Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиленүүнү уккан Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берет?

Тиленүүнү уккан Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берет?

Тиленүүнү уккан Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берет?

АЙРЫМДАР Кудайга кайрылып тиленсе да, анын бар экенине шектенишет. Эмне үчүн? Алар дүйнөдө азап-кайгы ушунчалык көп экенин көргөндүктөн Кудайдын бар экенине шектениши мүмкүн. Силер: «Кудай эмне үчүн азап-кайгыга жол берет?» — деп ойлонуп көрдүңөр беле?

Адам баласын жараткан Кудай аларды азыркыдай жеткилеңсиз, азап тарта тургандай кылып жаратты беле? Эгер ошондой болсо, адамдарды азапка жараткан андай Кудайга сыйынгыбыз келмек эмес. Бир мисал тууралуу ойлонуп көрөлү. Жаңы машине алып, анын тияк-биягын карап, суктанып жатасыңар дейли. Анан эле анын бир жери мырыйып калганын байкайсыңар. Силер: «Заводдон ушинтип чыгыптыр»,— деп ойлойт белеңер? Албетте, антип ойломок эмессиңер. «Заводдон эч бир кемтиги жок чыкмак, бир нерседен улам мырыйып калган же кимдир бирөө мырыйтып салган окшойт», — деп ойломоксуңар.

Анда ааламдагы нерселердин тартибине, табигаттын сулуулугуна суктанып, бирок адам баласынын бузулганын, коомдогу баш аламандыкты байкаганыбызда кандай жыйынтыкка келебиз? Ыйык Китепте Кудайдын биринчи эркек менен аялды жеткилең кылып жаратканы, бирок кийинчерээк алар өздөрүн өздөрү зыянга учуратканы айтылат (Мыйзам 32:4, 5). Бактыга жараша, Кудай мырыйган жерди түздөй турганын, башкача айтканда, адам баласын кайра жеткилеңдикке жеткирерин убадалап жатат. Бирок ал эмне үчүн мынчалык көп убакыт бою иш-аракет кылбай келет?

Эмне үчүн көп убакыт бою иш-аракет кылбай келет?

Мунун себебин билиш үчүн, адегенде, адамзатты башкарууга ким укуктуу деген суроого жооп алышыбыз керек. Жахаба Кудай адам баласынын бири-бирин башкарышын эч качан ниет кылган эмес. Ал адамдарды өзү башкармак. Ыйык Китепте: «Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт»,— деп жазылган (Жеремия 10:23). Өкүнүчтүүсү, Адам ата менен Обо эне Кудайдын бийлигине каршы чыгышкан. Кудайдын мыйзамын бузгандыктан алар күнөөлүү болуп калышкан (1 Жакан 3:4). Натыйжада жеткилеңдигинен айрылып, өздөрүн да, урпактарын да зыянга учуратышкан.

Миңдеген жылдардан бери Жахаба Кудай адам баласына өздөрүн башкарууга жол берип келет. Тарых адам баласынын өзүн өзү башкарууга жөндөмсүз экенин, ошондой эле адамдар түзгөн өкмөттөрдүн баары азап-кайгыга себеп болуп жатканын көрсөттү. Бир да өкмөт согушту, кылмышкерликти, адилетсиздикти, ооруну жок кыла алган жок.

Кудай зыяндын ордун кантип толтурат?

Ыйык Китепте Кудайдын жакында адилдик өкүм сүрө турган жаңы дүйнөнү орнотору айтылат (2 Петир 3:13). Ал дүйнөдө чечим чыгаруу эркиндигин туура колдонгон, бири-бирин жана Кудайды сүйгөн адамдар гана жашайт (Мыйзам 30:15, 16, 19, 20).

Ошондой эле Ыйык Китепте ушунчалык тез жакындап келаткан «сот күнүндө» Кудайдын азап-кайгыны жана ага себепкер болуп жаткандардын баарын жок кылары айтылат (2 Петир 3:7). Андан кийин Кудай дайындаган башкаруучу Иса Машаяк тил алчаак адамдардын үстүнөн бийлик кылат (Даниел 7:13, 14). Иса Машаяктын башкаруусу алдында жерде кандай жашоо болот? Ыйык Китепте: «Мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат»,— деп жазылган (Забур 37:11).

Асманда орнотулган Падышалыктын Падышасы Иса Машаяк зыяндын ордун толтурат, башкача айтканда, адам баласынын Жахаба Кудайга, «өмүрдүн булагына», каршы чыкканынын айынан пайда болгон ооруну, карылыкты, өлүмдү жок кылат (Забур 36:9). Мээримдүү Падыша Иса Машаяк анын бийлигине баш ийгендердин баарын айыктырат. Анын бийлиги орногондо, төмөндө айтылган убадалар аткарылат:

▪ «Ошондо тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт. Ал жерде жашаган элдин күнөөсү кечирилет» (Ышая 33:24).

▪ «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти» (Аян 21:4).

Жакында Кудайдын азап-кайгыны жок кыларын билүү силерди сооротпойбу? Ал азыр азап-кайгыга жол берип жатса эле, тиленүүбүздү укпайт деп ойлобошубуз керек.

Кудай бар. Ал биздин тиленүүбүздү дайыма угат, ал азап тартып, зарлаган үнүбүздү укпай койбойт. Ошондой эле Кудай эч ким эч нерседен шектенбей, кыйналбай жашай турган дүйнөдө биздин да болушубузду каалайт.