Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиленгенде үнүбүздү ким угат?

Тиленгенде үнүбүздү ким угат?

Тиленгенде үнүбүздү ким угат?

БИЗДИ ким жаратса, тиленгенибизде үнүбүздү ошол гана угат. Чынында эле, биздин оюбузда эмне бар экенин мээбизди жараткандан башка ким биле алат? Андан башка ким биздин үнүбүздү угуп, жардам бере алат? Бирок силер: «Жаратканга ишенүүгө негиздер барбы?» — деп ойлонушуңар мүмкүн.

Көптөр Кудайдын бар экенине ишениш үчүн илимий далилдерге көз жумуп коюш керек деп ойлошот. Бирок Кудайга ишенүү илимге карама-каршы келет деп ойлоо жаңылыштык. Келгиле, эмне үчүн экенин карап көрөлү.

▪ Жакында эле жүргүзүлгөн бир изилдөөгө ылайык, Кошмо Штаттардагы 21 белгилүү университетте илим жаатында эмгектенген 1646 профессордун 550дөйү гана Кудайга ишенбей турганын айтышкан.

Мындан көрүнүп тургандай, окумуштуулардын көбү Кудайдын бар экенине ишенишет.

Жараткандын бар экенин көрсөткөн далил

Кудайдын бар экенине эч кандай далили жок эле ишене беришибиз керекпи? Албетте, жок. Ишеним эч кандай далили жок ишенүүнү билдирет деген ой туура эмес. Ыйык Китепте ишеним жөнүндө: «Көрүнбөгөн нерселердин бар экенине айкын далилдерди көрүү»,— деп айтылат (Еврейлер 11:1). Ыйык Китептин дагы бир котормосунда ишеним «көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүүнү» билдирери айтылат («Үмүт нуру»). Мисалы, силер радио толкундарын көрө албайсыңар, бирок уюлдук телефон аркылуу башка бир киши менен байланышып, ал кишинин үнүн угуп жатканыңардан улам андай толкундардын бар экенин биле аласыңар. Ошол сыяктуу эле, Кудайды көрө албасак да, анын бар экенин көрсөткөн далилдер бар.

Кудайдын бар экенин көрсөткөн далилдерди кайдан таба алабыз? Ал үчүн айлана-чөйрөгө көз чаптырышыбыз керек. Ыйык Китепте: «Ар бир үйдүн куруучусу бар, ал эми бардык нерсенин куруучусу — Кудай»,— деп айтылат (Еврейлер 3:4). Чынында эле ушундай экенине кошуласыңарбы? Ааламдагы нерселердин тартиби, жашоонун пайда болушу, жаратылыштагы нерселердин түзүлүшүнүн татаалдыгы жана адамдын мээси жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө адам баласынан да жогору турган бирөө бар экенин тана албайбыз *.

Бирок Кудай жөнүндө билиш үчүн жаратылышка көз чаптыруу эле жетишсиз. Муну мындай мисал менен түшүндүрсөк болот: эшиктин ары жагынан кимдир бирөөнүн басып келатканын укканда бирөө келатканын билебиз, бирок ким экенин билбейбиз. Анын ким экенин билиш үчүн эшикти ачып карашыбыз керек. Ааламдагы нерселерди жараткан Кудайдын ким экенин билиш үчүн биз да ушу сыяктуу иш-аракет кылышыбыз керек.

Ыйык Китепти эшикке салыштырууга болот. Ал эшикти ачканыбызда, башкача айтканда, Ыйык Китептеги майда-чүйдөсүнө чейин жазылган пайгамбарлыктарды жана алардын кантип аткарылганын окуганыбызда Кудайдын чынында эле бар экенин билебиз *. Баарынан да маанилүүсү, Кудайдын адамдарга кандай мамиле кылганы тууралуу билдирүүлөрдөн анын касиет-сапаттарын биле алабыз.

Тиленүүнү уккан Кудайдын сапаттары

Ыйык Китепте тиленүүнү уккан Кудайдын тирүү экени жана аны ар бирибиз таанып-биле аларыбыз айтылат. Чынында эле, тирүү бирөө гана бизди түшүнө алат. Ыйык Китепте: «Оо, тиленүүлөрдү Угуучу, сага ар кандай адамдар келет»,— деген жүрөк жылыткан сөздөр жазылган (Забур 65:2). Кудай ага бекем ишенип тиленген адамдардын тиленүүсүн угат. Анын ысымы да бар. Ыйык Китепте: «Жахаба ыймансыздардан алыс, ал эми адил адамдардын тиленүүсүн угат»,— делет (Накыл сөздөр 15:29).

Ошондой эле Жахаба Кудайдын сезимдери бар. Ыйык Китепте анын «сүйүүнүн... Кудайы» жана «бактылуу Кудай» экени айтылат (2 Корунттуктар 13:11; 1 Тиметей 1:11). Жер бети жаман иштерге толуп кеткен убакта анын кандай сезимде болгону жөнүндө Ыйык Китепте: «Жараткан адамдары үчүн кайгырып, жүрөгү ооруду»,— делет (Башталыш 6:5, 6). Кудай адамдарды сынаш үчүн аларды кыйынчылыктарга дуушар кылат деген ой жалган. Себеби Ыйык Китепте: «Кудай эч качан жамандык кылбайт»,— деп жазылган (Аюп 34:10). Бирок силер: «Ал Кудурети Күчтүү Кудай болсо, анда эмне үчүн азап-кайгыга жол берип жатат?» — деп ойлонушуңар мүмкүн.

Жахаба Кудай адам баласына өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигин берген. Мындан анын адамдардын кадыр-баркын сыйлай турган Кудай экенин биле алабыз. Кандай жашоону тандоону өз алдыбызча чечкенге эркиндигибиз бар экенине ыраазы эмеспизби? Өкүнүчтүүсү, көптөр эркиндигин туура эмес пайдаланып, өздөрүнө эле эмес, жакындарына да зыян келтиришет. Биз: «Кудай адамды өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигинен ажыратпай, азап-кайгыны кантип жок кылат?» — деген абдан маанилүү суроонун үстүнөн терең ойлонуп көрүшүбүз керек. Бул суроого кийинки макаладан жооп алабыз.

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Кудайдын бар экенин көрсөткөн далилдер жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо» деген китепчени жана «Камкор Жараткан барбы?» деген китепти карагыла.

^ 10-абз. Ыйык Китептин Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганын көрсөткөн далилдер жөнүндө Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Бардык адамдарга арналган китеп» деген китепчеден окуй аласыңар.

[5-беттеги кутуча]

Кудайдын бар экенине шектенүүгө дин себеп болуудабы?

Дин адамдарга Кудайды таанып-билүүгө жардам бериши керек болчу, бирок, өкүнүчтүүсү, ал адамдардын тиленүүнү уккан боорукер Кудайдын бар экенине шектенишине себеп болууда. Диний жетекчилер согуштарды, террорчулукту колдоп, балдардын зордукталышына көз жумду мамиле кылып жаткандыктан, Кудайга ишенип келген адамдар да түңүлүп, Кудайга ишенбей калышууда.

Эмне себептен диндин айынан көп жаман иштер болуп жатат? Бир сөз менен айтканда, кара ниет адамдар динди жамынып алып, жаман иштерди кылышат. Ыйык Китепте да динди жамынып алып, жаман иштерди жасай турган адамдардын болору алдын ала айтылган. Алсак, элчи Пабыл ишенимдештерине: «Шакирттерди ээрчитип кетиш үчүн өзүңөрдүн эле араңардан чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгат»,— деп айткан (Элчилер 20:29, 30).

Кудай жөнүндө жалган нерселерге окуткан диндер Кудай үчүн жийиркеничтүү. Кудайдын Сөзү Ыйык Китепте андай диндердин «жер жүзүндө өлтүрүлгөндөрдүн баарынын канына» жооптуу экени айтылат (Аян 18:24). Ооба, жалган диндер сүйүүнүн булагы болгон чыныгы Кудай жөнүндө билим бербегендиктен адамдардын канына забын (1 Жакан 4:8).

Тиленүүнү уккан Кудайдын диндин айынан азап чегип жаткан адамдарга боору ооруйт. Ал адамзатка болгон сүйүүсүнөн улам жакында жалган диндердин баарын Иса Машаяк аркылуу жоопко тартат. Иса Машаяк: «Ошол күнү көптөр мага: „Мырзам, Мырзам, биз сенин ысмың менен пайгамбарлык кылбадык беле?..“ — деп айтышат. Ошондо аларга: „Мен силерди эч качан таанычу эмесмин! Кеткиле жанымдан, мыйзамсыз иш кылгандар!“ — деп айтам»,— деген (Матай 7:22, 23).