда адамдар берген убадасын аткара албай калышат. Мисалы, досуңардын жагдай-шарты өзгөрүп кетип, убадасын аткара албай калышы мүмкүн. Же болбосо күтүлбөгөн жерден кырсыкка учурап же ооруп, көзү өтүп кетиши ыктымал. Ал эми Кудайга өз убадаларын ишке ашырууга тоскоолдук кыла турган эч нерсе жок. Ыйык Китепте: «Кудайдын бир да сөзү аткарылбай калбайт»,— делет (Лука 1:37).
Ооба, аныңар туура. Ыйык Китепте да: «Ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес»,— деп айтылат («Буга ишенесиңби?»
Ыйык Китепте Кудай үчүн мүмкүн эмес нерсе жок экендигин тастыктаган көптөгөн окуялар бар. Келгиле, алардын айрымдарын карап чыгалы.
Кудай токсон жаштагы Саара деген байбичеге уул төрөөрүн убада кылганда, ал ишенбей ичинен күлгөн. Бирок ал уулдуу болуп, андан ысрайыл эли тараган. Жунус деген пайгамбарды чоң балык жутуп алганда, ал балыктын ичинде үч күн жаткан, бирок өлгөн эмес. Атүгүл, балыктын ичинде үч күн жатып, аман калгандыгы тууралуу жазган. Өлгөн адам менен эс-учун жоготкон адамды жакшы айырмалай билген Лука деген доктур өзүнүн бир билдирүүсүндө экинчи кабаттан учуп өлгөн Эйтик деген жаш жигиттин тирилгенин жазган. Булардын баары ойдон чыгарылган жомок эмес. Бул билдирүүлөрдү кылдат изилдей турган болсок, алардын чынында эле болгондугуна ынанабыз (Башталыш 18:10—14; 21:1, 2; Жунус 1:17; 2:1, 10; Элчилер 20:9—12).
Иса пайгамбар жакын досторунун бири Мартага: «Ким мага ишенип жашаса, ал эч качан өлбөйт»,— деген таң калтырарлык сөздөрдү айткан. Бир караганда мүмкүн эместей көрүнгөн ушул сөздөрдү айткандан кийин Иса пайгамбар Мартадан: «Буга ишенесиңби?» — деп сураган. Ушул суроонун үстүнөн ар бирибиз ойлонуп көрүшүбүз керек (Жакан 11:26).
Жер бетинде түбөлүк жашоо мүмкүнбү?
Узак өмүр сүрүү жөнүндө жазуучулар мындай деп жазышкан: «Жакын арада азыркыга караганда узак жашай алабыз деп божомолдогонго болот. Балким, өлбөй түбөлүк жашашыбыз мүмкүн». «Жаңы Британ энциклопедиясында» мындай деп жазылган: «Адам баласынын өлүшүнө денесиндеги клеткалардын картайгандыгы, жаңырбай калгандыгы, өлгөндүгү же дагы башка бир процесстердин жүрбөй калгандыгы эле себеп болбойт. Адамдын денесиндеги процесстердин жүрбөй калышына себеп болгон белгисиз бир нерсе бар» *. Учурда окумуштуулар адамдын карып, өлүшүнө эмне себеп болуп жатканын табууга аракет кылып жатышат.
Окумуштуулар түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүн экенин айтышат. Бирок Ыйык Китепте түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүн экенин көрсөткөн далилдер алардын айткандарынан алда канча жүйөлүү. Өмүрдүн булагы Жаратуучубуз Жахаба Кудай «өлүмдү түбөлүккө жок кылат» (Забур 36:9; Ышая 25:8). Бул убадага ишенесиңерби? Бул убаданы жалган сүйлөй албаган Жахаба Кудай берген (Тит 1:2).
[Шилтеме]
^ 18-абз. Адамдын эмне себептен картаяры, аз эле жашай тургандыгы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ойгонгула!» журналынын 2006-жылдын июль-сентябрь айларындагы санына чыккан «Адам канчалык узак жашай алат?» деген макаланы карагыла.
[27-беттеги кыстырма]
«Кечээ мүмкүн эмес болгон нерселерди бүгүн ишке ашырып, мүмкүн кылуудасыңар» (РОНАЛЬД РЕЙГАН).
[28-беттеги кыстырма]
Көтөрүп кетүү мүмкүн эместей көрүнгөн кыйынчылыктар болгондо кимге кайрыласыңар?
[27-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]
NASA photo