Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Байыркы учурда адамдар эмне үчүн ылай ордуна битум колдонушкан?

Ыйык Китепте Бабыл мунарасын кургандардын «таш ордуна кыш, ылайдын ордуна чайыр [битум] колдонгону» айтылат (Башталыш 11:3).

Битум — табиятта өзүнөн өзү пайда болгон зат. Мунайдан бөлүнүп чыккан ал зат Месопотамия аймагында көп кездешет. Битум жерден чыгып, коюуланып калат. Ал байыркы убакта эң жакшы жабышкак зат болуп эсептелген. Бир эмгекте айтылгандай, адамдар битумду «бышкан кыштан имарат курганда колдонушчу».

«Археология» деген журналдагы бир макалада Месопотамия аймагынан орун алган байыркы Ур шаарындагы бир мунаранын калдыктарын көргөнү жакында эле барып келген кишинин айткандары жазылган. Ал мындай деген: «Ылай ордуна колдонулган битумду — Ирактын түштүгүндөгү мунай чыккан аймактарда көп колдонулган затты — мунаранын бышкан кыштарынын бириккен жерлеринен азыр да көрүүгө болот. Бир учурда ошол аймактагы адамдарды „бириктирген“ кара түстөгү жабышкак ал зат азыр ошол жердеги саясий туруксуздукка жана жаңжалдарга себеп болуп жатат. Ылай ордуна колдонулган жана жолго төшөлгөн битум топурактан жасалган кыштардан курулган Шумердеги имараттардын бекем болуп, көп кылым бою сакталып калышына өбөлгө түзгөн» («Archaeology»).

Байыркы убакта «кагаздын» кандай түрү колдонулган?

Ыйык Китепти жазууга катышкан Жакан деген киши: «Силерге дагы көп нерсе айткым келет, бирок анын баарын сыя менен кагазга түшүргүм келген жок»,— деп жазган (2 Жакан 12). Анын бул сөздөрүн окуганда: «Ошол учурда кагаздын кандай түрү колдонулган?» — деген суроо пайда болот.

Жогорудагы аятта «кагаз» деп которулган хартес деген грек сөзү «папирус өсүмдүгүнөн жасалган кагазды билдирет». Бир эмгекте ошол өсүмдүктүн сабагынан кантип кагаз жасашканы жөнүндө мындай делет: «Айрым учурларда узундугу 3 метрге жеткен ал өсүмдүктүн сабагын кырып тазалап, узунунан ичке-ичке кылып кесишчү. Кесилгендерин узатасынан бири-бирине жанаша жаткырып, алардын үстүнө дагы башкаларын туурасынан жанаша жаткырышчу. Анан жыгач балка менен ургулап, андан соң, жылмакай болушу үчүн, сүргү менен сүрүшчү».

Археологдор Мисирден жана Жансыз деңиздин тегерек-четинен папируска жазылган байыркы документтерди табышкан. Ошол аймактан табылган Кудайдын сөзү жазылган айрым папирустар Иса пайгамбар жашаган убакка же ага чейинки убактарга таандык. Ушундан улам Ыйык Китептеги элчилер жазган каттар башында папирустарга жазылган деп тыянак чыгарууга болот.

[11-беттеги уруксат менен коюлган сүрөттөр]

Spectrumphotofile/ photographersdirect.com

© FLPA/David Hosking/age fotostock