Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Түбөлүк өмүргө» ээ кылган билим

«Түбөлүк өмүргө» ээ кылган билим

«Түбөлүк өмүргө» ээ кылган билим

«Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл» (ЖАКАН 17:3).

БИЛИМ адамдын өмүрүн сактап калат. Мисалы, Нигер Республикасында жашаган бир аял ооруп жаткан он айлык баласынын өмүрүн сактап калган. Ал жергиликтүү элге медициналык жардам көрсөткөн кызматкер болчу. Ал баласына организминдеги суюктуктун көлөмүн көбөйтүш үчүн таза сууга кум шекер менен туз аралаштырып ичирген. Бириккен улуттар уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ) билдиргендей, «ал аял дароо иш-аракет кылгандыктан жана медициналык жардам көрсөтүү боюнча билими бар болгондуктан баласын айыктыра алган».

Ыйык Китептеги билим да адамдын өмүрүн сактап калат. Ыйык Китепти жазууга катышкан Муса пайгамбар: «Булар курулай сөздөр эмес, булардан өмүрүңөр көз каранды. Бул айтылгандарды аткарсаңар,.. узак өмүр сүрөсүңөр»,— деп жазган (Мыйзам 32:47). Ыйык Китептеги сөздөр чындыгында эле өмүрүбүздү узарта алабы? Кандайча алардан өмүрүбүз көз каранды?

Буга чейинки беш макаладан Ыйык Китепте жазылган пайгамбарлыктардын так аткарылганын, анын тарыхый, илимий жактан так экенин, андагы билдирүүлөр бири-бирине шайкеш келерин жана андагы кеңештердин бүгүнкү күндө да колдонорлук экенин карап чыктык. Булардын баары Ыйык Китептин чынында эле өзгөчө китеп экенин далилдеп турат. Андыктан Ыйык Китепте түбөлүк өмүр жөнүндө айтылгандарга да бекем ишене алабыз?

Ыйык Китептеги так билим азыртадан эле жан дүйнө тынчтыгына ээ болгонго, келечекте да бактылуу өмүр сүргөнгө жардам берет. Ыйык Китептен билим алгыңар келсе, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот.

[9-беттеги кутуча/сүрөт]

Төмөндөгү маанилүү суроолорго Ыйык Китептен гана жооп ала аласыңар:

• Кудай бизди эмне үчүн жараткан?

• Азап-кайгы эмне үчүн мынчалык көп?

• Өлгөн жакын адамдарыбызды кайрадан көрөбүзбү?

Бул суроолорго Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган бул китептен жооп ала аласыңар.

ЫЙЫК КИТЕП чынында ЭМНЕГЕ ОКУТАТ?