Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиленүүнү уккан Кудайга жакындагыла

Тиленүүнү уккан Кудайга жакындагыла

Тиленүүнү уккан Кудайга жакындагыла

КУДАЙГА ишенем дегендердин көбү Кудайга эмне үчүн ишенерин түшүндүрүп бере алышпайт. Алар эмне себептен диндин айынан көп жаман иштер жасалып жатканын жана Кудайдын азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатканын да түшүндүрө алышпайт. Бирок алар, Кудайды өздөрү жакшы билишпесе да, ага кайрылып тиленишет.

Силер Кудайды таанып-билип, ага жакындай аласыңар. Анын чынында кандай Кудай экенин билсеңер, ишенимиңер бекемделип, ага болгон сүйүүңөр жана ыраазычылыгыңар артат. Кудайга болгон ишеним далилдерге негизделет (Еврейлер 11:1). Эгер чыныгы Кудай жөнүндө билим алсаңар, аны жакшыраак таанып-билип, аны менен достордукундай ынак мамиле өрчүтө аласыңар. Келгиле, Кудайдын бар экенине шектенсе да ага тиленип келген адамдардын мисалдардын карап чыгалы.

Биринчи макалада сөз кылынган Патрисия мындай дейт: «Бир жолу досторум менен дин жөнүндө кызуу талкууладык. Мен аларга өмүр бою Кудай жок деп ишенип келген атам менен үйүбүзгө кабар айтып келген Жахабанын Күбөсү сүйлөшүп жатканда, кыжырданып, үйдөн чыгып кеткенимди айттым. Ошондо алардын бири: „Балким, Жахабанын Күбөлөрүнүн айткандары чындыр“,— деп калды.

Дагы бирөө: „Анда Жахабанын Күбөлөрүнүн чогулушуна барып көрбөйлүбү“,— деди. Ошентип, ээрчишип алып алардын жыйналышына бардык. Ал жерде айтылгандарга анча ишене бербесек да, Жахабанын Күбөлөрү бизге жакшы мамиле кылгандыктан, алардын жыйналышына барып жүрдүк.

Бирок күндөрдүн биринде жекшемби күнү болгон жыйналыштан менин көз карашыма аябай таасир эткен бир баяндама уктум. Баяндамачы адамдардын эмне себептен азап чегерин түшүндүрүп берди. Мен адам баласынын башында жеткилең болуп жаралганын, бирок кийин бир адам аркылуу бардык адамдарга күнөө менен өлүм тукум кууп өткөнүн билген эмесмин. Баяндамачы Адам ата кол жууп калган нерселерге кайрадан ээ болушубуз үчүн, Иса пайгамбардын эмне себептен өлүшү керек болгонун түшүндүрүп берди * (Римдиктер 5:12, 18, 19). Ошондо мага көп нерсе түшүнүктүү боло түштү. „Көрсө, бизге чындап кам көргөн Кудай бар турбайбы“,— деп ойлондум. Ошентип, Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, көп өтпөй Кудайдын чынында кандай Кудай экенин билдим. Ошондо ага кайрылып тилене аларымды биринчи жолу түшүндүм».

Биринчи макалада айтылган Аллан мындай дейт: «Бир күнү үйүбүзгө Жахабанын Күбөлөрү келип калды. Келинчегим алардын жер бетинде боло турган түбөлүк өмүр жөнүндө айткандарына кызыгып калып, аларды үйгө киргизди. Ошондо менин кыжырым келгенин айтпа. Аялымды ашканага чакырып алып: „Эмне, акылыңан айнып калдыңбы. Ушуга да ишенесиңби“,— дедим.

Келинчегим: „Айткандары жалган болсо, анда өзүң барып, жалгандыгын далилдеп бербейсиңби“,— деди.

Албетте, мен далилдеп бере алган жокмун. Алар мага жакшы мамиле кылып, тиричиликтин кантип пайда болгону жөнүндө жазылган бир китеп таштап кетишти. Китепте айтылгандар ушунчалык түшүнүктүү, негиздүү болгондуктан Кудай жөнүндө көбүрөөк билишим керектигин түшүндүм. Ошентип, Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Убакыттын өтүшү менен Ыйык Китепте айтылгандар менин дин жөнүндөгү түшүнүгүмдөн кыйла айырмаланарын билдим. Жахаба Кудай жөнүндө көбүрөөк билген сайын, ага мени тынчсыздандырган нерселерди майда-чүйдөсүнө чейин айтып тилене баштадым. Мисалы, менин жаман сапаттарым бар болгондуктан оңолгонго жардам беришин сурап тиленчүмүн. Жахаба Кудайдын тиленүүмө жооп бергенине эч шектенбейм».

Англияда жашаган Эндрю мындай дейт: «Мен өзүмдүн көз карашыма бекем карманчумун жана илимге аябай кызыкчумун. Бирок эволюция теориясына башкалар аны далилденген нерсе деп эсептегени үчүн эле ишенчүмүн. Дүйнөдө жамандык ушунчалык көп болгондуктан Кудайга ишенгим келчү эмес.

Кээде: „Эгер Кудай чынында эле бар болсо, эмне үчүн кылмышкерлик, согуштар көп болуп жатат?“ — деп ойлончумун. Ошентсе да кыйынчылыкка кабылган учурларда жардам сурап тиленчүмүн, бирок кимге тиленип жатканымды билчү эмесмин.

Бир күнү жубайыма бирөө Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган „Бул дүйнө аман калабы?“ деген баракча бериптир. Мени так ошол суроо ойлондуруп жүргөн. Баракчаны окугандан кийин: „Ыйык Китептен суроолорума так жооп алат болдум бекен?“ —деп ойлондум. Кийинчерээк өргүү алып, эс алып жүргөн кезде бирөө мага „Ыйык Китеп Кудайдын Сөзүбү же адамдыкыбы?“ деген китеп берди *. Ыйык Китепте жазылгандар илимге шайкеш келерин билгенде Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билишим керек экенин түшүндүм. Ошондуктан мага бир Жахабанын Күбөсү Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштаганда, макул болдум. Ыйык Китептен Жахаба Кудайдын ой-ниеттерин билгенде аны ичимдегинин баарын айтып, тилене алган тирүү Кудай катары көрө баштадым».

Лондондо чоңойгон, мурда протестант динин туткан Ян мындай дейт: «Диний жетекчилердин эки жүздүүлүгүн жана адамдардын ушунчалык кыйналып жатканын көрүп, динге ишенбей калгам. Кийин колежди таштап, гитара чертип ырдап, акча таба баштагам. Ошол учурларда Пэт деген жигитти жолуктуруп калдым. Ал католиктердин үй-бүлөсүндө чоңоюп, кийин мендей болуп, Кудайга ишенбей калыптыр.

Биз колежди таштап кеткен досторубуз менен кароосуз калган бир үйдө жашачубуз. Алар чыгыш элдеринин диндерине кызыгышчу. Биз түн бир оокумга чейин жашоонун маңызы жөнүндө кызуу талкуулачубуз. Пэт экөөбүз Кудайга ишенбесек да бардыгын жараткан кандайдыр бир күч бар болуш керек деп ойлочубуз.

Музыкант болуп иштеш үчүн жумуш издеп, Англиянын түндүгүнө көчүп баргандан кийин уулдуу болдук. Бир күнү наристебиз ооруп калып, Кудайга ишенбесем да, ага кайрылып тилендим. Ошондон көп өтпөй Пэт экөөбүздүн мамилебиз келишпей, баламды алып алып, үйдөн кетип калдым. Ошондо тиленүүнү уккан бирөө бар болуш керек деген ойдо дагы бир жолу тилендим. Көрсө, ошол убакта Пэт да тилениптир.

Ошол эле күнү кечинде эки Жахабанын Күбөсү жолдошума келип, Ыйык Китептеги пайдалуу кеңештер жөнүндө айтып беришиптир. Пэт мага чалып, ага кошулуп Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегим келер-келбесин сурады. Ошентип, Ыйык Китепти изилдеп, убакыттын өтүшү менен никебизди мыйзамдуу түрдө каттатышыбыз керектигин түшүндүк. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы эмес болгондуктан ал талапты аткаруу оңойго турган жок.

Пэт экөөбүз Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар, азап-кайгынын себеби жана Кудайдын Падышалыгы деген эмне экени жөнүндө көбүрөөк билгибиз келди. Акырындык менен Кудайдын бизге кам көрөрүн түшүнүп, анын айткандарына ылайык иш кылгыбыз келе баштады. Ошентип, никебизди каттаттык. Кудайдын Сөзүндө жазылган даанышман кеңештер үч балабызды тарбиялаганга ушул күнгө чейин жардам берип келет. Биз Жахаба Кудайдын тиленүүбүздү укканына толук ишенебиз».

Далилдерди изилдеп көргүлө

Бул макалада айтылган адамдар жана дүйнө жүзүндөгү дагы башка миллиондогон адамдар Кудай жөнүндө жалган нерселерге окуткан диндерге алданбай, Кудайдын азап-кайгыга эмне үчүн жол берип жатканын билишти. Жогорудагы адамдардын мисалынан көрүнүп тургандай, алар Ыйык Китептен так билим алгандан кийин Жахаба Кудайдын тиленүүнү чынында эле угарына ынанышкан.

Кудайдын бар экенин көрсөткөн далилдерди изилдеп көргүңөр келеби? Жахабанын Күбөлөрү силерге тиленүүнү уккан Жахаба Кудай жөнүндө чындыкты жана канткенде ага жакындай аларыңарды билгенге жардам бере алышат (Забур 65:2).

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Иса пайгамбардын куткаруу курмандыгынын канчалык баалуу экени жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 5-бөлүмүн карагыла.

^ 12-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

[10-беттеги сүрөт]

«Жахаба Кудайдын ой-ниеттерин билгенде аны ичимдегинин баарын айтып, тилене алган тирүү Кудай катары көрө баштадым»

[9-беттеги сүрөт]

Кудайга болгон ишеним далилдерге негизделет жана ага ишенген киши Кудай жөнүндө чындыкты билгиси келет