Байыркы убактагы жашоо. Балыкчылар
Байыркы убактагы жашоо. Балыкчылар
«Галилея деңизин бойлоп баратып ал [Иса пайгамбар] Петир деп да коюшкан Симонду жана анын бир тууганы Андрести көрдү. Балыкчы болгондуктан ал экөө деңизге тор салып жатышкан эле. Иса аларга: „Менин артыман жүргүлө, мен силерди адам уулоочу кылам“,— деди» (МАТАЙ 4:18, 19).
БАЛЫК, балыкчылар жана балык кармоо жөнүндө Инжилде көп айтылат. Иса пайгамбар да балык кармоого байланыштуу мисалдарды көп келтирчү. Себеп дегенде ал көбүнчө Галилея деңизинин жээгинде адамдарга Кудай жөнүндө кабар айтчу (Матай 4:13; 13:1, 2; Марк 3:7, 8). Көздүн жоосун алган ал деңиздин суусу тузсуз. Узундугу 21 километрге жакын, ал эми туурасы 11 жарым километрдей. Иса пайгамбардын шакирттеринин жетөө: Петир, Андрес, Жакан, Филип, Томас жана Натанаел балыкчы болушкан (Жакан 21:2, 3).
Ал учурдагы балыкчылар балыкты кантип кармашкан? Келгиле, бул тууралуу көбүрөөк билели. Бул бизге элчилердин эмгегин, Иса пайгамбар айткан мисалдарды жана анын айрым иш-аракетин жакшыраак түшүнгөнгө жардам берет. Адегенде Галилея деңизинде балык уулоо кандай болгонун карап көрөлү.
«Деңиз алай-дүлөй түшкөн»
Галилея деңизи ойдуң жерде, деңиз деңгээлинен 210 метрдей төмөн жайгашкан. Аны тоолор курчап турат, түндүк тарабында Матай 8:23—27).
болсо чокусу асман тиреген Ермон тоосу бар. Кышкысын муздак шамал аркырап ургандыктан, деңиз үстү тынчыбай толкуп турат. Жайкысын деңиз үстүнөн жылуу жел жортуп жүрөт. Кээде тоо тараптан деңизге алай-дүлөй түшүргөн шамал урганда, кемени коңторуп жиберчүдөй болгон киши бою менен тең толкундар биринин артынан бири түрүлөт. Бир жолу Иса пайгамбар шакирттери менен Галилея деңизинде сүзүп баратканда, ошондой катуу шамал болгон (Балыкчылардын кайыгынын узундугу сегиз жарым метрдей, туурасы эки жарым метрдей болчу. Кайыктардын көбүнүн парус бекитилчү мамысы жана арт жагында киши жата тургандай жайы боло турган (Марк 4:35—41). Андай кайыктар жай жүргөнү менен, бекем болгондуктан карама-каршы урган шамалга туруштук бере алчу, балык кармаган торду да тарта алчу.
Балыкчылар кайыкты эки тарабында орнотулган калактар менен башкарышчу. Адатта, бир кайыкта алты же жети киши болчу (Марк 1:20). Ошондой эле кайыкта зыгырдан жасалган парус 1), аркандар 2), калактар 3), таштан жасалган кеме казык 4), жылуу кийимдер 5), тамак-аш (Марк 8:14) 6), себеттер 7), жаздык (Марк 4:38) 8), тор 9) болгон. Андан сырткары, балыкчылар торго байланган калкыгычтарды 10), торду сууга чөктүрүш үчүн ага байланган салмактуу нерселерди 11), ар кандай аспаптарды 12), шаманаларды 13) ала жүрүшкөн.
«Алар... абдан көп балык кармашкан»
Бүгүнкү күндө, байыркы убактагыдай эле, Галилея деңизине куйган дарыялардын деңизге кошулган жеринде балык көп түшөт. Ал жерлерде балык жеген өсүмдүктөр көп болгондуктан, балык көп болот. Иса пайгамбардын убагында балыкчылар балык уулоого шаманаларды алып, көбүнчө түн ичинде чыгышчу. Бир жолу анын шакирттери түнү бою балык уулап, бир да балык кармай албай коюшкан. Бирок эртеси күнү алар Иса пайгамбардын айтканы боюнча торлорун кайра сууга салышканда, аябай көп балык кармагандыктан, кайыктары чөгө баштаган (Лука 5:6, 7).
Кээде балыкчылар балыкты деңиздин терең жерине чейин сүзүп барып кармашчу. Андайда эки кайыктагы балыкчылар биригип алып, тор салышчу. Алар торду эки кайыктын ортосуна таштап, балыкты курчагыдай кылып сүзүп жөнөшчү. Алар бири-бири менен жолукканда, балык торго түшүп калчу. Балыкчылар тордун учтарына байланган аркандар менен торду кайыкка тартып чыгарышчу. Узундугу отуз метр болгон, сууга эки жарым метрге чейин чөккөн тор менен аябай көп балык кармашчу. Торго калкыгычтар менен торду сууга чөктүргөн салмактуу нерселер
тагылчу. Балыкчылар торлорун сууга ар бир саат сайын салып турушчу.Тайыз жерде балык кармагандар башка ыкмаларды колдонушчу. Бир кайыктагы балыкчылар тордун бир учун алып, жээктен сууну көздөй сүзүп жөнөшчү. Кайра балыкты курчагыдай кылып жээкти көздөй артка сүзүп келишчү. Жээкте турган балыкчылар торду жээкке тартып чыгарышчу да, балыктарды сорттошчу. Алар жакшы балыктарды идиштерге салышчу. Айрым балыктарды тирүүлөй эле ошол жердеги адамдарга сатып жиберишчү. Ал эми балыктардын көбүн кургатып же туздап, чоподон жасалган идиштерге салышчу да, Иерусалимге же башка өлкөлөргө сатышчу. Сүзгүч канаттары же кабырчыктары жок балыктар таза эмес деп эсептелгендиктен аларды ыргытып салышчу (Лебилер 11:9—12). Иса пайгамбар «асман Падышалыгын» торго, ал эми ар кандай балыктарды жакшы жана жаман адамдарга салыштырып, балык кармоонун ушул ыкмасы жөнүндө айтып өткөн (Матай 13:47—50).
Өзү жалгыз балык кармаган киши учунда колодон жасалган илгичи бар кайырмакты же чакан торду колдончу. Ал сууну кечип барып, торду өйдө көздөй бийик ыргытчу. Томолоктолгон тор жайылып, суунун сүтүнө түшүп калчу да, чөгүп кетчү. Балыкчы тордун арканын тартып, торду суудан чыгарчу. Эгер тор балык көп жүргөн жерге түшкөн болсо, бир нече балык кармачу.
Торлор аябай кымбат турчу жана аларды жакшы урунуу оңой болгон эмес. Ошондуктан балыкчылар торлоруна аябай аяр мамиле кылышчу. Балыкчы балык уулоого чыгып келгенден кийин убактысынын көбүн торун оңдоп, жууп, кургатып өткөрчү (Лука 5:2). Иса пайгамбар элчи Жакып жана анын бир тууганы Жаканды өзү менен чогуу жүрүүгө чакырганда, алар торлорун оңдоп жатышкан эле (Марк 1:19).
Биринчи кылымда жашаган балыкчылар көбүнчө тилапия деп аталган балыктын түрүн кармашчу. Бул балыктын түрү Галилеяда жашагандардын көпчүлүгүнүн күнүмдүк жеген тамагы болчу. Иса пайгамбар балыктын ушундай түрүн көп жечү болушу керек. Ал керемет жасап, миңдеген адамдардын курсагын тойгузган эки балык туздалган же кургатылган болушу мүмкүн. (Матай 14:16, 17; Лука 24:41—43). Тилапия көп учурда баласын оозуна салып алып сүзүп жүрөт. Кээде оозуна шагыл же суунун түбүндө жаткан тыйынды салып алат (Матай 17:27).
Биринчи кылымдагы балыкчылар көп балык кармаш үчүн аябай чыдамкай, эмгекчил жана ар кандай кыйынчылыктарды көтөргөнгө даяр болушу керек болчу. Иса пайгамбардын шакирт даярдоого байланыштуу чакырыгын кабыл алгандар мыкты «адам уулоочу» болуш үчүн ошол убактагы балыкчылардай болушу керек (Матай 28:19, 20).
[19-беттеги сүрөт]
(Адабиятты карагыла)