Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Сиз кайда барсаңыз, мен да ошол жакка барам»

«Сиз кайда барсаңыз, мен да ошол жакка барам»

Ишенимдин үлгүсү

«Сиз кайда барсаңыз, мен да ошол жакка барам»

КӨКТҮН астында керилип, кыйырсыз Маап түздүгү жатат. Шамал такай аркырап согуп турган ал түздүктө Рут менен кайын энеси Наами сапар тартып бара жатышат. Кең талаада экөөнөн башка караан көрүнбөйт. Рут күүгүм кирген сайын, кайын энеси экөөнүн каякка түнөөрүн ойлоп тынчсызданып баратат. Ал кайын энесин аябай жакшы көргөндүктөн оорун колдон, жеңилин жерден алганга даяр.

Наами менен Рут башынан оор күндөрдү кечиришкен. Нааминин жесир калганына бир нече жыл болуп калган, бирок жакында эле эки уулу Килион менен Махлондон айрылып, асманы жерге түшүп, күйүт тартып турган кези. Руттун да кайгыга малынып жүргөн учуру. Анткени Нааминин уулу Махлон Руттун күйөөсү болчу. Ал кайын энеси Наами менен Ысрайылдагы Бетлехем шаарына жол тартып бара жаткан. Бирок кандайдыр бир мааниде алардын багыты эки башка. Наами өз мекенине баратса, Рут урук-тукумун, тек-жаатын, элин, жерин, кудайларын калтырып, өмүрү көрбөгөн чоочун элге, чоочун жерге бара жатат (Рут 1:3—6).

Ал жаш келинге ошонун баарын таштап, чоочун жерге барганга эмне түрткү болду эле? Рут жаңы жерге, жаңы элге кантип көнүп кеткен жана кайын энесине кантип кам көргөн? Бул суроолорго жооп алсак, Кудайга бекем ишенген, Маап жеринен болгон Руттан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Келгиле, адегенде ошол эки аял Бетлехемди көздөй жол тартканга чейин болгон окуяларды карап көрөлү.

Кайгы баскан үй-бүлө

Рут Жансыз деңиздин чыгыш тарабында жайгашкан Маап деген жерде чоңоюп-өскөн. «Маап жери» капчыгайлуу, бөксө тоолуу аймак болгон. Ал жер түшүмдүү жер болгондуктан, Ысрайылда ачарчылык болгон учурда, ал жердин эли ачарчылыктын азабын тарткан эмес. Рут Махлон менен Махлондун үй-бүлөсү Маап жерине көчүп келгенде таанышкан (Рут 1:1).

Ысрайылда ачарчылык башталганда, Нааминин күйөөсү Елимелех аялын, эки уулун алып, Маап жерине убактылуу көчүп барган. Ал жакка көчүп барганда алардын Кудайга болгон ишеними сыналган болушу керек. Анткени ысрайылдыктар өз жеринде Жахаба Кудай тандаган ыйык жерге барып, сыйынып турушчу (Мыйзам 16:16, 17). Ошондой болсо да Наами Кудайга болгон ишенимин дайыма бекем сактаган. Ал күйөөсү кайтыш болуп, күйүт тартса да, Кудайдан үмүтүн үзгөн эмес (Рут 1:2, 3).

Наами кийин эки уулу мааптык кыздарга үйлөнгөндө да кайгырбай койгон эмес (Рут 1:4). Ал анын ата-бабаларынан болгон Ыбрайым пайгамбар уулу Ыскакка Жахаба Кудайга сыйынган элден аял алып бериш үчүн кулун алыс жерге болсо да жибергенин билген (Башталыш 24:3, 4). Кийинчерээк Кудай өз элине Муса пайгамбар аркылуу башка элдер менен куда-сөөк болууга тыюу салган мыйзам берген болчу. Себеп дегенде Кудайдын эли алар менен куда-сөөк болушса, жалган кудайларга сыйынып кетиши мүмкүн эле (Мыйзам 7:3, 4) *.

Махлон менен Килион ал мыйзамды билишсе да, мааптык кыздарга үйлөнүшкөн. Наами буга капа болуп, кейисе да, эки келини Рут менен Орпага жакшы мамиле кылганы шексиз. Балким, ал кийин алар да Жахабага сыйынышар деп үмүттөнгөндүр. Кандай болбосун, Рут менен Орпа кайын энесин абдан жакшы көрүшкөн. Алар бири-бири менен абдан ынак болгондуктан кайгыга батканда бири-бирине жөлөк-таяк болушкан. Эки келини тең күйөөлөрүнөн уулдуу болгуча эле ажырап калышкан (Рут 1:5).

Руттун туткан дини кандай болгон? Анын туткан дини ага күйүтүн көтөрүп кетүүгө жардам берди беле? Кыязы, жардам берген эмес. Себеби мааптыктар көптөгөн жалган кудайларга сыйынышчу. Ал кудайлардын башкысы Кемос болгон (Сандар 21:29). Мааптыктардын дининде ырайымсыздык менен, төбө чачты тик тургузган иштер менен коштолгон үрп-адаттар бар болчу. Алсак, алар кичинекей балдарды курмандыкка чалышчу. Ошондуктан Махлон менен Наами Рутка ысрайылдыктар сыйынган мээримдүү, ырайымдуу Жахаба Кудай жөнүндө айтып беришкенде, Рут алардын дини ал тутуп келген динден кыйла айырмаланарын билген. Мааптыктардын кудайларынан айырмаланып, Жахаба Кудайдын эч кимди коркутуп-үркүтпөй, мээримдүүлүк менен башкарарын түшүнгөн (Мыйзам 6:5). Ошон үчүн күйөөсүнөн айрылгандан кийин ал кайын энесине мурдагыдан да жакын болуп, анын Кудурети Күчтүү Жахаба Кудай жөнүндө, анын кереметтүү иштери, өз элине ырайым кылып, мээримдүүлүк менен кам көрүп келгени жөнүндө айтып бергендерин кызыгып укканы күмөнсүз.

Наами Маап жеринде жүргөндө өз элин сагынып, ал жактан кабар алгысы келген болуш керек. Күндөрдүн биринде ал, сыягы, жер кезген соодагерлерден Ысрайылда ачарчылык бүткөнүн угуп калат. Жахаба Кудай өз элине назарын салып, «Нан үйү» дегенди билдирген Бетлехем шаарында кайрадан тамак-аш мол болуп, элдин жашоосу жакшыра баштаган. Ал кабарды укканда Наами мекенине кайтып барууну чечет (Рут 1:6).

Ал эми Рут менен Орпа эмне кылат? (Рут 1:7). Наами менен эки келини башынан көп кыйынчылык өткөргөндүктөн бири-бирине аябай жакын болуп калышкан. Рут, өзгөчө, Нааминин боорукердигин жана Жахаба Кудайга болгон бекем ишенимин көрүп, ага жакын болуп калса керек. Ошентип, үч жесир Жүйүт жерин көздөй жол тартышат.

Рут жөнүндөгү билдирүү жамандык, жакшы адам болобу, жаман адам болобу, ар бир адамдын башына келерин көрсөтүп турат (Насаатчы 9:2, 11). Ошондой эле ал билдирүүдөн жакыныбыздан айрылганда күйүтүбүздү кимдир бирөөгө, өзгөчө, Наами сыйынган Жахаба Кудайды баш маана кылган адамдарга айтканыбыз дурус экенин билүүгө болот (Накыл сөздөр 17:17).

Рут кайын энесин да, Кудайды да сүйгөн

Ал үчөө бир топ жерди басып өткөндөн кийин, Наами келиндеринин андан кийинки жашоосун ойлоп тынчсыздана баштайт. Ал эки жагында келе жаткан келиндеринин ага жана балдарына кылган жакшылыктарын ойлоп баратат. Ал ансыз деле күйүт тартып турган келиндерине оордук келтиргиси келбейт. Себеби аларды өзү менен кошо Бетлехемге алып кетсе, аларга эмнесин берип, эмне жакшылыгын кылып бере алат эле?

Ошон үчүн келиндерине: «Баргыла, өз энеңердин үйүнө кайткыла. Силер маркум күйөөлөрүңөргө, мага мээримдүүлүк көрсөткөнүңөрдөй эле, Жахаба да силерге мээримдүүлүк көрсөтсүн»,— дейт. Ошондой эле Наами аларга Жахаба Кудайдын бата беришин, турмушка чыгып, күйөөлөрү менен бейкут жашашын каалаарын айтып, «аларды өбөт». Ошондо келиндери «боздоп ыйлай башташат». Мындан Рут менен Орпанын эмне үчүн кайын энеси Наамини абдан жакшы көрүшкөнүн билүүгө болот. Себеби Наами чынында эле боорукер жана өзүнүн кызыкчылыгын көздөбөгөн аял болгон. Ошондуктан келиндери: «Жок, биз сиз менен бирге сиздин элиңизге барабыз»,— деп көнбөй коюшат (Рут 1:8—10).

Бирок Наами да алардын айткандарына көнбөйт. Ал Ысрайылга барганда аларга эч нерсе кылып бере албасын, күйөөгө тийип, аларга күйөө болгудай уулдарды төрөп бере албасын жана аларды ал жакта эч кандай деле жакшы нерсе күтүп турбаганын айтат. Наами аларга кам көрө албай турганын ойлоп кайгырып жатканын да айтат (Рут 1:11—13).

Орпа кайын энесинин айткан сөздөрүн туура көрөт. Ал Маап жериндеги өз энесин, тууган-туушкандарын ойлоп калып калууну чечет. Ошентип, кайын энесин таштап кетүү кыйын болсо да, аны менен өбүшүп коштошуп, артка кайтат (Рут 1:14).

Ал эми Рут эмне кылат? Наами Рутка да өз жерине кайтууну айткан болчу. Бирок Рут анын «жанында калган». Келиндери менен коштошкондон кийин Наами жолун андан ары узап кете берген. Рут да анын артынан калбай ээрчип кете берген. Ошондо Наами Рутка: «Мына, жесир калган абысының өз элине, өз кудайларына кайтты. Сен да аны менен кайт»,— деп, аны кайтууга көндүрүүгө аракет кылган (Рут 1:15). Нааминин айткандарынан маанилүү бир нерсени байкоого болот. Орпа өз элине эле эмес, «өз кудайларына» кайткан. Ал Кемоско жана башка жалган кудайларга сыйына берүүнү чечкен. Рут да ошентти беле?

Рут эмне үчүн Нааминин артынан калбай ээрчип бара жатканын жакшы билген. Ал кайын энеси Наамини жана ал сыйынган Кудайды сүйгөндүктөн ээрчип бара жаткан. Ошондуктан кайын энесине: «Сизди таштап кетишимди суранбаңыз, артка кайтышымды өтүнбөңүз. Сиз кайда барсаңыз, мен да ошол жакка барам. Сиз кайсы жерге түнөсөңүз, мен да ошол жерге түнөйм. Сиздин элиңиз менин элим болот, сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот. Сиз кайсы жерде өлсөңүз, мен да ошол жерде өлөм, сөөгүм ошол жерге коюлат. Эгер сизден өлүмдөн башка себеп менен ажырасам, Жахаба мени жазаласын»,— деген (Рут 1:16, 17).

Арадан 30 кылым өтсө да, Руттун ошондо айткан сөздөрү бүгүнкү күндө көптөргө тааныш. Анын сөздөрүнөн кайын энесин чындап сүйгөндүгүн көрүүгө болот. Анын сүйүүсү ушунчалык күчтүү жана туруктуу болгондуктан, Наами каякка барбасын, анын артынан барууга даяр болгон. Аларды бир гана өлүм ажырата алмак. Рут Маап жеринде эмнеси болсо, ошонун баарынан, атүгүл Маап кудайларынан да баш тартууга даяр болгондуктан Нааминин элин өз эли катары көргөн. Ал Орпадан айырмаланып, Наами сыйынган Жахаба Кудай жөнүндө: «Сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот»,— деп чын жүрөктөн айта алган *.

Ошентип, ал экөө андан ары жолун улап, Бетлехемди көздөй жөнөп кетишет. Бир изилдөөгө ылайык, алар бир жумадай жол жүрүшкөн. Ошондой узак жолдо бири-бирине жөлөк-таяк болушкан.

Бул дүйнөдө жамандыкка кабылбаган жан жок. Биз азыр, Ыйык Китепте айтылгандай, «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатабыз. Ошон үчүн баарыбыз эле ар кандай кыйынчылыктарга кабылабыз, жакындарыбыздан айрылып, күйүт тартабыз (2 Тиметей 3:1). Андыктан Руттукундай туруктуу сүйүү өрчүткөнүбүз маанилүү. Туруктуу сүйүү кимдир бирөөгө берилгендикти сактоону билдирет. Сүйүүсү туруктуу киши сүйгөн адамынан ажырагысы келбейт. Андай сүйүү жубайыбыз, досторубуз, ишенимдештерибиз менен болгон мамилебизди бекемдейт. Биз андай сүйүүнү өрчүткөнүбүздө Руттан үлгү алган болобуз.

Рут менен Нааминин Бетлехемдеги жашоосу

Албетте, туруктуу сүйүүнү сөз менен түшүндүрүп коюу башка нерсе, ал эми анын кандай сапат экенин иш жүзүндө көрсөтүү такыр башка нерсе. Рут кайын энеси Наамини эле эмес, өзүнүн Кудайы деп кабыл алган Жахаба Кудайды да сүйөрүн далилдеген.

Рут менен Наами акыр-аягы Иерусалимдин түштүгүнөн 10 километр алыс жайгашкан Бетлехемге келишет. Нааминин үй-бүлөсү бир кездерде көптөргө таанымал үй-бүлөлөрдөн болгон көрүнөт. Себеби ал Бетлехемге келгенде, элдин баары анын келгенин билишкен. Аялдар Наамини тигиле карашып: «Бул Наамиби?» — деп таң калышкан. Кыязы, Наами Маап жерине көчүп кеткенден бери бир топ эле өзгөрсө керек. Анын өңү муңайып, ичтеги кайгысынын көлөкөсү жүзүн жаап турганы байкалып турган (Рут 1:19).

Тууган-туушкандары жана кошуналары Нааминин көп азаптуу күндөрдү баштан өткөргөнүн байкашкан. Наами алардын ага «жагымдуу» дегенди билдирген Наами деген ысымынан кайрылбай, ага «шордуу» дегенди билдирген Мара деген ысым менен кайрылышын каалаган. Анын абалы чынында эле аянычтуу болчу! Ага чейин жашаган Аюп пайгамбардай болуп, ал да кыйынчылыктарды Жахаба Кудай жиберип жатат деп ойлогон (Рут 1:20, 21; Аюп 2:10; 13:24—26).

Рут кайын энеси менен Бетлехемге келип, отурукташкандан кийин кайын энеси экөөнүн кантип жан багышарын ойлоно баштайт. Ал Жахаба Кудайдын өз элине берген мыйзамында кедей-кембагалдарга кам көрүүгө байланыштуу да мыйзам караштырылганын билет. Ал мыйзамга ылайык, кедей-кембагалдар оруп-жыюу убагында эгин талаасына барып, элден калган машактарды жана талаанын четинде өскөн буудайды же арпаны оруп ала алышмак * (Лебилер 19:9, 10; Мыйзам 24:19—21).

Ошол убакта арпа орулуп жаткан. Кыязы, азыркы календарь боюнча, апрель айы болчу. Рут ким ага талаасынан машак терип алганга уруксат берет болду экен деп эгин талаасына барат. Ал Нааминин күйөөсү Елимелехтин тууганы болгон аябай бай Бууз деген кишинин талаасына барып калат. Анын машак тергенге укугу бар болсо да, орокчулардын башчысынан машак терип алганга уруксат сурайт. Ал ага уруксат бергенде, Рут машак тере баштайт (Рут 1:22—2:3, 7).

Руттун орокчулардын артынан машак терип жүргөнүн элестетсеңер. Орокчулар оттук таштан жасалган орогу менен арпа оруп жатышат. Рут болсо эңкейип алып, алардан калгандарын чогултуп, боо-боо кылып байлап, боолорду кырманга ташыйт. Бул аябай көп убакытты алган, оор жумуш болчу. Өзгөчө, түшкө жакындап калган маалда талаада иштөө андан бетер оор болчу. Рут чекесинен аккан терди аарчыш үчүн эле же «алачыкка» барып, бир аз шам-шум этип алыш үчүн эле бир азга токтобосо, башка учурларда баш көтөрбөй иштейт.

Рут аны эч ким деле байкабайт болуш керек деп ойлосо керек. Бирок андай болгон эмес. Бууз деген киши аны байкап, орокчулардын биринен анын ким экенин сурайт. Кудайга бекем ишенген Бууз жумушчуларына келип: «Жахаба силер менен болсун»,— деп учурашат. Жумушчулар алик алышат. Алардын айрымдары бир күнгө жалданган жумушчулар болсо, башкалары чет жерден келген кишилер болгон. Кудайды сүйгөн ал кары киши Руттун ким экенине, кайдан келген келин экенине чын дилден кызыккан (Рут 2:4—7).

Бууз Рутка «кызым» деп кайрылып: «Машак тергени башка талаага барба, менин жумушчу кыздарым менен бирге болуп, ушул жерден кетпей эле кой... Жумушчуларга сага тийбегиле деп буйрук кылдым»,— дейт. Ошондой эле жумушчулар менен кошо тамактанып турушун айтат. Бууз Рутка жылуу сөздөрдү айтып, ага жакшы мамиле кылган. Эмне үчүн? (Рут 2:8, 9, 14).

Рут Бууздан анын бөтөн жерлик болгонуна карабай, ага көңүл бургудай эмне кылып ырайым тапканын сурайт. Бууз Рутка кайын энеси Наамиге кылган жакшылыктары жөнүндө уккандыгын айтат. Сыягы, Наами жакшы көргөн келинин аялдарга мактаса керек. Ошон үчүн Рут эл оозуна алына баштаган. Анын жакшы келин экени Буузга да жеткен. Ошондой эле Бууз Руттун Жахаба Кудайга сыйына баштаганын да уккандыктан: «Бул үчүн Жахаба сага батасын берсин, сен канатынын астынан баш маана издеп келген Ысрайылдын Кудайы Жахаба сага толук сыйлык берсин»,— деген (Рут 2:12).

Бууздун сөздөрү Рутка кандай гана дем-шык берген! Чымчыктын балапаны энесинин канатынын астына корголоп, баш маана издегендей, Рут да Жахаба Кудайдын канатынын астынан баш маана издеген. Рут Буузга аны жубатып, жакшы сөздөрдү айткандыгы үчүн абдан ыраазы болгон. Ошентип, ал кеч киргенге чейин Бууздун талаасында иштеген (Рут 2:13, 17).

Кудайга ишенгендигин иш жүзүндө көрсөткөн Рут акча-тыйын тартыш болуп жаткан убакта жашап жаткан бардыгыбыз үчүн эң мыкты үлгү болуп эсептелет. Ал башкаларды ага кам көрүүгө милдеттүү деп эсептеген эмес. Ошондуктан ага кандай жардам көрсөтүлбөсүн, ыраазычылык менен кабыл алган. Ал жакшы көргөн адамына кам көрүш үчүн төмөн деп эсептелген жумушта эртеден кечке жан үрөп иштегенден уялган эмес. Ошондой эле Рут каякта жана кимдер менен иштеш керектигине байланыштуу кеңештерди да кабыл алган. Андан да маанилүүсү, Рут чыныгы баш маананы кайдан тапса болорун эсинен чыгарган эмес. Ал Жахаба Кудайды баш маана кылган.

Эгер биз да, Руттай болуп, Кудайды жана жакындарыбызды туруктуулук менен сүйсөк жана момун, эмгекчил болсок, ошондой эле башкалардын жакшылыгын унутпасак, башкаларга жакшы үлгү болобуз. Жахаба Кудай Рутка жана Наамиге кантип кам көргөн? Бул тууралуу ушул журналдын кийинки сандарынан билебиз.

[Шилтемелер]

^ 22-абз. Баса белгилей кетчү нерсе, Рут башка элдерден айырмаланып, жөн эле Кудай деп айткан эмес, ал Жахаба Кудай деп айткан. Бир эмгекте: «Рут китебин жазган киши Руттун чыныгы Кудайдын кызматчысы болгонун баса белгилегиси келген»,— делет («The Interpreter’s Bible»).

^ 29-абз. Руттун өлкөсүндө андай мыйзам болбогондуктан ал Рут үчүн өзгөчө бир жаңы нерсе болгон. Жакынкы Чыгышта ал убакта жесирлерге абдан жаман мамиле жасалчу. Бул тууралуу бир эмгекте мындай делген: «Жесир калган аялды уулдары бакчу. Эгер анын эч кимиси жок болсо, ал өзүн кулчулукка сатчу, денесин сатып жан бакчу же өлүп калчу».

[26-беттеги сүрөт]

Чакан чыгарма

Рут китебин чакан чыгармага салыштырса болот. Ыйык Китепте Бийлер китебинен кийин турган Рут китеби Бийлер китебине салыштырмалуу бир топ эле кичинекей китеп. Рут китебинен андагы окуялардын бийлер башкарып турган убакта болгондугун биле алабыз (Рут 1:1). Кыязы, ал эки китепти тең Шемуел пайгамбар жазган. Ыйык Китепти окуп жатканда Рут китебинин 66 китептин арасынан эң ылайыктуу жерде жайгашканын байкоого болот. Бийлер китебинде баяндалган согуштар, талап тоноочулук, мыкаачылык жөнүндө окугандан кийин ушул чакан китепти окуйбуз. Бул китептен Жахабанын күнүмдүк турмуштун кыйынчылыктары менен күрөшүп жаткан карапайым адамдарды унутпай турганын билебиз. Бир үй-бүлө тууралуу жазылган ал китепте чыныгы сүйүү, жакынынан айрылуу, ишеним жана берилгендик сыяктуу нерселер тууралуу айтылат. Бул китептен баарыбыз жакшы нерселерге үйрөнө алабыз.

[24-беттеги сүрөт]

Күйүт тартып турган кезде Рут менен Наами ынак болгон

[24, 25-беттердеги сүрөт]

«Сиздин элиңиз менин элим болот, сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот»

[27-беттеги сүрөт]

Рут өзүнө жана Наамиге кам көрүш үчүн төмөн деп эсептелген жумушта жан үрөп иштегенге даяр болгон