Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

ФИЛИППИНДИК бир эжеге ичкилигин таштаганга жана жакшы аял болгонго эмне жардам берген? Каратэ менен машыккан, аны аябай жакшы көргөн австралиялык бир кишиге каратэни таштап, Кудайдын жолуна түшкөнгө эмне түрткү берген? Келгиле, алардын айтып бергендерине көңүл буралы.

«Бир күндө эле өзгөрүп кеткен жокмун» КАРМЕН АЛЕГРА

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1949

ӨЛКӨСҮ: ФИЛИППИН

МУРУН: КӨП ИЧЧҮ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Филиппиндин Камаринес Сур деген провинциясына караштуу Сан Фернандо шаарында төрөлгөм. Кийинчерээк Рисаль провинциясындагы Антиполо шаарына көчүп барып, ал жакта көп убакыт жашадым. Антиполо шаары тоолуу аймакта жайгашкан бак-шактуу жашыл шаар. Мен ал жакка жаңыдан көчүп барганда Антиполо тынч, чакан шаар болчу. Кечкисин көчөдө бирин-серин эле киши жүрчү. Азыр болсо Антиполо — өркүндөп-өскөн, эл жыш жайгашкан чоң шаар.

Антиполого көчүп баргандан көп өтпөй Бенжамин деген жигит менен тааныштым. Кийинчерээк экөөбүз баш коштук. Турмушка чыксам эле бактылуу болуп кетем деп ойлочумун, бирок такыр андай болгон жок. Кайгымды басып, кыйынчылыктарымды унутуш үчүн көп иче баштадым. Кыялым өзгөрүп, жолдошума, балдарыма аябай жаман мамиле жасап калдым. Ачуум чукул болчу, бир деме болсо эле күйөөм менен балдарыма бир тийчүмүн, аларды кемирип кесе берчүмүн. Күйөөмдү такыр сыйлачу эмесмин. Үйдөн уруш, жаңжал кетчү эмес.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Кайын эжем Эдита Жахабанын Күбөсү болчу. Ал Бенжамин экөөбүзгө Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп көрүүнү сунуш кылды. Үй-бүлөбүздөгү оор жагдай чечилеби деген үмүттө Ыйык Китепти изилдеп көргөнгө макул болдук.

Ыйык Китепти изилдегендин аркасында Кудайдын көп убадаларын билдик. Өзгөчө, Аян китебинин 21-бөлүмүнүн 4-аятында жазылган сөздөр жүрөгүмдү козгоду. Ал аятта Кудайдын Падышалыгы алдында жер бетиндеги бейиште жашай тургандар жөнүндө: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт»,— делет. Мен да бейиште жашай турган адамдардын арасында болгум келди.

Көз карашымды түп-тамыры менен өзгөртүп, жаман адаттарымды ташташым керек экендигин түшүндүм. Бирок бир күндө эле өзгөрүп кеткен жокмун, ошентсе да бара-бара ичкенимди токтоттум. Ошондой эле үй-бүлөмө жакшы мамиле кылганга, ачууга алдырбай, өзүмдү кармай билгенге үйрөндүм. Жолдошума да баш ийип, аны урматтап-сыйлап калдым.

Бенжамин экөөбүз Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына биринчи жолу барганда аябай таасирлендик. Алардын арасынан ичкиликке берилген, кумар оюндарын ойногон, бет карама бир да адамды көргөн жокпуз. Жахабанын Күбөлөрүнүн бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылышарын байкадык. Муну көргөндө жолдошум экөөбүз чыныгы динди тапканыбызга ынандык (Жакан 13:34, 35).

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Жолдошум экөөбүз ушунчалык өзгөрөбүз деп ойлогон эмеспиз. Азыр биз бактылуубуз. Биз адамдарга Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жатабыз. Эки уулубуз менен кошо келиндерибиз да Ыйык Китепти изилдей башташты. Алар да бизге кошулуп, Жахаба Кудайга кызмат кылат деп үмүттөнөбүз. Кудайга кызмат кылуу — жашоодогу эң мыкты жол.

«Мага эч кимдин алы жетпечүдөй сезилчү» МАЙКЛ БЛЭНДСТЕН

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1967

ӨЛКӨСҮ: АВСТРАЛИЯ

МУРУН: КАРАТЭ МЕНЕН МАШЫКЧУ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатындагы кооз, өнүккөн Альбери шаарында чоңойгом. Башка шаарлардагыдай эле, биздин шаарда да кылмыштуулук болуп турчу. Бирок, жалпы жонунан алганда, Альбери тынч шаар болчу.

Атам менен апам жети жашымда ажырашып кетишсе да, байкемди, эжемди, мени, карындашымды эч нерседен кем кылышкан жок. Мен биз жашаган жердеги эң мыкты делген мектепте окуп, сапаттуу билим алдым. Атам мен мектепти бүткөндөн кийин ишкер болушумду каалачу. Бирок спортко аябай кызыкчумун, өзгөчө, велоспортту жана каратэни жакшы өздөштүргөм. Кийин унаа оңдогон жерде иштеп калдым, себеп дегенде ал жумушта иштегенде спорт менен машыкканга көбүрөөк убактым болчу.

Мен жакшы мушташканыма сыймыктанчумун. Мага эч кимдин алы жетпечүдөй сезилчү. Күчүм ашып-ташып, элирип тургандыктан, кээде башкаларды жок жерден эле токмоктоп койчумун. Бирок каратэге үйрөткөн устатым туура эмес кылып жатканымды билип, мени өзүмдү башкара билгенге үйрөтчү. Ал мага берилгендиктин, баш ийүүнүн маанилүү экенин дайыма айтып турчу.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Ыйык Китепти изилдей баштаганда Жахаба Кудайдын зордук-зомбулукту жек көрөрүн билдим (Забур 11:5). Башында каратэни зордук-зомбулукка үйрөткөн спорт деп эсептечү эмесмин. Анткени каратэ адамга зыян алып келбейт дечүмүн. Ошондой эле каратэдеги эрежелер Ыйык Китепте айтылгандарга дал келет деген ойдо болчумун. Мага Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген жубайлар каратэни ташта деп эч качан айтышчу эмес. Алар тек гана Ыйык Китептен билим алганга жардам бере беришти.

Ыйык Китепти изилдеп, Жахаба Кудай менен болгон мамилем бекемделген сайын, айрым нерселерге болгон көз карашым өзгөрө баштады. Иса пайгамбардын үлгүсү мени абдан таасирлентти. Ал аябай зор күчкө ээ болсо да эч качан адамга зыян келтирген эмес. Баарынан да, анын: «Кылыч көтөргөндөрдүн баары кылычтан өлөт»,— деген сөздөрү жүрөгүмдү козгоду (Матай 26:52).

Жахаба Кудай жөнүндө канчалык көп билген сайын, аны менен болгон мамилем ошончолук бекемделе берди. Чексиз акылман жана чексиз кудуреттүү Кудайдын мага жекече кам көрөрүн билгенде ушунчалык таасирлендим. Жахаба Кудайды капа кылып алган же өзүмдү таштап салгым келген учурлар болгон. Ошондой учурларда Жахабанын колуман келген аракетти кылганымды баалап, менден эч качан үмүтүн үзбөгөндүгүнө абдан ыраазы болчумун. Анын: «Мен, Кудайың Жахаба, сени оң колуңан кармап турам. Сага: „Коркпо, мен сага жардам берем“»,— деген сөздөрү мени абдан жубатты (Ышая 41:13). Жахабанын мага сүйүүсүн көрсөтүп жатканын сезгендиктен эч качан андан баш тартпаганга чечкиндүү болчумун.

Каратэни таштоо абдан кыйын болорун түшүнчүмүн. Каратэни таштаганым Жахабага жагарын билчүмүн жана ага кызмат кылуу үчүн көп нерседен баш тартууга туура келсе да, анын баары арзырлык экенине ишенчүмүн. Менин оюмча, буга мени Матай 6:24төгү Иса пайгамбардын: «Эч ким эки мырзага кул боло албайт»,— деген сөздөрү ынандырган. Каратэни таштабасам, Жахабага толук кандуу кызмат кыла албасымды түшүнчүмүн. Анткени бара-бара кайра эле каратэге баш отум менен кирип кетмекмин. Андыктан кайсы мырзага кызмат кылышым керектигин чечтим.

Каратэни таштоо мага оңой болгон жок. Ар кандай сезимдер менен күрөшүүгө туура келди. Таштасам Жахаба Кудайды кубандырарымды билчүмүн, ошол нерсе мени кубанычка бөлөчү. Ошол эле учурда устатымды сатып кетчүдөй болуп эле өзүмдү жаман сезе берчүмүн. Каратэге катышкандар кимдир бирөөнү сатып кетүүнү кечирилгис күнөө деп эсептешет. Айрымдар, атүгүл, ушинтип уятка калгыча өлүп эле калган артык дешет.

Устатыма барып, эмне үчүн каратэни таштап жатканымды түшүндүрүп бергенге эрким жетпей койду. Устатыма жана мени менен чогуу машыккандарга эчтеке түшүндүрбөй эле кетип калдым. Каратэни таштап туура иш кылганымды түшүнүп эле турдум. Бирок анын себебин устатыма түшүндүрүп бербегениме жана Ыйык Китептен билгендеримди башкаларга айтпай койгонум үчүн өзүмдү күнөөлөп жүрдүм. Өзүмдү Кудайга кызмат кыла электе эле аны капа кылгандай сезгем. Ушунун айынан аябай кыйналдым. Канча жолу Жахаба Кудайга кайрылып тиленейин деп, бирок тилене албай, ыйлап отуруп калчумун.

Жахаба Кудай ишенимдештеримдин мени жөлөп-таяп кетишине түрткү бергендиктен менин жакшы жактарымды көрсө керек деп ойлойм. Ишенимдештеримдин мага болгон сүйүүсү, достук мамилеси, жубатканы сөз менен айтып жеткире алгыс болчу. Ошондой эле Ыйык Китепте жазылган Дөөтү падыша менен Батшеба деген аял жөнүндөгү билдирүүнү окуганда кадимкидей жеңилдеп калчумун. Дөөтү олуттуу күнөөлөрдү кетирсе да, чын жүрөктөн өкүнгөндө, Жахаба Кудай аны кечирген. Ошол билдирүүнү окуганда өзүмдүн кемчиликтериме туура көз караш менен караганга түрткү алчумун.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Ыйык Китепти изилдеп баштаганга чейин эч ким менен ишим жок болчу. Өзүм үчүн гана жашачумун. Бирок Жахаба Кудайдын жана жети жылдан бери мага жөлөк-таяк болуп келаткан татынакай жубайымдын жардамы менен боорукер болгонго үйрөндүм. Азыр бир топ кишиге, анын ичинде оор жагдайга кабылгандарга Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жатабыз. Жахабанын адамдарга болгон сүйүүсү алардын жашоосуна терең таасир этип жатканын көрүү каратэ боюнча дүйнөнүн чемпиону болгондон алда канча артык.

[14-беттеги кыстырма]

«Чексиз акылман жана чексиз кудуреттүү Кудайдын мага жекече кам көрөрүн билгенде ушунчалык таасирлендим»

[15-беттеги кутуча/сүрөт]

«Эң сонун рубрикалар үчүн силерге чоң ыракмат!»

Буга чейинки беттердеги өмүр баяндарды окудуңарбы? Алар «Күзөт мунарасына» 2008-жылдан бери чыгып келаткан элүүдөн ашуун өмүр баяндын экөө эле. «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген рубрика көптөрдүн купулуна толуп, алардын сүйүктүү рубрикасы болуп калды. Ал рубрика эмне үчүн көптөргө жакты?

Рубрикага чыккан өмүр баяндардан тек-жайы ар кандай адамдар жөнүндө окууга болот. Алардын айрымдары Жахаба Кудайды таанып-билгенге чейин жашоосунда көп ийгиликтерге жетишкен, бирок жашоонун маңызын таппай келишкен. Башкалары кыялы чорт, ачуусу чукул кишилер болгондуктан ошондой жаман сапаттары менен күрөшүп келишкен. Ошондой эле ичкилигин же баңгизатты таштай албай келгендер да болгон. Бул рубрикада Жахаба Кудай жөнүндө бала кезинен билип чоңойгон, бирок кийин Кудайдын жолунан чыгып кеткендердин да өмүр баяндары жазылган. Алардын өмүр баяндарынан көрүнүп тургандай, Кудайга жагуу үчүн өзгөрүлүү ар бир адамдын колунан келет. Жакшы жакка өзгөрүлүү дайыма пайда алып келет. Аталган рубрика окурмандарга кандай таасир этүүдө?

Бир окурман «Күзөт мунарасынын» 2009-жылдын 1-февралында чыккан санындагы бул рубрика түрмөдө отурган айрым аялдарга абдан жакшы жардам бергенин жазган.

▪ «Түрмөдө отургандардын көпчүлүгү рубрикада айтылган аялдардын башынан эмнелерди өткөргөндүгүн жакшы түшүнүшөт. Рубрикага чыккан адамдардын Жахаба Кудай жөнүндө билгенге чейинки жана билгенден кийинки сүрөттөрү, алардын кыскача таржымалы окурмандарга абдан кызыктуу болду. Анткени түрмөдө отургандардын көбү да мурун ошондой жаман иштерди кылып келишкен. Ал рубриканы окуп чыккандардын арасынан экөө Ыйык Китепти изилдей башташты» (С. У.).

Бул рубрикадагы айрым адамдардын өмүр баяндары окурмандарды абдан таасирленткен. Мисалы, «Күзөт мунарасынын» 2011-жылдын 1-апрелиндеги санына чыккан бул рубрикага Гвадалупе Виляриал деген кишинин өмүр баяны чыккан. Ал мурун гомосексуал болчу, бирок кийин өзгөрүп, Жахаба Кудайга кызмат кыла баштаган. Ошол макаланы окугандан кийин көптөр кат жазышкан. Алардын экөөнө көңүл бурсаңар.

▪ «Гвадалупенин өмүр баянын окуганда аябай таасирлендим. Жахаба Кудайдын адамдарга болгон сүйүүсү жана Ыйык Китеп адамды толугу менен өзгөртө аларын түшүндүм» (Л. Ф.).

▪ «Мурун бардык адамдарга, анын ичинде гомосексуалдарга да кабар айтчумун. Бирок кийинчерээк мен аларды киши катары көрбөй, атүгүл, аларга жологум келбей, качып калганымды байкадым. Бул макаланы окугандан кийин көз карашым такыр өзгөрдү. Мен андай адамдарга Жахаба Кудай карагандай караганга, аларды биздин келечектеги ишенимдештердей көрүүгө түрткү алдым» (М. К.).

«Күзөт мунарасынын» 2011-жылдын 1-августундагы санына чыккан Виктория Тонгдун өмүр баяны көптөрдүн жүрөгүн козгогон. Виктория бала кезинде кандай кордук көргөнүн айтып берген. Ал Жахаба Кудайга көптөгөн жылдар бою кызмат кылса да, Кудайдын аны сүйөрүнө шектенип келген. Рубрикада көз карашын өзгөртүүгө ага эмне түрткү бергени айтылат. Анын өмүр баянын окуган айрым адамдардын эмне дегенине көңүл бурсаңар.

▪ «Викториянын айтып бергендери жүрөгүмдү козгоду. Мен жашоодо көп жамандыкты баштан кечиргем. Өмүрүмдү Кудайга арнап, чөмүлтүлгөндөн кийин да жаман ойлордон арыла албай жүрдүм. Бирок Викториянын өмүр баянын окугандан кийин өзүмө Жахаба карагандай караганга үйрөнүү үчүн күч-аракет жумшоого түрткү алдым» (М. М.).

▪ «Жаш кезимде порнография көп көрчүмүн. Кийин ал адатым калган. Бирок жакында эле кайра көрө баштагам. Жыйналыштагы аксакалдарга жардам сурап кайрылып, ал адатымды акырындык менен таштап келе жатам. Аксакалдар Жахабанын мени сүйөрүнө, мага ырайым кыларына ынандырып келишет. Ошентсе да кээде: „Жахаба мени сүйбөйт, мен ага кызмат кылууга татыксызмын“,— деп ойлоно берем. Викториянын өмүр баянын окугандан кийин аябай жеңилдеп калдым. Жахабанын мени кечирерине шектенгеним анын Уулунун курмандыгы менин күнөөлөрүмдү жууй албайт дегенге барабар экенин түшүндүм. Өзүмдү татыксыз сезген учурларда окуп, ой жүгүртүп туруш үчүн анын өмүр баяны жазылган беттерди кесип алгам. Эң сонун рубрикалар үчүн силерге чоң ыракмат!» (Л. К.).