Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Ысрайылдагы башкы дин кызматчынын төш жапкычындагы асыл таштар кайдан алынган?

Ысрайыл эли Мисирден чыгып, чөлгө барганда, Кудай аларга төш жапкыч жасоого буйрук берген (Чыгуу 28:15—21). Төш жапкычтын бетине рубин, топаз, зымырыт, бирюза, сапфир, яшма, лешем, агат, аметист, хризолит, оникс, жадеит жайгаштырылган *. Ысрайылдыктарда ушундай асыл таштар бар беле?

Байыркы убакта асыл таштар абдан бааланчу жана акча ордуна колдонулчу. Мисирликтер асыл таштарды алыскы өлкөлөрдөн: азыркы Иран, Афганстан, сыягы, Индия өлкөсүнөн да алып келишчү. Мисирдин өзүнөн да асыл таштын түрү чыкчу. Мисирдин башкаруучулары Мисирдеги асыл таш чыккан аймактардын баарына ээлик кылышчу. Байыркы убакта жашаган Аюп пайгамбар ошол учурдагы адамдардын жер астындагы өткөөлдөр аркылуу өтүп, кен издешкенин жазган. Аюп пайгамбар айтып өткөн жер астынан казылып алынган асыл таштардын арасында сапфир менен топаз да болгон (Аюп 28:1—11, 19).

Чыгуу китебинде ысрайылдыктардын Мисирден чыгып баратканда «мисирликтерди тоноп кетишкени» айтылат (Чыгуу 12:35, 36). Ошондуктан ысрайылдыктар башкы дин кызматчынын төш жапкычындагы асыл таштарды мисирликтерден алган деп божомолдоого болот.

Байыркы убакта эмне үчүн шарапты дарычылыкка колдонушчу?

Бир жолу Иса пайгамбар талап-тоноочулар сабап кеткен бир киши жөнүндө аңгеме айтып берген. Иса пайгамбар самариялык бир кишинин ошол сабалган кишинин «жарааттарына май менен шарап куюп», жарааттарын таңып, жардам көрсөткөнүн айткан (Лука 10:30—34). Элчи Пабыл Тиметей деген бир досуна: «Ашказаның ооругандыктан, көп сыркоолой бергендиктен суу эле иче бербе, аз-аздан шарап ичип тур»,— деп кеңеш кылган (1 Тиметей 5:23). Шараптын чынында эле дарычылык касиети бар беле?

Бир китепте шараптын «ооруну басары, микробдорду өлтүрөрү жана бардык дартка даба» экени айтылган («Ancient Wine»). Байыркы убакта Мисирде, Месопотамияда жана Сирияда шарап дарычылыкка кеңири колдонулчу. Дагы бир китепте адам баласынын шарапты «байыртадан бери эле дары катары колдонуп келишкени» айтылган («The Oxford Companion to Wine»). Ал эми элчи Пабылдын Тиметейге берген кеңеши тууралуу шараптын келип чыгышы жана тарыхы жөнүндө айтылган бир китепте мындай делген: «Изилдөөдөн белгилүү болгондой, шарап ич келтесин айыктырат жана адамдын ден соолугуна зыян келтирген дагы башка микробдорду дароо өлтүрөт» («Origins and Ancient History of Wine»). Азыркы учурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн шараптын курамына кирген 500дөн ашуун бирикмелердин айрымдары ошондой касиетке ээ экенин жана шараптын дагы башка көп дарычылык касиети бар экени далилденди.

[Шилтеме]

^ 3-абз. Бул асыл таштардын азыркы учурда кандай аталары белгисиз.

[26-беттеги сүрөт]

Жүзүм терип жаткан дыйкандар, фивыдагы (мисир) накттын мүрзөсүндөгү сүрөт

[Уруксат менен коюлган сүрөт]

Gianni Dagli Orti/The Art Archive at Art Resource, NY