Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тарыхый жактан так маалыматтар

Тарыхый жактан так маалыматтар

Тарыхый жактан так маалыматтар

«Бардыгын башынан баштап кылдат изилдеп чыктым» (ЛУКА 1:3).

ЫЙЫК КИТЕП ЭМНЕСИ МЕНЕН АЙЫРМАЛАНАТ? Уламыштарда көбүнчө акылга сыйгыс окуялар айтылат. Ал окуянын кайсы жерде, кайсы убакта болгондугу, кишилердин ысымдары такыр айтылбайт. Ал эми Ыйык Китептеги билдирүүлөр тарыхый жактан так. Бул аны окугандарды анда жазылгандардын баары «чындык» экендигине ынандырат (Забур 119:160).

МИСАЛ: Ыйык Китепте айтылгандай, «Бабыл падышасы Небухаданасар... Жаякин падышаны [Жүйүт падышасын]... Бабылга көчүрүп кеткен». Кийин «Бабыл падышасы Эбилмеродах өзү падыша болгон жылы Жүйүт падышасы Жаякинди камактан чыгарган». Жаякинге «көзү өткөнчө, күн сайын... Бабыл падышасынан белгиленген өлчөмдө азык берилип турган» (2 Падышалар 24:11, 15; 25:27—30).

АРХЕОЛОГДОР ЭМНЕЛЕРДИ ТАБЫШКАН? Археологдор байыркы Бабыл шаарынын урандыларынын арасынан Небухаданасар II башкарып турган убакка таандык документтерди табышкан. Ал документтерде камакта отургандарга жана падыша сарайда кызмат кылгандарга канча өлчөмдө тамак берилип тургандыгы жазылган. Ошондой эле ал документтерде «Йахуд [Жүйүт] падышасы» болгон «Йаукин [Жаякин]» жана анын үй-бүлөсү жөнүндө айтылат. Ал эми Небухаданасардан кийинки падыша Эбилмеродах чынында эле болгонбу? Сузы шаарына жакын жерден «Бабыл падышасы Небухаданасардын уулу, Бабылдын падышасы Амил-Мардук [Эбилмеродах]» деген жазуусу бар бир кумура табылган.

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢАР? Тарыхый маалыматтар ушунчалык так жазылган дагы башка диний китептер барбы? Же чынында эле башка бир да китеп Ыйык Китепке тең келбейби?

[5-беттеги кыстырма]

«Ыйык Китеп хронологиялык жана географиялык жактан так. Мынчалык так маалыматты камтыган башка бир да китеп жок» («A SCIENTIFIC INVESTIGATION OF THE OLD TESTAMENT», РОБЕРТ Д. УИЛСОН).

[5-беттеги сүрөт]

ЖҮЙҮТ ПАДЫШАСЫ ЖАЯКИН ЖӨНҮНДӨ АЙТЫЛГАН ДОКУМЕНТ

[5-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

© bpk, Berlin/Vorderasiatisches Museum, SMB/Olaf M. Tessmer/Art Resource, NY