Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакында боло турган кереметтер

Жакында боло турган кереметтер

Жакында боло турган кереметтер

СИЛЕР операция болгону жатасыңар дейли. Аны жасай турган хирургдун эч качан андай операция жасап көрбөгөнүн билсеңер, кандай сезимде болот элеңер? Албетте, коркмоксуңар. Ал эми силерге операция жасай турган хирургдун тажрыйбалуу экенин жана буга чейин андай операциялардын далайын жасаганын билсеңерчи? Анын операцияны жакшы жасай аларына ишенет белеңер?

Биз жашап жаткан азыркы дүйнө каймана мааниде ооруп, операцияга муктаж болуп турат. Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын жер бетин бейишке айлантам деген убадасы жазылган (2 Петир 3:13). Ал үчүн алгач дүйнөдөгү жамандык түп-тамыры менен жок кылынышы керек (Забур 37:9—11; Накыл сөздөр 2:21, 22). Ошондой эле адам баласын азапка салган нерселердин баары жок болушу керек. Ушулардын баары ишке ашканда, чынында эле керемет болот! (Аян 21:4, 5).

Жахабанын Күбөлөрү жакында жашоо түп-тамыры менен өзгөрөрүнө ишенишет. Эмне себептен?

Кудай буга чейин көптөгөн кереметтерди жасап келген. Бул болсо анын берген убадаларын сөзсүз аткарарын көрсөтүп турат. Келгиле, Ыйык Китепте жазылган 6 кереметти жана жакында ишке аша турган Кудайдын убадаларын карап көрөлү.

Мындан ары да Ыйык Китептен Кудайдын келечекке байланыштуу убадалары жөнүндө биле бергиле. Билим алуунун аркасында ишенимиңер бекемделип, келечекке үмүт менен карайсыңар. Тактап айтканда, Жахаба Кудай өзүнүн убадаларын аткара турган убакта жашай аларыңарга үмүттөнө аласыңар.

[9-беттеги кутуча/сүрөт]

КЕРЕМЕТ:

ИСА ПАЙГАМБАР БИР НЕЧЕ НАН ЖАНА БАЛЫК МЕНЕН МИҢДЕГЕН АДАМДАРДЫ ТОЙГУЗГАН (МАТАЙ 14:13—21; МАРК 8:1—9; ЖАКАН 6:1—14).

КУДАЙДЫН УБАДАСЫ:

«Жер өз жемишин берет, Кудай, биздин Кудай, батасын берет» (ЗАБУР 67:6).

МААНИСИ:

ЭЧ КИМ АЧКАЧЫЛЫКТЫН АЗАБЫН ТАРТПАЙТ.

КЕРЕМЕТ:

ИСА ПАЙГАМБАР СОКУРЛАРДЫН КӨЗҮН АЧКАН (МАТАЙ 9:27—31; МАРК 8:22—26).

КУДАЙДЫН УБАДАСЫ:

«Сокурлардын көзү ачылат» (ЫШАЯ 35:5).

МААНИСИ:

СОКУРЛАРДЫН БААРЫ КӨРӨТ.

КЕРЕМЕТ:

ИСА ПАЙГАМБАР МАЙЫПТАРДЫ АЙЫКТЫРГАН (МАТАЙ 11:5, 6; ЖАКАН 5:3—9).

КУДАЙДЫН УБАДАСЫ:

«Аксак бугудай секирет» (ЫШАЯ 35:6).

МААНИСИ:

МАЙЫПТАРДЫН БААРЫ АЙЫГАТ.

КЕРЕМЕТ:

ИСА ПАЙГАМБАР АР КАНДАЙ ООРУЛАРДЫ АЙЫКТЫРГАН (МАРК 1:32—34; ЛУКА 4:40).

КУДАЙДЫН УБАДАСЫ:

«Тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт» (ЫШАЯ 33:24).

МААНИСИ:

ООРУНУН БҮТ ТҮРҮ ЖОК БОЛОТ. АДАМДАРДЫН ДЕН СООЛУГУ ЧЫҢ БОЛОТ.

КЕРЕМЕТ:

ИСА ПАЙГАМБАР ТАБИЯТ КҮЧТӨРҮН БАШКАРГАН (МАТАЙ 8:23—27; ЛУКА 8:22—25).

КУДАЙДЫН УБАДАСЫ:

«Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар куру бекер эмгектенишпейт» (ЫШАЯ 65:21, 23).

«Менин элим бейпил жерде, коопсуздук өкүм сүргөн турак жайларда, тынч жерлерде жашайт» (ЫШАЯ 32:18).

МААНИСИ:

ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАР БОЛБОЙТ.

КЕРЕМЕТ:

ИСА ПАЙГАМБАР ӨЛГӨНДӨРДҮ ТИРИЛТКЕН (МАТАЙ 9:18—26; ЛУКА 7:11—17).

КУДАЙДЫН УБАДАСЫ:

«Мүрзөлөрдө жаткандардын баары... мүрзөдөн чыгышат» (ЖАКАН 5:28, 29).

«Деңиз өзүндөгү өлүктөрдү кайрып берди, өлүм менен көр да өздөрүндөгү өлүктөрдү кайрып берди» (АЯН 20:13).

МААНИСИ:

КӨЗҮ ӨТҮП КЕТКЕН ЖАКЫНДАРЫБЫЗ ТИРИЛЕТ.