Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиленгенде үнүбүздү уккан бирөө барбы?

Тиленгенде үнүбүздү уккан бирөө барбы?

Тиленгенде үнүбүздү уккан бирөө барбы?

«Мен Кудайдын бар экенине шек саначумун, ошондой болсо да тиленген учурларым болчу. Тиленгенимде мени кимдир бирөө угарына көп деле ишенчү эмесмин, бирок эмнегедир асманда бирөө бар болуш керек деп ойлочумун. Өзүмдү бактысыз сезчүмүн, жашоом маңызсыз болчу. Кудайга ишенгим келчү эмес, себеби алсыз адамдар гана Кудайга ишенет деген ойдо болчумун» (ПАТРИСИЯ *, ИРЛАНДИЯ).

СИЛЕРДИН да ушинтип ойлогон учурларыңар болобу? Кудайдын бар экенине шектенсеңер да тиленесиңерби? Көп адамдар Кудайдын бар экенине шектенсе да тиленет. Келгиле, төмөнкүлөргө көңүл буралы.

▪ Британияда жүргүзүлгөн бир сурамжылоодон 2 200 кишинин 22 пайызы гана ааламды жараткан Кудай бар экенине жана анын тиленүүнү угарына ишенери айкын болгон. Ал эми 55 пайызы кээде эле тиленерин айтышкан.

▪ Төрт континентте жүргүзүлгөн, 10 000 киши катышкан дагы бир сурамжылоодон көрүнгөндөй, өздөрүн атеист деп эсептегендердин дээрлик 30 пайызы тиленет.

Эмне үчүн шектенишет?

Англияда жашаган Аллан деген бир киши мындай дейт: «Мурда Кудай жок дечүмүн, анткени адамдар динди башкаларды башкарыш үчүн жана ошонун аркасынан байыш үчүн ойлоп тапкан деп эсептечүмүн. Ошондой эле: „Кудай бар болсо, дүйнөдө адилетсиздик болбойт эле да“,— деп ойлочумун. Бирок кээде жалгыз отуруп алып тиленчүмүн. „Адам баласы эмне үчүн жаралган?“ — деп да ойлончумун».

Айрымдардын тиленгенибизде үнүбүздү уккан бирөө бар экенине шектенишине ар кандай себептер бар. Көп учурда алар төмөндөгүдөй суроолорго жооп албагандыктан шектенишет:

▪ Жараткан Кудай барбы?

▪ Эмне себептен диндин айынан көп жаман иштер болот?

▪ Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берет?

Ушул суроолордун жообун билсеңер, Кудайдын бар экенине шектенбей тиленет белеңер?

[Шилтеме]

^ 2-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.